Страна : США
Я работаю в компании «Hopelink», пишу уже , лет и опубликовал 3 книги
Country : USA
I working for company «Hopelink» and started writing 6 years ago, published 3 books
Отрывок из прозы » Мен кыргызмын «
-Кыргыздар уятты бет менен теңешет, анткени уят нерсени көрсө «бетим ий» дешет, уят жасаганды «бети жок», уялбаганды «бети табактай», же «бети калың», уялбай катуу айтса «бетке айтты», бир нерсени уялбай айтса «бети кызарбады», «бетиң барбы» деп коюшат.
-Кыргыздар көп эмоциябызды боорубуз менен билдиребиз, «бир боорум ай» деп ыйлайбыз, «менин бир боорум» деп бир тууганыбызга жан тартабыз, «боорум эзилгиче күлдүм» деп күлөбүз, «таш боор», «боору жок» деп мээрими жок кишини айтабыз, «боорум ооруду» деп аяйбыз, «боор ооруса, боорго тебет» деп, бирөөгө жардам берсең, кайра сага жамандык кылса айтабыз. Бөлөк өсүп калгандарды, бизге «боор бербейт эми» , деп да айтышат.
-Кыргыздар адамдын тагдырына бешене таасир бере тургандай «бешенеңе жазганды көрөсүн» дешет. Мүнөзү жакшы, келбети келишкен кишини «бешенеси жарык киши» деп макташат. «Бешене тер менен тапкан» деп адал акчаны айтабыз. Балдарга бата бергенде «бешенең жарык, кен болсун» деп бата беребиз. Иши жүрүшбөсө «бешенесине ат тепкен» деп койобуз.
-Кыргыздар өпкөнү да ар түрдүү айтып колдонушат, мактанчаак кишини «өпкөсү жок» же «жел өпкө», кыйынсынып кетсе «өпкөлөнүп кетти» дешет, катуу ыйласа «өпкө-өпкөсүнө толуп ыйлады», эркелетсе «өпкөмдү чаап жиберейин», катуу шашылып чуркаса «өпкөм көөп кетти» деп айтышат. Ачууланганда «өпкөңдү үзөм» деп да айтышат.
-Кыргыздар кулак менен да адамды мүнөздөшөт, бир укканын унутпаганды «куйма кулак» дейбиз, укканын дароо унутканды «кум кулак», жакшы укпаган кишини «кулагы оор», элден чыккан ушак кабарларды «узун кулак», тил албаган балдарды болсо «кулагы жок» деп койобуз. «Дубалдын да кулагы бар акырын сүйлөгүлө» деп ушак айтышабыз.
-Кыргыздар да жүрөгү менен сүйүшөт, сезишет, кыйналышат, билишет, карышат, бирге болушат ж.б. Бир нерсеге капа болушса «жүрөгүм ооруду, сыздады», корксо «жүрөк лакылдайт», бир нерсеге тез макул болсо «жүрөгү бош», кайдыгер болсо «жүрөгү таш боор», пейили кең болсо «жүрөгү кенен», өтө корксо «жүрөгү түштү», же «жүрөгүм оозума тыгылды», катуу коркутса «жүрөгүнүн үшүн алды», баатырды «эр жүрөк», «жүрөгү тоодой», коркокту «жүрөгү жок» деп койобуз. Коркуп калса «жүрөгүн көтөрөбүз», таарынтса «жүрөгүмдү оорутту», кабатырланса «жүрөк заада болду», бирдемкеден жалтанбаш үчүн «жүрөк болуш керек» дейбиз. «Сен үчүн согот жүрөгүм» деп катуу сүйөбүз, «жүрөгүмдөн чыккан сөздөр», «жүрөлүчү жүрөк оорутпай» деп каалоо айтабыз. «Жүрөккө жакпаса, жүрөк каалабаса» деп сунушту четке кагабыз. «Жүрөгүмдүн акыркы сокконуна чейин күрөшөм» деп ант беребиз. «Жүрөгүм менен биргемин, кошуламын» деп колдойбуз. «Жакшы адамдар жүрөгүмдөн орун алат», cүйгөнүбүздү «жүрөгүмдүн жарымы» дейбиз.
-Кыргыздар баш жөнүндө көп айтышат, мээ менен бирдей эле мааниде, бирок кээде башкача болуп калат. «Башы иштебейт», «башы жок» деп «мээң иштебейт», же «мээң жок» деп бирдей эле урушабыз. «Баш кыйын иштейт», «башы бар» деле ошондой. «Көк мээ» деп айтабыз, бирок «көк баш» деп айтпайбыз. Анан, «как баш» деп да урушабыз, «мээң менен жерге кир» дейбиз. Мактаганда анын «мээси мээ», «башы баш» деп айтабыз. «Алтын башың аман болсун» деп жакшылык каалайбыз. Үйлөнгөндө «баш кошушту» дейбиз. Бойдокту «башы бош» деп койобуз. Кээде балдарын келиндери «башыңды айлантып алган» деп да урушушат. Ооруса баш ооруйт, мээ болсо чирийт. Бир нерсени өзүңө милдет алсаң, «башына ашыкча жүк кылба» дешет. «Мээм эс алсынчы» деп чарчайбыз. Бирөө кечке тынчын алса «мээмди жеп салды» деп, бирөө алдаса «башымды айлантты» дешет. Бир жыйынтыкка келе албай жатсак «мээм айланып калды» деп бушайман болобуз. Кыйынчылык болсо же кайгыга батса «башына оор түштү» дешет. Бир нерсени туура эмес кылсак, «мээм кайда эле» деп ойлонобуз. Бирөөдөн тажасак, же бирөө аткарылбай турган нерсени айтса «башымды оорутпа» деп урушабыз. Бирдемкеге жоопкерчилик алсаң «керт башың менен жооп бересиң» дешет. Элди бийлегендерди «эл башы», же «журт башы» деп койобуз.
-Кыргыздар көз менен да адамдарды мүнөздөшөт, «акылдуу экени көзүнөн көрүнүп турат», «жаман көз карашы бар экен», «көздөрү күлмүңдөп катынпоз окшойт», «көз карашы бүркүт» ж.б Сулуу аялдардын «бото көзү» болот. «Көз тийбесин» деп сактанышат. Көп нерсени алдын ала билгенди «көзү көрөгөч» деп койобуз. Бир кыска учкул убакытты «көз ирмем» дейбиз. Каза болгон кишини «көз жумду» деп айтабыз. Бирөөдөн «көз каранды» болгонду жаман көрөбүз. Адам арыктаса «көзү эле калыптыр» дейбиз. Жаман көргөн кишини «душман көз» деп да атайбыз. Эркелетип «карагаттай көзүңдөн ий» деп жиберебиз. «Көздөшүп жүрөлү», «көзмө-көз сүйлөшөлү» деп ниет кылабыз. «Көздөгөн жериңерге жеткиле», «көзүңөр түшкөн кызга үйлөнгүлө» деп да каалоолорду айтабыз. Бирөөнү байкабай түртүп кетсең же чалынып кетсең, «көзүңө карабайсынбы» деп урушабыз. «Көзгө сайса көрүнгүс караңгы» деп чоочуйбуз.
-Кыргыздар ооз жөнүндө да көп мисал келтиришет, «оозу кыйшык болсо да байдын кызы сүйлөсүн», «оозуң менен айтып, башың менен жооп бересин» дешет. Бирөө апыртып сүйлөсө, «мынча оозуна күч келтирдиң», айтпай койсо «оозуңдун желин аядыңбы», жаман сүйлөсө «оозуңду тый» деп айтышат. Жаман сөз көп сүйлөгөндү «бок ооз» деп жаман көрүшөт. Таң калышса «оозум ачылды», сыр чыгарбаганды «оозу бекем» дешет. Көп мактанып сүйлөгөндү «чоң ооз» дешсе, «оозуңа карап сүйлө»
деп урушушат. Орозодо «ооз бекитебиз, ачабыз», тема менен сүйлөбөсө «оозу менен оттоп кетти», атырылып жаман сөздөр менен сүйлөсө «озунан ак ит кирип, кара ит чыкты», каяктагыларды айтканды «оозу менен орок орду», сырыңды айтпаганга «ооз басырык кыл», сыр беките албаганды «оозу бош», сүйүнчү айтса «оозуңа май» дейбиз. «Оозуңа таш» деп жаман тилек айтса урушабыз. Нандан, тамактан «ооз тийебиз». «Оозун итаяктай» кылып күлөт, «оозу оймоктой» деп жаман көрөбүз. Сөздү алып алса «оозумдан сөзүмдү жулуп алды» деп таң калышат. Жаман сүйлөп алса «сенин оозуңду бирөө тырмадыбы» деп да күлүшөт.
-Кыргыздар тилди да көп айтышат, кыйын сүйлөгөндү «тил чебери», «чечен тил», «кызыл тил», «тилинен чаң чыгат», «тилинде мөөрү бар», момун кишини «тили жок» дейбиз. Сүйлөбөй койсо «тилин жутуп алды, бирдемкеге шашпай өз оюн айтса «тил катты» деп койобуз. Кагып, урушуп сүйлөсө «эмне тилдейсин»,»тили заар», эркелеп айтса «бал тил», бирдемкени айта албай калсак «тилим бурулбады» деп койушат. Котормочуну «тилмеч», тил үйрөткөндү «тилчи» атайбыз. Көп сүйлөгөндү урушсак «тилиңе тибиртке чыксын», унчукпай койгонду «тилиң бар беле» дейбиз. Эси ооп сүйлөбөй калган кишини «тилден калды» деп кейийбиз. Катуу урушсак «аябай тилдедим», же «тилиңди жулам», «тарт тилиңди» деп кыйкырабыз. Катуу сындап, ток этер жерин айткандарды «тили курч», кайаша айтпай бат аткаргандарды «тил алчаак» деп айтабыз. Бирдемкеге көз артып кызганса «тилиң менен туз жала», бирдемкени бат айтса «тили тилине тийбей айтты» деп койушат. Өз тилин «эне тил», башка тилди «чет тил» дешет. «Тили ширин да тим эле тили менен эритет же тойгузат» дейбиз. «Тил эмизип» деп калп эле ишендирген адамды айтабыз. Айттырбай түшүнгөндү «тил билги турбайбы» деп макташат. Тили келбеген сөз болсо «тил сынат го» дейбиз. Бирөөгө сөзү өтпөсө «айтайын десем тил кыска», сөзүбүздү унутуп жатсак «тилимдин учунда эле турат». Бирдемке деп туура эмес сүйлөгөндөр «тилинин азабын тартышат».
-Кыргыздар мойунду да ар нерсеге салыштырып айтабыз, мойуну узун болсо «ак куунукундай мойуну», тил албаса «эшек мойун», же «тоң мойун» дейбиз. Оңой менен жеңилбесе «мойун ийбейт», оңой менен кайыл болбосо «мойун сунбайт» деп койобуз. Урушсак «мойнуңду жулам», же «мойунуң сынгыр» деп урушабыз.
-Кыргыздар мурунду да мисал кылып айтышат, мисалы, кыйынсынганды «мурдун көтөрөт», «кудайдын мурдунан түштүң беле», таарынганды «мурдун чүйрүйт» дейбиз. Ар нерсеге аралашанды «бары жокко мурдун тыгат» деп койобуз. Катуу үшүсө «мурду көгөргөнчө үшүптүр», жүдөп калса «мурду агып калыптыр» деп аяшат. «Мурдун тарта албай жүрүп акыл үйрөтөт» деп жаман көрүшөт. «Мурдунун түбүндө турса көрбөйт», «мурду кулагына жеткиче сүйүнүп» деп айтып калабыз. Баам парасатсыз адамдарды «мурду жыт билбейт» дейбиз.
-Кыргыздар колду баркташат, «көз коркок, кол баатыр» дейбиз, жардам берсек «колдодук» дейбиз. «Колуң менен жасаганга башың менен жооп бересин» деп жамандап койобуз. Сол кол менен иш кылгандарды «сологой» деп айтабыз. «Колуңан келгенин кыл» деп коркпойбуз, «колуңду сындырам» деп коркутабыз. «Колуңдан эмне келет» деп кекетебиз. «Ак кол» деп жалкоолорду айтабыз, эң жакын ишенген шакиртин, жардамчысын, орун басарын «оң колум» дешет. Ар түрдүү тагдырды, адамды «беш кол бирдей эмес» деп салыштырабыз. «Менин чыпалагыма жетпейсин» деп кыйынсынабыз. Бир нерсеге таарынып кетсе, же этибарга албаса «кол шилтеди» же «кол булгады’ дешет. Бир нерсеге бошобой жатса «кол тийбеди» же ‘кол жетпеди» деп актанышат. Көп нерсени жасаганга жетишкенди «колу узун», бирдемкелерди жасаганга үлгүрбөсө «кол бошободу» деп койушат. «Кол беришип» учурашабыз, «кол булгалап» коштошобуз. Колунан көп нерсе келгенди «колу гүл, колу берекелүү», берешен адамды «колу ачык» дейбиз. Бойго жеткен кыздын «колун сурап келишет», жаңы үйлөнгөндөргө «кармашкан колуңар түбөлүк үзүлбөсүн» деп калоо айтабыз. Бир нерсени уурдаган кишини «колу туткак экен», байларды «колунда барлар», усталарды «колунан көөрү төгүлгөн» дешет. «Байлык колдун кири», «колунан кармап калбагандан кийин айтыш кыйын» деп да койобуз.
-Кыргыздар канды көп учурда айтып колдонушат, «кандашым» деп бир туугандарын айтышат, «кан досум», «кан кудам» деп жакындатышат. «Кан ичкич, канкор» деп жаман көрүшөт. «Кан чыгарып» бата кылышат. «Каныбыз бир» деп бир элди айтып калышат. «Кан жалата уруптур» деп аяшат. «Канымы берем» деп ант беребиз. «Киндик кан тамган Ата-Журт» деп мекенибизди данктайбыз. «Кан жаңырталы» деп алыстан келин алышат. «Каны бөлөк да» деп жаман көрүшөт.Жини тез келсе «кызуу кан» же «каны тез кайнайт» дешет. Начар жердин баласын «каны бузук» деп жамандашат.
-Кыргыздар сөөк жөнүндө да көп айтышат, «сөөккө жеткире айтты», «суук сөөгүмө чейин жетти» дешет. «Куда сөөк» деп кудаларды баркташат. Маркумдардын «сөөгүн узатышат». «Ак сөөкбүз» деп кыйын болобуз. «Сай сөөгүмдү сыздатты» деп капа болушат. Кайдыгерлиги «сөөккө сиңип кеткен» жамандайбыз. Киши арыктаса «сөөгү эле калыптыр», салабаттуу кишини «сөөктүү киши» деп койобуз. Катуу айтылган сөздү «сөөктөн өтүп чучукка жетти» дейбиз.