Жыпар Исабаева

Страна : Кыргызстан

Я, Жыпаркүл Исабаева, работаю журналистом. Помимо этого меня знают как писателя , поэта, драматурга, лауреата премии республиканского уровня имени А. Осмонова и как члена союза писателей КР.
Творчеством увлекаюсь с детства. Мои первые стихи, рассказы, которые были напечатаны в газете “Кыргызстан пионери” я написала в 9-10 лет. Творчество – моя жизнь, любовь и счастье. 
Автор 15 книг, более трёхсот песен, множества стихов, двух фильмов, одного киносериала и одного радиосериала. В театре были сыграны две моих драм. 
Безусловно, женщинам сложно в нашей сфере. Семья, дети, работа, достаток, недостаток и множество разных сложностей… А так же, как писатель и поет я считаю своим долгом внести вклад в литературу. И я думаю, что этот долг перед литературой родился вместе со мной.


Country : Kyrgyzstan

I work as a journalist. In addition, they know me as a writer, poet, playwright, laureate of the republican-level prize named after A. Osmonov and as a member of the Writers’ Union of the Kyrgyz Republic.
Fond of creativity since childhood. My first poems, stories that were published in the newspaper “Kyrgyzstan Pioneer” I wrote in 9-10 years.
Creativity is my life, love and happiness. Author of 15 books, more than three hundred songs, a variety of poems, two films, one movie series and one radio series. Two of my dramas were played in the theater. Of course, it is difficult for women in the field of culture growth while Family, children, work, wealth, lack of time and many different complexities …
And just as a writer and sings, I consider it is my duty to contribute to literature. And I think that this duty to literature was born with me.


Отрывок из рассказа “Актуяк “

Жакында эле туулган кулун уйкусунан чочуп ойгонду да, жалгыз экенин көрүп, коркконунан тамагына катуу бир нерсе кептеле түшүп, каректерине ысык жаш тегеренип кетти. 

Өзү туулган бир жумага жакын убакыттын ичинде анын башына  мындай коркунуч келе элек болчу! 

Эки жагына элеңдей карап,  акырын кишенеп алды да, жооп күткөндөй демин ичине катып, айлана-тегеректи тыңшады. Бирок кулагына жымжырттыктан башка эч нерсе угулган жок. Демейде ал акырын эле кишенеп койгондо энеси оттоп жаткан жеринен жетип келчү да, тумшугу менен муну ордунан жөлөп-таяп тургузуп алып, эрчитип кетчү. 

Кулун экинчи жолу да кишенеди. Энеси дагы эле унчуккан жок!.. Ошондо гана чындап эле жалгыз калганына көзү жетип, ордунан так секирип тура калды! Бирок ошол коркунуч арасында ал жагымдуу бир нерсени сезди –  ал демейде ордунан тура калганда сендиректей түшүп, анан оңолчу. Бу жолу туяктары аны титиребей, аны ишеничтүү көтөрүп турду. Эмне үчүн экенине акылы жеткен жок. Ал бүгүн кечээкиге караганда бүгүн бир аз чоңоё түшкөн болчу.  

Ошол учурда анын бетмаңдайынан бир нерсе «серек!» этип көрүнө калып, заматта  көздөн кайым болуп кетти! Коркконунан жүрөгү оозунан ыргып кете жаздап, өзү да алда кайда  үркүп барып токтоду. А чынында алиги, уясынан чуркап чыга калган кашкулак мунун өзүнөн коркуп, жаны чыгып кете жаздаганын  кайдан билмек эле.

Аңгычакты так төбөдөн күн күркүрөп, асмандын бети каршы-терши тилинип кеткендей болду. Заматтын ортосунда айлана-тегерек караңгыланып, тээ мөңгүлөр тараптан ак кар, көк муз жыттанып келген ызгаар кичинекей кулундун денесин чыйрыктырып, билинээр-билинбес сербейген көкүлү менен жалын  уйгу-туйгу дирилдетип өттү. Ошол жел көп өтпөй эле ал ырылдаган шамалга айланды да, кулунду ары-бери сендиректетип, түрткүлөй баштады. Канчалык ордунда бекем турууга тырышканы менен шамалдын күчүнө туруштук бере албай, эми ал шамалдын агымы менен дегдеңдеп чуркап жөнөдү. 

Ызадан бекен же корккон үчүнбү, улам барган сайын болгон күчүн үрөп,  чындап эле арышын кенен-кенен таштай баштады. Анын үстүнө ал тоо ылдый чуркап келе жаткандыктан, өзүнө-өзү тим эле учуп келе жаткандай сезилип, бара-бара кулунга бул жагып да калды. Кудум кечээки тоо кырдай жарыш салып, көзгө илээшпей зуулдап  баратышкан кунандарды элестете, өзүн да кудум ошолордой кадыресе чоң сезип кетти. 

А бирок анын бул «учушу» көпкө деле созулган жок. Бир убакта аяктары талып, өзүнөн-өзү эле демигип барып токтоду. Аркасынан «кубалап» келаткан шамал да кайдадыр житип кеткендей же кулунга жетпей, тоолордун арасында калып калгандай, көздөн кайым болуптур. Анткени ал эчак эле бийиктен түшүп, туш тарабы тоолор менен курчалган чакан конушка келип токтогон. 

Кай жактандыр  чоочун үндөр угулуп, чоочун жыт келди.  Бул жерден алыс, мындан бир кыйла бийик чокуда туулуп, конушка биринчи жолу түшкөн кулун башка бир дүйнөгө кабылып калгандай, бир азга айлана-тегерегине элейе карап турду да, кайра эле жанагыдай  тамагы жашка муунуп, ыйлагысы келип кетти. Ый аралаш ичке, алсыз үнү менен канча бир курдай кишенеп-кишенеп алды да, кайрадан энесинин табышын күттү. А бирок энесинин ордуна кайра да күн күркүрөп, чагылгандар чартылдап  жиберди.

«Жаңы жерге» денеси, кулагы, көзү үйүр ала баштаган сайын иттердин абалап үргөнү сээлдеп, айдарым жел менен кошо бейтааныш, бирок жагымдуу жыттын, ошону менен бирге эле сүттүн илеби келип, эмнегедир ансайын эреркеп, курсагы ачканын сезди. Атүгүл бир убакта каяктандыр тааныш дабыш угулуп, кубангандан денеси «дирт!» деп, кулактары тикчийе калды да, ошол жакка чымын-куюн болуп жүгүрүп баратты… Канча чуркаганын бирок өзү да билген жок. Тээ бир оокумда токтоп, бет алдынан ала айгыр баштаган өз үйүрүн издеп, көзү жеткен жердин баарын кыдырата карады. Кайра анан эсине бир нерсе түшө калгандай артына шарт бурулду да, келген жагын көздөй чуркады. Жана токтогон жеринен кыйла ашып барып, бет алдынан чыга калган саксагай, шаа мүйүз, бүкүрөйгөн ырайы суук жаныбарларды көрүп, жаны оозуна кептеле түштү. Булар –  топоздор болчу. Коркконун саамга унута калып, бойтоңдоп ойноп, энелерин ээмп турган мамалактардын бактысына суктанды. Алар болсо кулунду анчалык деле этибар албагандай, көңүл деле бурушкан жок. 

Кичинекей денесин солкулдата, оор улутунуп алды. Бирок бу жолу анча деле шашылбай, артына жайбаракат бурулду да, туш келди эле илкий басып баратты.

Бул убакта жаан себелеп жаай баштаган. Баарынан кызыгы, кулун туулган бир жумага жакын аралыктын ичинде бир да жолу күн бүркөлүп, кар түгүл жамгыр жаай элек болчу.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (8 оценок, среднее: 3,88 из 5)

Загрузка...