Марлэн Матназаров

Страна : Кыргызстан

Я родился в селе Эркин, в Оше. Это второй большой город Кыргызстана, после Бишкека. Мне 23 год. Я юрист по профессии. Нет ни братьев, ни сестер — я единственный ребенок в семье. Я учился в средней школе имени С. Маматова. В школьные годы я был замкнутым и стеснительным. Но в один прекрасный день начал писать стихи о любви. Все мои друзья были удивлены. Люблю играть футбол и настольный теннис.

Country : Kyrgyzstan

 

Отрывок из поэзии “Мираж“

Эгемен жөргөмүш

Жөргөмүштөр үйүн салып желеден,

Желесинде жашайт эркин, эгемен.

Жашаганга жерим туруп кызыгы,

Жөргөмүштөй жашабаймын неге мен?

 

Жөргөмүштөр желесинде олжосун,

Менчиктешет кандай учур болбосун.

А мен тапсам акча кендүү жеримден,

Жемекорлор жеп кетишет, оңбосун.

 

Жөргөмүштөр жанын багып өздөрү,

Жакшы жашайт карабастан өзгөнү.

А мен болсо жашай албайм алардай,

Жеримде көп эч тойбогон ач бөрү.

 

Жөргөмүштөй эркин жүрүп желеде,

Жүрүүм кыйын турса да алп жер эне.

Укук, мыйзам, көбүнчөсү сакталбай,

Учуп жүргөн алсыз, жеңил жел эле.

 

Борборумда өтөт митинг, төңкөрүш,

                               Болгум келип жөн гана бир жөргөмүш.

 

Сүйүү эмне?

Сүйүү эмне? өмүргө бир жаңылык,

Ансыз жүрөк согуп турат жаңырып.

Жүрөктөгү ошол боштук толсун деп,

Учурунда мен да кеткем жаңылып.

 

Сүйүү эмне? гүлгө конгон көпөлөк,

Алаканда көпкө турбайт көкөлөп.

Гүлсүз калып, сүйүүм учуп колумдан,

Жүргөм бирде өтмүшүмө чөгөлөп.

 

Сүйүү эмне? колдон учкан көгүчкөн,

Кайгы кетпейт аны жерге көмүштөн.

Көөдөндөгү кайгы ордун бассын деп,

Кыз издегем жүрөгүн тең бөлүшкөн.

 

Сүйүү эмне? кайра келчү жашыл жаз,

Адамдар аз сүйүүсүнөн жаңылбас.

Үч мезгилди басып өтүп бир өзүм,

Кызык, кайра “сүйүү” десем жүрөк мас.

 

Кусалык

Баштай албай өз жашоомдун жаңысын, 

Эскисинде жутуп бүттүм чок, ууну.

Кусалыктан таппай жашоо маңызын, 

Эрмек кылдым ыр жазууну, окууну.

 

Сүйгөн жарым алыс кетип кайрылбай,

Алсырадым жан дүйнөмө уу тарап.

Ыр жазууда көздөн жашым арылбай,

Ыр барагым болуп калды суу барак.

 

ЭКГ

Медицина илимин алга алпарат,

“Рентген”, “УЗИ”, “ЭКГ” деген аппарат.

Жүрөгүмдүн согушун көргүм келгенде,

Төрт бурч экран – ЭКГ кызмат аткарат. 

 

Уйкум качып, бузулганда түштөрүм,

Доктор айтты: “ЭКГга түш, көрүн”.

Көрүнгөндө карап турдум тамшанып,

Сызыктардын өйдө-ылдый түшкөнүн.

 

Өйдө-төмөн жашоодо жашап көнгөнүм,

Мен экрандан жыландай сызык көргөнүм.

Бекер тамак, тегиздик күтсөм тагдырдан, 

Түптүз сызык – денем бар, бирок өлгөнүм.

 

ШАМПУНЬ

Жашоом үчүн жүрөгүңө там курдум,

Сенден алып жарыктыгын шам, нурдун.

Абадан да артык турат мен үчүн,

Чачтарыңдан келген жыты шампундун.



1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (17 оценок, среднее: 4,41 из 5)

Загрузка…