Страна: Кыргызстан
Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1974 г. закончила с отличием среднюю школу. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельность с сферы торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета по специальности “Экономист” и продолжала работу в качестве директора магазина. Сама она с детства увлекалась литературой, была редактором школьной стенгазеты и будучи ученицей печаталась в газете “Кыргызстан Пионери”. Публикации: альманах «Мозаика» I, II части; «Кыздар ай» ч. I, II.
Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (“Чувства пред которыми я преклоняюсь”) — 2004г.; “Ай тамга” — 2015г.; “Уядан учкандар” (“Вылетевшие из гнезда”) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (“Следы кочевников”) – 2016г.; “Жанкарач бий доору” (“Эпоха Жангарач бия”) – 2018г.; “Гүлдастан” (“Сага о цветах”) – 2018г.; “Байтик Баатыр” — 2019г. С 2012 года член Национального союза писателей КР. Член Евразийской Творческой Гильдии (г. Лондон).
Участница Литературного Фестиваля “Открытая Евразия 2019” в Брюсселе. Также является отличником культуры Кыргызстана. Обладательница почётных грамот и медалей от государства и общественных организаций.
Мать двух дочерей и бабушка трёх внуков.
Country: Kyrgyzstan
Отрывок из романа «Байтик Баатыр»
– Ооба, Жанкарач, туура айтасың. Оң сол болуп бөлүнбөй бир ынтымак биримдикте болсок бизден кимдер гана сестенбейт, ар кимибиз ар жерде жайдак жүрө берсек башкаларга бөөдө жем болоорубуз турган иш. Кой кырган карышкырларча жара тартып кетишээри белгилүү эмеспи. Ушундай жыйын, кеңеш дегенди тезтез чогултуп бир сөздө, бир кепте бололу бийлер – деген Жантай ормоё баарына бир сыйра көз жиберип токтоду. Ормон арага сөз таштап:
– Кокон эмне десе ошого көнө бербей, өзүбүздүн талаптарыбызды коюп, аны ишке ашыруунун жолун издейли. Алык, салыктарын да төлө дегенин төлөй бербей бир чектөө жолдорун табалы агаиндер – деген Ормон эки колун тизесине коё отургандарды айландыра карады.
– Туура айтасыз, Ормон ага, мен да ушул көйгөйлөр жөнүндө айтайын деп жаттым эле, бу алык, салык зекеттерин үй башына эмес, дүңүнөн эле, пайыз менен чектеп төлөө жөнүндө талап койсок туура болгудай – деп Жанкарач кайра сөзгө аралашты.
– Жанкарач, бул маселе көп түйшүк тарта турган орчундуу маселелерден болот, муну да бышыктап ийри отуруп түз кеңешсек туура болот – деген болду Ормон кан. Ушул жерде жүргөн тыңчы, Алишер бегине бек берилгендиги Кокон кандыгын коргоо, беги үчүн өлүмгө баруу, динде тикелей эле бейишке чыгуу деген түшүнүгү жүрөгүндө бекем уютулган, антына турган мусулман болучу ушу дербиш. Сөз кызуу жүрүп, Жанкарач сөз алып сүйлөп отурган. Байтик да аксакал, көксакал бийлердин арасында бою заңкайып кереге башына жетип төр жактын оң капшытында эл мыктылар арасында отурган эле.
Төрдө: Жанкарач бий, Ормон кан, Жантай, Мамаке баатыр, Төрөгелди, Балбай баатыр, капшыт тарапта Байсейит, Бошкой, Төрөгелди, Байтик, Корчу, Макеш, Көкүм баатырлар отурушат жана кеңешчи аксакалдар отурушкан өргөө ичи адамдарга жыш эле. Тигил тыңчы дербиш да жетип келип ушул жерде билмексенге салып: куранын окуп, ак уруп жүрүп калган. Бирок бул жолкуда ал Алишер бегинен айтылуу тапшырма алган. Тапшырмасы Байтиктин көзүн тазалоо болгон. Ага колундагы таягынын учуна, учтуу болот темир кадап, анын сыртынан жымсалдап билгизбей жыгачтан кийме кеп кийгизип, оймолоп, чиймелеп аса таяк сыяктуу жиги билинбейт, бу таяктын найза экенин эч кимде шек шыбаа жок. Бир маалда баягы тыңчы Байтик отурган тушту белгилеп, жаза тайбаш үчүн айдалынын тушу, өлөөр жериң ушу нак жүрөктүн ортосу, как жүрөктүн толтосу деп тегерек четтегилер ар нерсеге алаксып калышканда баягы колундагы таяк найзасы менен Байтиктин сол каруусунун жүрөк тушуна күчкө салып уруп калды.
Байтиктин сол каруусунун төмөн жагына жүрөк тушка урулду көк найза, «ык» дегенден бөлөк Байтиктен үн да чыкпады, анын көзү сүзүлүп мелтиреди. Ок тийсе да «ок» дебеген, кылыч тийсе «кыңк» этпеген Байтик тиги сүйлөп жаткан Жанкарачтын сөзүнө жолтоо болуп, арадагы ыкты бузбайын деп унчукпай, эчтеке болбогондой отура берди.
Бир маалда боппоз болгон Байтикти карай салган Жанкарач: «Ой, Байтик! Азыр эле кыпкызыл жүзүң бозоруп чыкты эмне болду сага, айнанайын. Ой кокуй, мынабу аюу талпак үстү канга толуп кетиптир го» – деген Жанкарач тура калып Байтиктин жеңинен жылжып аккан канды көрө сала, Байтикке жете бере чапанын чечип жиберсе, каруудан аккан кан ага берип, аюу талпак канга толуп, Байтик өңү чүпүрөктөй агарып чыкканына күбө болушту. «Акылдуу карыя – агып турган дарыя» – дегендей Жанкарачтын сөзүн бузбай угайын, ортодо турган, тууган арасындагы ой туюмдарын бузбайын деген Байтиктин жаны кыйналууда болучу. Көрсө сүйлөп жаткан Жанкарачтын сөзүн бузбайын деп ага ызаат кылган Байтик далыга найза урулса солк этпей кесерип кебелбей отура берген турбайбы.
Мына улууну сыйлагандык, урматтагандык, баатырды баатыр кылып жараткан анын ар-намысы. Улууларды сыйлаганды, урмат кылганды ал бешигинен үйрөнгөн, ак дилден мамиле жасаганды сүйгөн, ошондуктан абийир менен атак даңк аны ээрчип артынан кууп келе жатпайбы. Кыргыз ичиндеги ар кандай көйгөй маселелерди ортого салышып, маектешүү улам күчөп кызуу талкуу жүрүп жаткан болучу. Ошентип, ат чаптырып мыкты дарыгер алдырып, Байтиктин жарасын айыктырышты. Тигил тикендүү тыңчыны жигиттер кармап келип эл мыктыларынын алдында башын алышты.