Страна : Кыргызстан
Работаю в сфере информационных технологий. Творчеством начал заниматься с рождением ребенка. Много приходилось сочинять рассказов, чтобы было интересно ему. Сейчас ему уже 9 лет и уже меньше начал интересоваться моим творчеством. Но в прошлом году в нашей семье случилось радостное событие и родился второй сын и уже в скором времени возможно придется опять много сочинять.
Country: Kyrgyzstan
Отрывок из детского рассказа “Мышык жана аюу”
Аюу жана мышык
Күндөрдүн бир күнүндө, айлардын бир айнында мышык ойлоно баштайт. Ары ойлонуп бери ойлонуп, акыры аюуга келет. «Аюу, аюу, биз ушул токойдо кечке эле жашай беребизби? Талаага деле барып жашап корбойлүбү?» — дейт экен.
Аюу башын тырмап, бирок макул болуп, талаага барып жашап калышат. Бир кезде талаада жаан-чачын, бороон чапкын боло баштайт. Аюу менен мышык коргонойун десе бак-дарактар жок, кирейин десе экоо баткандай уя жок. Эптеп алмак салмак бир уяга жашынып, башы батса буту батпай, суу болуп ушушот. Айла кетип ошентип жашап жүрүп, акыры көнүп калышат ошондой жашоого, мурунку жашаган жерин унутуп да калышат.
Бир күнү мышык кайра ойлоно баштайт. Ойлонуп, ойлонуп аюуга келет: «Аюу, аюу ушул жерде жашай беребизби? Тоого барып жашап корбойлубу?» — деп аюууну ойлондурат. Аюу көп ойлонбой макул болуп экөөлөп тоого көчүп кетишет.
Тоого барса асканын боорунда үнкүр бар экен. Ошол үнкүрдү үй кылып, жаан-чачындан жашынып: «Жыргал жашоо ушул экен» — деп, жашап калышат. Бирок үнкүрдөн чыкса башка жаныбар аз, анда санда карышкыр чуркап өтөт, ал же суроо жоопко жакшылап келбей эле буркулдап, бир нерсе деп, өтөт улам. Башка жаныбарлар да сууга барабыз деп ойго түшүп, тамак табабыз деп тоо тоолоп, көп созго келбей эле ары бери чуркашат. Аюу менен мышык ал жерге да көнүп, көп даттанбай, эски жашаган жерлерин унунтуп жашап калышат.
Бир куну, демейдегиден катуу бороон болуп, таш аралашып көчкү түшүп, сел жүрүп, үнкүрүн каптамай болгондо, аюу менен мышык качып жөнөшөт тоодон ылдый. Качып барып тоонун этегинен бир токойго кире качышат. Бак арасына жашынып боорондун бүтүшүн күтүшөт.
Бороон бүткөндө экөө айланасын карай башташат. Айланасын караса чымчык сайрап, гул жайнап, жаныбарлар күлмүндөп, айлана чөйрө жаркыраган бир кооз бир жерге келип калганын көрүшөт. «Биз бейишке туш болгонбузбу?» — деп экөө танданып эки жакты карайт. Бираз араласа экөө тен баткыдай, кенен, жылуу уя да таап алат. «Биз көптөн бери издеген, бейиштин төрүндөй болгон жерди эми тапкан турбайбызбы!» — деп уясын жыйнактап жашаганга даярданышат. Ошол убакта уясынын эшигин бирөө тыкылдатат. «Бул ким болду экен? Биз көрбөгөн жаныбарбы? Доспу же душманбы?» — деп акырын эшике баш багышат. Караса алдыларында кирпи турган экен: «Ой, кошуналар, кандайсынар? Канча убак өттү силер талаага жашайм деп кеткенден бери, бардыгыбыз силерди сагынып да кеттик» — дейт. Ошондо, айланып өз үйүнө келгенин билип, аюу менен мышык, баштарын тырмап, ичтеринен күлүшүп, сыртынан шек бербей жыргап куунап жашап калышат…
Бардыгынын башында
Бейиши бар кашында
Көрүш үчүн бейишти
Көрүш керек сегизин
Башкалардын бейишин …
(3 оценок, среднее: 4,00 из 5)