Страна :Кыргызстан
Он родился в 1950 году в селе Сару Джеты-Огузского района Иссык-Кульской области, Кыргызской Республике. Он инвалид с детства первой группы, в связи с этим он не смог ходить в школу и получить образование как все дети. С четырнадцати лет он начал самостоятельно усвоить азбуку, научиться писать с больной рукой. Позже он пытался написать маленькие корреспонденции, и они начали появляться на страницах районной, а потом и областной газете. С семидесятого года пробовал писать и художественные произведения: с начала стихи, потом и прозы. Настоящее время у него опубликовано 15 книг (из них 3 роман, 2 перевод). Недавно в издательство «Улуу Тоолор» вышло его 10 томные книги.
Небольшой сборник стихов М. Сатыбалдиева «Цветы урюка» в 1989 году было опубликован в Улан-Баторе на монгольском языке. В 1995 году при помощи международной благотворительной организации его стихотворный сборник «Живи, Нооруз» был опубликован в Дублине на английском языке. Кроме этих, некоторые его произведении были переведены на русском, турецком, польском, казахском, таджикском, узбекском, испанском, непальском, китайском, греческом, монгольском, английском, сербском, боснийском, хорватском, азербайджанском, словенском, арабском, немецком языках, на языке хинди, маратхи.
М. Сатыбалдиев несмотря на то, что он не имеет не только высшее, но и даже первоклассные образование, около 11 лет работал в разных редакциях газет: с начала печатал нам машинке, потом корреспондентом, литсотрудником, переводчиком, зам. редактором газеты «Ысык-Көл үнү», в 2000 году работал редактором издательства «Бийиктик» в Бишкеке.
Кроме творческих работ, он работает с рукописями книг других авторов, редактируют, пишет для них заголовки, готовит для печати. До сегодняшнего дня под его редактировании опубликованы 137 книг.
М. Сатыбалдиев член Национального союза Писателей Кыргызской Республики. Он награжден медалью национальной комиссией по языке при Президенте Кыргызской Республике, имеет звание «Почетный гражданин села Саруу», лауреат литературной премии «Золотое перо», имеет множество Почетных грамот. Недавно его приняли в Союз Писателей России и за лучшие переводы С. Есенина на кыргызский язык наградили «Есенинской золотой медалью». А также его приняли членом «Международной академии русской словесности».
М. Сатыбалдиев с 1989 года живет в двух комнатной квартире второго этажа городе Каракол, передвигается на коляске. Он семьянин, имеет семеро детей и шесть внуков и внучки. Получает пособии по инвалидности 6000 сом (72 доллара).
Country : Kyrgyzstan
«MUSAKUN ASANGULOVICH SATYBALDIEV» He was born in 1950 in the village of Saru, Djety-Oguz region, Issyk-Kul region, Kyrgyz Republic. He has been disabled since childhood of the first group, so he could not go to school and get an education like all children. From the age of fourteen, he began to independently learn the alphabet, learn to write with a sore hand. Later he tried to write small correspondence, and they began to appear on the pages of the district, and then the regional newspaper. Since the seventieth year, he tried to write works of art: from the beginning, poetry, then prose. Currently, he has published 15 books (of which 3 novels, 2 translations). Recently, the publishing house «Uluu Toolor» published his 10 volume books. A small collection of poems by M. Satybaldiev «Apricot Flowers» in 1989 was published in Ulan Bator in the Mongolian language. In 1995, with the help of an international charitable organization, his collection of poems «Live Nooruz» was published in Dublin in English. In addition to these, some of his works have been translated into Russian, Turkish, Kazakh, Tajik, Uzbek, Spanish, Nepali, Chinese, Greek, Mongolian, English, Serbian, Bosnian, Slovenian, and Hindi. M. Satybaldiev, despite the fact that he does not have not only higher, but even first-class education, for about 11 years he worked in different editorial offices of newspapers: from the beginning he typed for us, then as a correspondent, literary officer, translator, deputy. editor of the newspaper «Ysyk-Kul үnu», in 2000 he worked as editor of the publishing house «Biyiktik» in Bishkek. In addition to creative works, he works with manuscripts of books by other authors, edits, writes titles for them, prepares for publication. To date, 137 books have been published under his editing. M. Satybaldiev is a member of the National Union of Writers of the Kyrgyz Republic. He was awarded a medal by the National Language Commission under the President of the Kyrgyz Republic, has the title of «Honorary Citizen of the village of Saruu», laureate of the literary prize «Golden Pen», has many certificates of honor. Recently he was admitted to the Union of Writers of Russia and was awarded the Yesenin Gold Medal for the best translations of Sergei Yesenin into Kyrgyz. And he was also accepted as a member of the International Academy of Russian Literature. M. Satybaldiev has been living in a two-room apartment on the second floor in the city of Karakol since 1989, moving in a wheelchair. He is a family man with seven children and six grandchildren and granddaughters. Receives disability benefits 6,000 som (72 dollars).
Отрывок из рассказа “Оюнчук”
…Негедир ал салмаксыздык дүйнөсүндө басып бараткандай, көпөлөктөй жеңил кетип баратты. Ушундан уламбы, көңүлүнө да канат бүткөндөй алып-учуп, жүрөгүндө белгисиз бир кубанычтын, шаттыктын көз мончоктой көлү толкуп, анын бак-даракка чулганган бейиштей жээгинде миң түркүм куштар сайраң куруп жаткансыды. Алардын шаңынан турмуштун, жашоонун абыгерчилиги, өмүрдүн көөдөндөн ныгырган көйгөйү кайдадыр алыс качып, оолактап турат. Ошо жашоо менен өмүр деген улуулуктун күлкүсү кулагына мөлтүр булактын шылдырындай угулат. Анткен сайын алга умтулуп, өрөпкүй жөнөйт. Кайдан чыкканы, эми кай тарапка баратканы деле оюна келбеди. Эмне максаты бар экенин эстегиси да келген жок. Бул азыр маанисиз эле. Жөн гана ушул калдыркандын канатындай үлбүрөгөн жан жыргаткан кереметтүү абалдан ажырабай, анын ажайып дүйнөсүндө калкып кете бергиси келди. Кете берди, кете берди…
Ал эми сапар арычудай эмес. Башаты менен аягы жок кудум мезгилдин өзүндөй. Таман алдындагы жол да бөтөнчө экен. Тасма сымал түздүккө созулуп, көз мелжитет. Ушинтип барып, чексиз асмандын өзүнө барып туташып калгандай. Муну далилдеп жаткансып, барган сайын асман да жакындап келаткан сыяктанат. Кебез үстүндө бараткан сымал, кадамдардын кымындай дабышы угулбайт. Ал муну эми гана сезди. Эңкейе берип, алдында мелтиреп жаткан кенен жолго көз чаптырды. Тигил жагы тээ алда кайда созулуп барып, горизонтко сиңип кеткен экен. Көз талыта карап туруп, арт жагына кылчайды. Эми эле басып өткөн жолу коюу туманга жутулгандай мунарыктап, көрүнбөй калган. Буга биресе таң калып, биресе кооптонуп, жүрөгү опкоолжуй түштү. Чочуган тейден шарт алдыга умтулду, ушу коркунучтан заматта алыстап кетүүнү самады. Көз чалкыган мейкиндикке чакырып, жайылып жаткан апакай жолго бет бурду. Көңүлү кайра жайына келгенин сезди, салып-уруп жөнөдү.
Дагы сапарын канча улантканын ким билсин, бир оокумда тык токтоду. Мурда да бул жолдон өткөн. Ооба, эстеди, дал ушундай, азыркы өзү түшүнө албаган ырахат көлкүгөн сезимдин толкунунда чабак уруу менен өткөн. Бирок, качан, анан анын акыры эмне менен бүткөнүн түк эстей албады. Чекесин тырыштыра кармап, канчалык аракет кылса да, болбоду. Эстутумунун ошол жери шарт кесилип ташталган сыяктуу эч нерсе жок. Ордунда катып турду. Мезгил да жарга такалып, токтоп калгандай. Анан буттары акырындык менен жолго чөгүп баратканын сезди. Бир нече кадам алга чуркады, мунусунан майнап чыкпады. Барган сайын буттары кебезге терең чөккөнсүй берди. Алды жагындагы жолдун кулачтай жери заматта оңурайып, ачыла берди. Ал боюн токтотууга үлгүрбөй калды. Оюкка кулап баратып, анын жээгин кармап калууга жанталашты, бирок, колу эч нерсеге урунган жок. Булутка чабылгандай болду. Эми ал көз жетпеген бийиктиктен парашютсуз секирген адамдай, шамал жиреп, төмөн кулап жөнөдү. Жер көрүнбөйт, балким, ушунчалык бийиктир? Ал үнүнүн жетишинче: «Аа-ааа-аааа…» деп кыйкырып жиберди.
Кызуу уйкунун кучагында жаткан келин чочуп ойгонуп, жанындагы күйөөсүн ийнинен катуу түрттү:
— Ой, эмне болду сага? Аюудай айкырып, жүрөктү түшүрдүң го?
Эпкин сууга тумчуккан адамдай оор демигип, тура калды. Бүткөн бою терге чыланып, денеси титиреп атты. Үрөй учурган түштүн таасиринен арыла албай, билинер-билинбес жарыктын үзүрү түшүп турган үйдүн ичин айланта карады. Катарында соксоюп отурган аялын көрүп, мунун жөн гана түш экенине ынана, санаасы тына түшкөнсүдү.
— Ботом, ушунча да кыйкырасыңбы? Эмнеден корктуң, же шуркуяларың чогулуп алып, туш-туштан муунтуп кириштиби? — Аял кекээрлүү үнү менен басым кое сурады. «Мунун жөн сурачу күнү болобу, деги», деген ой көңүлүнө тык этти, кыжыры келе түштү. Муштуму түйүлүп, тумшуктан ары берип калайын деген ниетке багынып барып, кайра тартты.
— Жаагыңды бас! — Ал өктөм унчукту.
— Демек, чын экен да.
— Эй, бас жаагыңды деп жатам! — Ордунан жаалдана тура калды. Жадегенде ушу көргөн түштөн да кыйкым таап, болбогон жерден жинине тийген келинчегин жекий карады. Мунусу караңгыда көрүнбөсө да, тигинин мизи кайта түштү. Үнүн пас чыгарды:
— Жаман түш көрдүңбү?
— Ай, болбогон нерсе…
Эпкин ордунан туруп, кийинбестен ашканага чыкты. Муздаткычтан суусундук алып ичип, тамак ичкен чоң столго эки чыканагын жөлөй, отургучка көчүк басты. Эки колу менен башын басып, эмелеки көргөн түшүн кайрадан көз алдына келтирди. Анын эмнени шоораттап жатканын ой элегинен өткөрүп, бирок, түшүнө албаса да, көөдөнүндөгү бир түпөйүлдүктөн ажырай албай атты. Негизи ал борбор калаада туулуп-өсүп, бардар үй-бүлөдө тарбияланып, орто мектепти да, жогорку окуу жайын да орус тилинде бүткөндүктөн, улуттук салт-санаадан алыс, орус мүнөз жигит эле. Андыктан элдик ырым-жырымга, үрп-адатка көңүл бура берчү эмес. Ушундан улам көргөн түштөрү да ак таңда сөнүп кеткен сары жылдыздай эсинен чыгып кете турган. Негедир бу сапар андай болбоду, көз алдына улам тартылып, дале туңгуюкка тынымсыз кулап бараткандай сезиле берди.
Адатта, колунда наны бар бала сүйгүнчүктүү эмеспи. Анын сыңарындай, Эпкиндин атасы Бектурсун мамлекеттик чоң кызматтардын биринин тактысында очоюп отургандыктан, балдарынын бардыгын жогорку билимдүү кылып, май-талканы арбын кызмат орундарына жайгаштырган. Бир гана кичүү уулу Эпкин өз билгенин бербей, юридикалык академияны кызыл диплом менен бүтүргөнүнө карабастан, Жогорку соттун аппаратынан таап койгон кызмат ордунан баш тартып, кайдагы бир гезитке, болгондо да катардагы салпайган кабарчы катары ишке кирип алышы Бектурсундун жанын кашайтып, түгүн бетине чыгарган. Журналист деген кесип да кесиппи, тандаган кесибин кара, иттин баласы. Бул кесипти аркалаган киши да кишиби? Же кадыр-баркы болбосо, же очойто тапкан маянасы болбосо. Гезит бетине чыккан алакандай макаласынын эмнесине кызыгат, эмнесине азгырылат? Ит кечпей чыгып жаткан гезиттерди азыр ким колуна алып, ким окуйт? Ал бүгүн бар да, эртең жок эмеспи. Муну эмне үчүн анын билгиси, түшүнгүсү келбейт? А түшүндүрүүгө канча жан үрөдү, кашайып өз оюнан кайтпады. Журналистиканы жакшы көрөт, бала кезинен журналист болууну эңсейт имиш, дөңбаш. Акыры «башың — баш, багалчагың — кара таш» деп өз жайына коюуга аргасыз болгон. Балким, анын да бир билгени бардыр, деп өзүн-өзү алаксытымыш этип, жөн болгон.
* * *
Ар бир таштын өз салмагы, бирине экинчиси окшобогон өзгөчөлүгү бар. Ошого жараша орду да бар. Муну Эпкин чаң-будуңу чыккан кийинки заманда козу карындай жамыраган сансыз гезиттердин биринин босогосун аттап кирип, кабарчылык орунга отуруп, анын жүгүнүн бир бурчу ийнине түшкөндө сезди. Мурда гезит бетинде жазган макалаларынын байма-бай чыгып, эл талашып окуса экен деген ак эткенден так эткен тилек менен жашай турган. Бирок, мезгил өткөн сайын, ал тилегинин бажырайып ачылган гүлдөрү күбүлүп түшүп, көсөөнүн сакалындай бирин-сериндеп барат. Көрсө, гезиттин, дегеле басма сөз каражаттарынын кадыр-баркы түшүп, андагы жазылгандарга элдин кызыгуусу, ишеничи пастап калган мезгилге туш келиппиз. Антсе деле, ошо гезит аттулардын жамааты тырмалаңдап, жашап кетүүнүн көйгөйүндө чуркап жүрүшөт. Алардын арасында — Эпкин да бар, албетте.
Түш ооп калган. Кирип-чыккандардын аягы суюлуп, ал иштеген бөлмөнүн ичи тынч. Мында болгону үч кишинин орду бар. Компьютер баскан келиндин орду көбүнчөсү бош калат, эртең менен куурчактай боенуп, килеңдеген төшүнүн жарымын көрсөтө бир көрүнүп, жарым, же бир саат отурат да, анан жылт коет. Анткени тиги экөөнүн алдында өздөрүнүн компьютерлери бар. Макалаларын өздөрү жазышат.
Эпкин эми эле басмаканадан алып келген гезиттин жаңы санын барактап отурду. Жетинчи беттеги өзүнүн жолду оңдоо иштери боюнча жазган макаласынын кыйла жерин кыскартып салыптыр. Редактордун кылганы, кыжыры келе түштү, эмне үчүн мынчалык кастарын тигип калганын түшүнө албайт, балким, ичкүйдүлүк кылып жүрбөсүн деген ой көңүлүнө тык эте түштү, бирок, анын ойсураткан кайсы ишине, кыйраткан кандай макаласына деген экинчи бир ой тигил оюн басып кетти. Ички туюмунда муну өзү деле жок дей албайт, ушундан улам жели бошой түшкөнсүдү. Колундагысын кайдыгер таштап койду да, ордунан турду. Көчөгө басып кеткиси келди. Ушул учурда телефон шыңгырап калды. Катарында отурган күрсүйгөн жигит ага карап, ал дегендей башын ийкеп койду.
— Да, угуп атам.
— Эпкин, кирип кетчи. — Редактордун үнү, жооп бергенче трубканы шарт таштап койду.
Акылбүбү аны бет маңдайына отургузуп, маанилүү бир нерсе айтмакчы болгон кишидей, көңүл кое карады. Чекеси тырышып, олуттуу түрдө саамга унчукпай отурду. Анан алдындагы кагазды аны көздөй жылдырып койду. Анда борбор калаадагы майып адамдар башпаанек кыла турган мекемедеги дарыгерлердин оройлугу, жетекчилеринин кайдыгер мамилелери тууралуу тартаңдаган кол менен жазылган кыска кат экен бар. Анча деле сабаты ачыла бербеген адам жазган окшойт, маанисине араң түшүндү.
— Ушуга ишенүүгө болобу? — Ал редакторго суроолуу карады.
— Муну ошо жерде жашаган адамдын жакындарынын бири алып келди, эмнеси болсо да барып, жеринде текшерип көрүү керек. Балим, муну жазган кишинин эң акыркы үмүтү бизде калгандыр, ошондуктан жөн жеринен жазбагандыр. Канткенде да биз, журналисттер, адамдын ишенимине кыянаттык кылбашыбыз керек. Бул ишти сага тапшырам, маанилүү ишти аткарууга убактың жетти, Эпкин. Кат жазган киши аты-жөнүн ачык айта албаса керек, аны да түшүнүүгө болот, аны таап көзмө-көз сүйлөш.
— Бизде ушундай мекемелердин бар экенин укпаптырмын. — Эпкин жөнсалды гана сүйлөп койду. Акылбүбү аны таң кала карады да, мыйыгынан жылмая башын акырын чайкап койду.
— Көргөнүңдөн көрө элегиң көп дечү беле, турмушта, адам жашооосунда ар кандай шарт, түркүн тагдырлар болот.
Бу адам пендеси дегеле бир нерсеге ыраазы болуп, көңүлү тое жадырап жүрө турган жаныбар эмес окшойт, жарыктык. Качан болсо наалыган жандар. Турмуштун оордугуна, жашоонун кыйындыгына, жетишпестикке наалышат. Жада калса кошунасы эки кабат заңгыраган там салса да, бул мамлекетти жеп-түгөтүп бүттү деп наалыйт. Кудайга шүгүр, деген менен акырындап элдин жашоо-турмушу жакшырып баратканын тануу кыйын. Мурда көрбөгөн сонун имараттар салынып, борбор калаа көрктөнүп барат. Ар бир көчөсүндө түркүн машиналар жайнап, жолдо жүрүү да кыйын, тыгын деген балекети шайды кетирет десең. Балким, ушунун өзү да эл турмушунун оңолушунун бир белгисидир. Болгону жолдорду кеңитип, жол кыймылын өз деңгээлине жеткирип койсо эле бул маселе чечилеттир? Ким билет, бир мезгилде бизде деле Кытайдагыдай, же Жапондогудай катар-катар жолдор пайда болуп, жол тыгыны деген нерседен биротоло арыларбыз?
Өз ою менен алек болуп келаткан Эпкин алдыдагы машинанын каптал жагынан чыга калган коляскачан жигитти койдуруп ала жаздады. Оң тарапка ойт бере бурулбаганда тигил оңбой калат беле. Андан качам деп, капталдагы машинанын күзгүсүн өзүнүкү менен кошо талкалады. Кийинки кездери калаанын көчөлөрүндө ушундай адамдардын көбүрөөк жүргөндөрүн көрө турган. Алар машиналар арбын жүрө турган жолдордогу жолчырактардын тушуна туруп алышып, токтогон машиналардан кайыр сурашат. Береби-бербейби, машина уруп кетеби-кетпейби, иштери жок. Кымгуут түшкөн машиналарды аралап жүрө беришет. Өткөндө ушундай жигиттердин бири машинага урунуп набыт болгонун уккан эле. Балким, бул алардын жашоо үчүн болгон күрөштүн акыркы аргасы чыгар…
Чакан калаанын сырт жагынан орун алган үч кабат эски имаратка киргенде эле аны негедир жагымсыз сезим ээлеп алды. Анча кенен эмес күңүрт залда үлүлдү элестеткен коляскачан адамдар акырын жылып, дале тирүү экендиктерин далилдешкендей. Алардын ар бири чоочун жигитке тигиле, менин тууганымдан, же таанышымдан болбоду бекен, дегендей үмүт менен карашат. Айрымдары токтоп, арык, эби-сыны жок колдорун да сунуп жиберишти, бул учурашкандары окшойт. Кээ бири сүйлөшкүсү келип, бир нерселерди айтып калууга да үлгүрдү. Дагы бирлери мостоюп, тирүүлүктүн абыгерчилигинен биротоло түңүлүп койгон жандай муздап отурат. Ошол муздактык Эпкиндин жүрөгүнө билинбей агылып кирген сымал, өзүнчө ичиркенип кетти. Денеге эмес, жүрөккө тийген муздактык анын бүт жан дүйнөсүн чулгап алчудай сезимден чочуй түштү. Жашоодо деги эле ушундай адамдардын бар экени жөнүндө мурда ойлогон эмес экен. Алардан качкандай тез-тез басып, директордун кабинетине шашыла кирип кетти…
* * *
Адатта алыстан жылдыздар бири-бирине окшош көрүнөт. Бирок, ар биринин өз көлөмү, өз артыкчылыгы бар. Ошо сыяктуу эле жер жүзүндө канча адам болсо, ошончо мүнөз, ошончо кыял-жорук, ошончо тагдыр бар. Алардын арасынан жалаң гана өксүгүн, зарын, шорун, арманын, ыйын чогултуп келип, мына ушул көзгө комсоо көрүнгөн эски имаратка төгүп таштагандай сезилди ага. Чынында бул жер ал үчүн чоочун, бейтааныш дүйнө эле. Ар бир бөлмөгө кирип, андагы жашаган адамдарды көрүп, алар менен сүйлөшкөн сайын ошо нерселер жонундагы куржунга түшө бергендей салмактанып баратты. Жүрөгү билинбей сыздап, каңырыгы түтөдү, көзүнө жылуу жаш айланды. Буга өзү таң кала түштү. Капысынан «мен деле ыйлай алат турбаймбы» деген кызыктай ой көөдөнүнө тык этти. Анткени ал кандай абалга туш келсе да, жаны кыйналып кеткенде да ыйлачу эмес, акыркы жолу качан ыйлаганы да эсинде жок.
Мындан аркы бөлмөлөргө киргиси келбеди. Жана эле колундагы катты жазган киши менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин кете берсе болмок. Негизи, ал кишинин айткандарында деле чындыктын кыйла үлүшү бар эле. Ал киши китепканага чогулган бир топ адамдардын арасында өзүнүн билгендерин тартынбай, ачык айтып берди, ага кошулган, кошулбагандар да болду. Ошо сөздөрдү бышыктай турган жүйөөлүү себептерди табууга Эпкин кыйла аракет кылды. Акырында Акылбүбү ага кайрылды:
— Иним, менимче сен мындай жерге алгач келип атасың го. Тирүүлүктө өзүң көргөндөй тагдырларга туш болгон адамдар да, тилекке каршы, бар. Мынча болду, эми биздин башка жашоочуларыбыз менен да тааныша кет. Алар бир ооз жылуу сөзгө, жакшы мамилеге суусап турушат. Өздөрү да кызык нерселерди айтып беришет.
Жетекчинин мындай сунушуна көңүлү чаппай турса да, терс бурулуп, терсаяк жигит экенин көрсөткүсү келбеди. Башкы медайым Атыркүлдүн коштоосунда бир нече бөлмөгө баш багып, андагы жашоочулар менен таанышты, айрымдарына суроо узатып, жооп алды. Бир карыя керебетинен тура албаганы менен, көңүлдүү сүйлөп, азил аралаштыра күлдүрүп да өттү. Кезегинде драма театрында иштеп, кыргыз кыйырын түгөл кыдырып чыкканын да унуткан жок. Анын чүңүрөйүп, ары кирип кеткен көздөрүндө сыймыктануу да, ичтен өксүгөн арман да жылт эте сезилип турду. Эпкин ичинен «кайраттуу киши экен» деп ойлоду анын бырышкан колдорун кыса кармап, коштошуп жатып.
Жигит ушуну менен бүтүп, эшикке чыгууну көздөп баратканда Атыргүл алдыга озуна чыгып, дагы бир бөлмөнүн эшигин ачты. Мында токсон жетиге барып калган чүкөдөй кемпир — Айшакан эне жаткан. Башын бийиктете жаздык коюп, ак шейшеп капталган калың плет менен жаап коюшуптур. Шоролонгон, курчу кайткан көздөрү менен терезеден көрүнгөн асмандын бир тилкесин кыймылсыз карап жаткан эле. Дем алганы, же албаганы билинбейт. Кирип келгендерге көңүл да бурбады, балким, алардын дабыштарын укпадыбы. Бир нече күндөн бери ушу калыбында наар сызбай жатат. Болгону медайымдар кашык менен оозуна тамызган жылымык сорпону, же сууну кылк эттире жутуп коет да, кайра башын буруп, терезени, андан көрүнгөн бир келки асманды карайт. Уктаганы, же уктабаганы билинбейт. Аты жаман дарт менен кызыл өңгөчүнөн ооругандыктан кекиртегинен ныпым тамак өтпөйт. Териси менен эле катыңкы сөөгү калган бу кемпирге Атыркүлдүн эмне үчүн ээрчитип келгенине түшүнө албаган жигит ага үнсүз суроолуу көз чаптырды. Билбейм, деген таризде ийнин кушуруп койду да, төшөктүн жакасын акырын ача берип кемпирдин шилбийип катмарланган колун кармады:
— Эне, кандайсыз, жакшысызбы?
Кемпир кыйлага мелтиреп, эч нерсени сезбеген жандай жата берди. Балким, бүтүндөй ой-кыялы асмандын тетиги бир тилимине сиңип кеткен өзүнүн жакшы мезгилин, жаштык күндөрүн тирмийип издеп жаткандыр? Кокустан анысын таап алып, адамдар менен Кудайга да керексиз болуп калган денесин таштап салып, ошо жакта сайраңдап жүргөндүр, көлкүлдөгөн көйгөйгө толгон бу каргаша дүйнөгө кайрылгысы келбей жаткандыр? Мында эле аны ким күтүп, ким маңдайынан сылап турат дейсиң?..
— Эне, эне, — Атыркүл эми колунан аярлай тартты. Бир аз катуураак тартып койсо колу акырегинен жулунуп кетчүдөй сезилип кетти Эпкинге. Денеси дүр эте чочуй түштү. Медайымдын колун кармады:
— Жөн эле коюңуз, эже. Тынчын албай эле коюңуз.
Оо канча жылдан бери төшөктөн турбай, жалаң аялдын үнүн угуп, кулагы жедеп ошого көнүп калган кемпир эркек кишиин үнүн уккангабы, негедир жансыз жаткан бети дирт дей түштү. Анан башын ушунчалык кыйынчылык менен бери буруп, шоро толгон көздөрү менен жанындагыларды карады. Көздөрү тунарып, көрө албай атты окшойт. Чийдей каткан колу эптеп кыймылга келип, төшөктүн жакасы менен сүртүүгө аракет кылды, бирок, анысынан майнап чыкпай, шылк эте көкүрөгүнө түштү. Келин нымдуу чүпүрөк менен этияттап сүрттү. Чарасына терең кирип, чүңүрөйүп кеткен көздөрү менен эми ынтаа коюп карады. Атыркүлдү тааныды окшойт, эби-сыны келбесе да жылмайымыш болуп койду. Анан оту өчүп, тунарган көздөрү жигитке тигилди. Кыйлада барып, бүт денеси дирт этип кеткенин экөө тең сезди. Кубарган жүзүнө кызыл жүгүргөндөй, көздөрү жандана түштү. Башын көтөрүүгө тырышты, бирок, кубаты жетпеди. Колун сунуп, жигиттин колун кармоого аракеттенди. Жок, жетпеди, түшүп бараткан колду Эпкин кармай калды. Баш көтөрүп, турууга дагы күч үрөдү. Болбоду, шайманы жетпеди, келин дагы эки жаздык коюп, башын бийиктетти. Эми жакшы болду. Киркиреп, күч менен чыккан үнү кулакка араң жетти:
— Ба-лаам!
Ал денесиндеги акыркы күч-кубатын жыйнап, арман толгон көөдөнүндө тээ эчактан бери сары майдай сактап келаткан соңку сөзүн айтып калууга ашыккандай киркиреп, шыбырап жатты:
— Балам, мээнетиңди алайын, кулунум! Сенин келериңди билгем. Анткени эне өз баласын кийин какшатып как талаага таштап кетсин деп туубайт, каралдым. Жүрөгүм сага деген сагынычтан, кусадан таш болуп калган, балам. Ошол таш менен чын дүйнөгө кетемби деп коркуп жүрдүм эле, айдай жүзүңдү акыры көрдүм, жүрөгүм жибиди. Сенин каргадай карааныңды көрсөтүп койгонуна Алла Таалага миң ыраазымын. Эми кете берсем болот, кулунум… — Ал бир жүктөн арылгандай оор үшкүрүп алды.
— Апа… мен… — Эпкин ага бир нерсе айтмакчы болуп, эңкейе бергенде келин колун кармай калды. «Мен сиздин балаңыз эмесмин деген сөздү айтпай эле кой, эми тынчыраак кетсин», деген ойду билдиргендей башын чайкап койду. Эпкин аны түшүндү. Кемпирдин жаш толгон көздөрүн муңайым карап турду. Эзели туш болбогон бир сезим тумчуктуруп, жүрөгүн сыздатып баратты. Тес бурулуп кетүү ниетине багынып, шарт коюуга канча ирет умтулганы менен ордунан козголо албады. Кандайдыр бир белгисиз күч тушап, кемпирдин жанынан жылдырбай кармап атты.
Айшакан апа колун араң кыймылдатып, жаздыгынын алдынан бир нерсе издегендей болду, бирок, кубаты жетпеди. Атыркүл эңкейе берип, жаздыктын алдынан бир чакан түйүнчөктү алып чыгып, колуна карматты. Кемпир аны бооруна бир кысып алды да, Эпкинге сунду:
— Бул сеники, каралдым!..
Ушундан соң, колу шалак этип төшөккө кулады. Эпкин түйүнчөктү кармаган тейден эмне кыларын билбей, дел болуп турду. Келин кайдадыр чуркап кетти. Кемпирдин көздөрү жумулган жок, кайра мурдагысынан да чоң ачылып, андан кандайдыр бир учкундар жылт-жулт болуп, чачырап кеткенсиди. Ал жигиттин көзүнө урунуп, түнкү караңгылыкты жарып жиберген чагылгандай жарк этти. Ал эсеңгирей түштү, аз жерден жыгылып кете жаздады. Анан ошол дүйнөгө сыйбаган жарык ушунчалык ылдамдык менен кемпирдин көзүнө куюла баштады. Анын эпкини бороон сымал шуулдап, жигитти да тартып баратты. Канчалык далбастап, бир нерселерди кармап, четке чыгып кетүүгө жан үрөп атты. Бирок, андан эч майнап чыкпады. Жарыкка жутулуп, аны менен кошо кемпирдин көзүнө куюлуп жөнөдү…
(2 оценок, среднее: 5,00 из 5)