Темирбек Джолдобаев

Страна : Кыргызстан

Писатель, автор нескольких поэтических и прозаических произведений, член Евразийской творческой гильдии, а также Союза писателей Кыргызской Республики.


Country : Kyrgyzstan

The writer, the author of several poetic and prose works, a member of the Eurasian Creative Guild and the Writers’ Union of the Kyrgyz Republic.


Түш кайып…
(Аңгеме)

Чоң алаамат согуштан кийинки жылдар. Август айы аяктайын деп калган, эгин бышкан мезгил. Чакыя тийген күндүн ысык деми, жай аяктап бара жатса да, кайта элек. Ушундай күз келээр маалында, аты айтып тургандай Сары-Өзөн-Чүй боору көңүлдү көтөргөн ажайып, эң бир кооз көрүнүштө.

Колхоздун кеңирсиген талааларында эгин жыйноо убагы. Бир комбайн кызарган талаанын четинен баштап,  башы карыш боло байлаган буудайды чаап келе жатат. Аркы  четинен кызыл жоолук, ак жоолук салынышкан келин–кыздар шартылдата орок менен оруп киришкен. «Быйыл түшүм сонун болду, ташка да чөп чыкты», – дешип сүйүнүшкөн эле эл.

Буудайды чаап келе жаткан комбайн эгиндин чаңына аралаша түшүп, кичине эле жел урса, чаң артынан созула, кызыл тору аргымактын алдына ат салдырбай чаап келе жатканы көзгө тартыла түшөт. Улуу согуш кечээ эле бүткөндүктөн, эгин чаап жүргөндөрдүн дээрлик баардыгы келин–кыздар.

Комбайнды башкара дан бастырып жүргөн келин башындагы кызыл жоолугун тыкыйта байлаган, көк көйнөгүнүн сыртынан кийген кызыл чыптамасы өзүнө куп жарашкан, саргычынан келген, сулууча жүзүн чабылып жаткан эгиндин чаңы басып, мотордун үнү менен кошо кыңылдап, бир ырдын обонун созо, көңүлдүү. Ал улам кызыл дан чогулган комбайндагы бункерди карап коюп айдап келет.

…Ээрдин кашын бир боо жип менен байлап, ийнинен ары жонуна сала, жиптин учун колуна кармап, бешмантынын бүчүлөрүн чечип коюп, бир адам ошол эгин талаанын жээгине келип, буудай чаап жаткан комбайн менен аны башкара айдаган келинди бир топко карап турду да, анан бир азга дем алганы жээгине олтура кетти. Жүзүндө бир нерсеге кайгыргандай, санаа баскандай түрү бар. Кызара текши бышкан эгин талааны, анан комбайнды күрүлдөтө  айдаган жанагы келинди карап, өзүнчө ыраазы боло көңүлү көтөрүлө түшкөнсүдү. Комбайн эгин талаанын бир  башына, бир  аягына чыгып айланып кызуу иштөөдө. Жанагы эгин талаанын жээгине келип олтурган адамдын бул жерден кетейин деген ою жоктой кыймылсыз.

Жайдын акыркы  күндөрү кыпкызыл болуп батып бара жаткан күн, ошол күнгө чагылыша кызарган эгин талаасы. Кызарган эгин талаасында кызыл комбайн айдаган  келин.  Бул ажайып жаратылыштан көзүн ала албай жанагы киши өзүнчө эле түпсүз ойго батып олтура берди. “Ушул  азыркы мүнөттөр түгөнбөсө, түбөлүккө ушундай боюнча кала берсе…” деген кыялы менен бүткүл кайгы – капасы эстен чыгып, жүрөгүн жылуу сезимдер аралап, бир сонун, эч качан эсинен чыкпаган көз ирмем убакыттын кулу боло, жан дүйнөсү жыргап турду.

Эгин чаап, комбайн айдап жүргөн келин бул кишини эчак  байкаган. Анын эгин талаанын жээгине келип олтурганына  бир топ  болду. Бирок, кетейин деген ою жоктой кыймылсыз олтура бергенине таң калса, бир эседен бул адам келинге табышмактуудай көрүнүп туруп алды.

Жанагы, күн батып бара жаткандагы ажайып табийгатты күүгүм баса баштап, шаңкылдаган келин–кыздар чарчаганын билишпей бири кууп, бири качыша оюн–күлкү менен эгин талаасынан суурула үйлөрүнө жөнөй башташты. Комбайн айдап жүргөн келин да жанатан бери дырылдаган мотордун үнүн басып токтотту да, бери эгин талаасынын жээгиндеги олтурган адамды көздөй басты.

Кызык, чоң эле киши экен. Жанында ээр жатат, чокчо сакалчан, сүрдүү көрүнгөн, бирок, жүзүнөн жылуулук чачып турган мээримдүү да, сүрдүү да орто жаштагы адам. Жанына басып барган келин ал адамдан сүрдөнө бир кызыктай абалга кабыла түшө, не дээрин билбей карбаластап калды. Бул жерге кандайча басып келип калганына өзүнө-өзү таң берген келин апкаарый түштү. Анын үстүнө бул кишинин сүрү…      

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (7 оценок, среднее: 4,00 из 5)

Загрузка...