Бубуйра Бектенова

Страна: Кыргызстан

Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1974 г. Закончила с отличием среднюю школу. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельность с сферы торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета по специальности “Экономист” и продолжала работу в качестве директора магазина. Сама она с детства увлекалась литературой, была редактором школьной стенгазеты и будучи ученицей печаталась в газете “Кыргызстан Пионери”. Публикации: альманах «Мозаика» I, II части; «Кыздар ай» ч. I, II.
Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (“Чувства пред которыми я преклоняюсь”) – 2004г.; “Ай тамга” – 2015г.; “Уядан учкандар” (“Вылетевшие из гнезда”) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (“Следы кочевников”) – 2016г.; “Жанкарач бий доору” (“Эпоха Жангарач бия”) – 2018г.; “Гүлдастан” (“Сага о цветах”) – 2018г.; “Байтик Баатыр” – 2019г. С 2012 года член Национального союза писателей КР. Член Евразийской Творческой Гильдии (г. Лондон).
Участница Литературного Фестиваля “Открытая Евразия 2019” в Брюсселе. Также является отличником культуры Кыргызстана. Обладательница почётных грамот и медалей от государства и общественных организаций.
Мать двух дочерей и бабушка трёх внуков.


Country: Kyrgyzstan

Bektenova Bubuira was born on December 17, in 1956 in the village “Kum-Aryk” of Zhayil region. In 1977 she graduated the Cooperative College and In 1985 she graduated the Faculty of Economics of the Kyrgyz National University.
Publications: almanac “Mosaic” I, II parts; “Kyzdar ai” parts I, II.
Published books: “Men siiyngan sesimder” (“Feelings before which I bow down”) – 2004; “Ai Tamga” – 2015; “Uyadan Uchkandar” (“Flew Out of the Nest”) – 2015; “Kөchmөndur izi” (“Traces of nomads”) – 2016; “Zhankarach biy dooru” (“Epoch of Zhangarach biy”) – 2018; “Guldastan” (“The Saga of Flowers”) – 2018; “Baitik Baatyr” – 2019.
Since 2012, she is member of the National Union of Writers of the Kyrgyz Republic. Member of the Eurasian Creative Guild (London). Participant of the Literary Festival “Open Eurasia 2019” in Brussels.
She is a mother of two daughters and a grandmother of three grandchildren.


Отрывок из поэтического сборника “Көчмөндөр изи”

Чоң атам Бектендин алмасы

Балалыгым – баео кезим эсимде,

Чоң короодо чоң үй-бүлө бар эле.

Чоң атамдын чоң үйдөгү карааны,

Бакай сындуу, баскан жери шаң эле.

Короо толо алма шагы ийилген,

Арасында көрпө чөптөр тирелген.

Айылдагы кошуналар, жолоочу,

Суктанышып, карап өтчү ал үйдөн.

Мага ийилген мөлтүр сулуу алмалар,

Дуйнөдөгү эң бир таттуу даам эле.

Алма бактан бейиш курган чоң атам,

Пайгамбардын так өзүндөй жан эле.

Майда балдар алма бакты карашып,

Жыттуу алманы ичтеринен самашып.

Кай күндөрү иңир кирген убакта,

Уурулукка бакка кирчү “чубашып”.

Алмалардын тик учуна чыкчубуз,

Эң таттуусун, эң кызылын алчубуз.

Арасында көрпө чөптө жайдаңдап,

Ойночубуз, ооналактап калчубуз.

Шириндиги алмалардын укмуш ай,

Андай даам таңдайыңдан кетпеген.

Алмаларды чоң атамдын тапкыс ай,

Бир да алма окшобогон жетпеген.

Шаардамын. Чоң атамдай болууга,

Эртели-кеч ойлоном да термелем.

Чоң атамдын алмасындай табууга,

Небереме бак тигүүгө шерденем.

Бак тигүүнү өмүр бою ойлодум,

Аздыр-көптүр алма тигип койгонум.

“Апакемдин алмасындай” – деп эстеп,

Айтып жүрөөр балдарым деп ойдодум.  

Лейлинин сүйүүсү…

Тагдыр сага күлүп  турбады,

Тетир карап жүзүн бурганы.

Таалайыңа “жайдак” туш келип,

Бакыт, сүйүү сайран курбады.

Как жүрөкө малды аялбай,

Жалаңдаган миздүү канжарын.

Лейлижандын ууз сүйүүсү,

Шары менен кетти дайранын.

Жаратылыш жана дегизген,

Жаз мезгилдер өттү келишкен.

Ал жактыктын алоо дүйнөсү,

Кайып болуп агып кетишкен.

Кыргыз тилим

Дүйнө кезип таба алгыс эне тилим,

Дөөлөтүмсүң куну чексиз рух дилим.

Миңдеп кылым жашап анан жол салган,

Өзөктөгү өчпөс отсуң тилим.

Өз тилимде ой сезимим чабыттайт,

Уюп жаткан уңгумду да аныктайт.

Эне тилим бабалардын мурасы.

Эт жүрөгүм сени сүйүүдөн талыкпайт.

Кыргыз тили Манас атам сүйлөгөн,

40 уруу эл эне тилде гүлдөгөн.

Эпкиндик ынтымакка ширелишсе,

Эл биригип уюган Эне тили менен.

Ата конуш ушул тилде бүрдөгөн!

Ар намыс да ушул тилде ирдеген.

Ата мекен ыйыктыгын туу кылып,

Тагдырын эч кимге ээ бербеген.

Кыргыз тилим күчөп өсүп байысын,

Кымыз сымал көбүрүп да жабырсын.

Кулач жайып дагы терең тамырлап,

Кыргыз тилим утат, жеңет баарысын.  

Азия ааламы!

Жер шарына керемет нур сырларбыз,

Айтылган да айтылбаган ырларбыз.

Кум ташы да каухар, алмаз тоолордун,

Жешилбеген жети катмар кырларбыз.

Отко, сууга чыйрак бышкан элденбиз,

Азиянын туусу туусун тутуп келбенбиз.

Ар улуту, өз өлкөсүн ыйыктап,

Алтын түркүк, асабалуу жергебиз.

Көрөңгөлүү, кереметтүү элденбиз,

Улуу тоо-таш, хан ордодон келгенбиз.

Ат жалында казан асып, эр өскөн,

Ай төгүлгөн, ак нур сепкеп белденбиз.

От жүрөгүн окторулат оо, Азия!

Тентек журөк шоктоносуң, Азия!

Добулбасың тыңшап турат дүйнө эли,

Сырдуу жана сырттан жүрөк оо, Азия!

Коомуз доошу

Комуз шаңшыйт, делебени азгырып,

Добушуңдан сыйкыр күүлөр агылып.

Кыргызмын деп төшүн каккан пенденин,

Ар жүрөктөө комуз турат жаңырып.

Сүйүү төгөт, комуз кылы шаңкылдап,

Асман, деңиз, булут бийлейт жалтылдап.

Булут миңген кыз жигиттин жан дүйнө,

Булт ээрип,

Буркан шаркан жамгыр төгөт шатырап.

Комуз кылы чагылгандай чартылдап,

Жоокер келет, колдо желек калкылдап.

Душмандарын жеңип, экчеп келишти,

Ооздук чайнап, желдей учат аргымак.

Бүгүн:

Комуз доошу Евро, Азия аралап,

Муштумдай эт, чын жүрөктөн жаралат.

Ааламдарга кыргыз күүсү жаңырып,

Түбөлүккө өлбөй-өчпөй жар салат.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (5 оценок, среднее: 3,40 из 5)

Загрузка...