Бубуйра Бектенова

Страна : Кыргызстан

Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельнось с сфере торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета и продолжала работу в качестве директора магазина. Сама она с детства увлекалась литературой, была редактором школьной стенгазаты и будучи ученицей печаталась в газетах “Кыргызстан” и “Пионер”. Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (Чувства пред которыми я преклоняюсь) — 2004 г.; “Ай тамга”, “Гульчинар” – 2015; 3) “Уядан учкандар” (Вылетившие из гнезда) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (Узоры кочевников) – 2016г.; 5) “Жанкарач бий доору” (Эпоха Жангарач бия) – 2018 “Гүлдастан”. “Улуу тоолор” (Сага о цветах, Великие горы) – 2018.
С 2012 года член Национального союза писателей КР. Также является заслуженным работником культуры Кыргызстана. Мать двух дочерей и бабушка трех внуков.


Country : Kyrgyzstan



Отрывок из рассказа «Даңазалуу тулпар Керкашкасынын чабылуусу»

Күрөөлдүү күздүн берекеге толгон мезгилинде Ат-Башы, Нарын тарапта айтылуу баатыр Карачанын ашы өтүп, аны уулу Матай башкарды. Ала-Тоонун ар тарабынан мансаптуу бийлер, бай-манаптар күтүрөп кошумчага мал айдашып, күлүктөрүн таптап даярдашып, шаан-шөөкөт менен келип жатышты.

Коноктор тээ Алайдагы адигинелер, Таластан кушчу, саруу, кытайлар, накайлар, Ысык-Көлдөн бугулар, моңолдор, Каркыра менен Кочкордон сарбагыштар, Жумгалдан саяктар, Сары-Өзөн Чүйдөн болсо солтонун манаптары да ашкан күлүгү “Керкашкасы” менен ашка келишти.

Тигилген боз үйлөргө кадырлуу конокторду жайгаштырып табак-табак эт тартылып, бал кымыздан куюлуп, дасторкон толо дүйум тамак-аш жайнады.

Болжошкон күн да келип, күлүк чапмай оюну да башталды.

Ар тараптан келген күлүктөр чубамадан өтүп дадярдала баштады. Ат-Башынын билермандары Керкашканын дайынын эбактан билишкен үчүн ичтери тарып, бирок Керкашканын келген-келбегенин так биле алышкан жок, себеп дегенде ал кезде чабылчу аттын көзү гана көрүнүп, калган жагы бүт үртүктөлө жабылчу.

Аштын башкаруучулары эгер Керкашка келсе аны кандайча жарыштан алып салуунун амалын таппай күймөнүп турушту.

Аламан байгеге чабылуучу күлүктөрдүн кимиси байгени алаары жөнундө эл арасында дуу-дуу кеп жүрүп жатты.

Чабылуучу аттарга уртүк жабылып, аттардын кандай тапталган элге дайын эле.

Карагерге бул ат чабышта теңтайлашаар күлүк жок. Бир кадик казак – кыргызга таанымал Байтиктин Керкашкасы менен Карагер, экөөнүн бири баш бийгени алат деди.

Бирок Керкашканын саяпкери күлүктүн көзүнөн башка жагын жабуулап жашырып отурат. “Ат чуркабайт, бак чуркайт”, эртеңки байге чабышта эрегиш Керкашка менен Карагердин ортосунда болот деген ойлор да бар.

Керкашканын көзүнөн от жанып турат, жарыктыктын – деп шыпшынып отурду сынчылар. Себеп дегенде күлүк үртүктөлө жабылса да саяпкер сынчылар тулпардын көзунөн эле таанып коюшкан ал кезекте.

Керкашканын дайынын айта турган болсок, Байтик казак элинде Токсонбай султан деген аккан досу болгон. Күндөрдүн бир күнүндө Байтик тартууга тогуздап төө баштаган мал, мүлкү, жан-жөкөр жигиттери менен досунукуна түшүп:

— Ассолом алейкум, аккан досум, амансыңбы? – деп келет.

— Алейкум салам, жан дос,калай эл-журтың – тугелми, өзиңиз сак салеметсизби, куш келипсиз, досым, баурым – деп тосту Токсонбай досу.

Экөө кучакташып көрүштү.

— Кудайга шүгүр, аман-эсенбиз, жай сурашып катташпаса бир тууган деле алстайт эмеспи, дарегиңди билели деп жайыңды сурайлы деп келип калдык.

— Оо, жан досым, келгениң дурус гой, сөзиңде эш калет жок, эми сасмай конак болып, менин көрсеткен курметимди көриңиздер осы.

Токсонбай дароо айсарала ат сойдуруп, он эки канат үйүнө Байтикти жигиттери менен төргө отургузуп, домбрачы, ырчы, чоорчусун чакырып, урматтуу конокту жогорку деңгээлде сыйын көрсөтуп жатты. Токсонбайдын жаш токолу өзү ийиле кымыз сунуп назданып турду.

Ырчысы домбрасын черткенде казактын кең далаасына учуп бараткан көп күлүктүн шарпындай кенен, шаңдуу, угумдуу, көңүлдү көтөрүп жүрөктү эритет.

Ырчы Байтиктин даңазалуу ата-тегинен баштап, этегинде өзүн коштоп мактап жиберди:

Байыркы кыргыз элинен

Кең Чүй аттуу жеринен

Ордолуу солто эл жашайт

Аскалуу бийик зоо менен

Чүй жериндей жер барбы

Солтодой зор эл барбы

Атабыз Абылай хан жеңбеген

Ар-намыска ширелген

Капкалуу шаар Чүй деген

Таңтайлашкан “чет” менен

Баатыр Байтик аманбы?

Казак эл айтат саламды… – деп улап сайрап жатты.

Байтик бир жума Токсонбай султандын сыйын көрдү, акыры кеткенге кам урду.

— Кыргызда макал бар, досум, “кел демей бар, кет демей жок”, сапар арыды, жол карыды эми кайталыжерибизге, баатыр.

—  Ие, баатыр, энди амандык болса дагы далай кездесермиз, энди казак – кыргыз салты боюнша, баатыр, алдыңа күлүк тартуу этемин, бул шенде жок күлүк Керкаска деген тулпарым еди досым, улуу достуктун касиетин курметтеп өзүңе жаным, малым тартуу.

Ошол Токсонбай султандын Керкашка айгырынын биринчи тукуму ушул күлүк Керкашка эле.

Күлүктөр 40-50 чакырым, жолго айдалмак болду.

Даекчилер чабылуучу күлүктөрдүн санын тактап, жылкыларды айдамак болду. Керкашканын үртүгү алынып, топко кошулду. 

“Селт” эте түштү карагердин саяпкери – бул адам ат ат сууткандан башка жылкыга сынчылыгы да бар эле. Супсуну сууй түштү, баш байгеден күдөрүн үздү. Саяпкерге Карагер менен таңтайлашкан күлүктөрдү “жыкканга” үч жерден тосот коюлганы белгилүү эле. Мындай тосоттор өтө опурталдуу. Күлүктү жыгуунун ишенимдүү эки жолу тандалган. Бири ат чабышта катуу күү менен келе жаткан күлүктү деми күчүн сактап турган айгыр менен “капталдан” койдуруп өттүү. Мында чуркап келе жаткан ат да, күлүктү чапкан чабандес да оң таппайт. Мындан аман калгандар сейрек.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (5 оценок, среднее: 5,00 из 5)

Загрузка...