KARON56

Страна : Кыргызстан

Занимаюсь наукой со студенческих лет. Философ, социолог, политолог, филолог. Писатель и переводчик. Защитил научную диссертацию в 2002 году на стыке теоретической физики и философии. Кандидат философских наук. Автор научных монографий “Единое, сознание, творчество: духовные параллели физической эволюции мира”. – Бишкек, 2012. “Нациогенез кыргызов новой эпохи: интегральное исследование нациообразования”. – Бишкек, 2012. Автор многочисленных научных статей в области философии, политологии, социологии и более 200 публицистических статей в республиканской и международной печати. Кандидат в мастера по шахматам. Автор литературных произведений: научно-фантастическая мистерия “Эндорфины Кармазоя”, повесть “Каскак” (Злой рок невинности), рассказы “Кайып булак” (Источник вознесения), “Я – простой сом”, “Ветеринар-гинеколог”. Пишу стихи на кыргызском, русском и английском языках. Перевожу с кыргызского на русский и обратно. Перевожу на английский с кыргызского и русского.

Country : Kyrgyzstan 

Отрывок из перевода триллера Шехсане Мюррей “ Холодные тени”  

Июль, 2014-жыл.2014-жыл.

Шотландия, “Тумандуу Дөбө” жергеси.

  • -Ай сеники өттү, саксайган гана шүмшүк! Азыр жалпайта чаап салайынбы? – деп айылдын бир орундук ооруканасында жаткан абышка кайра-кайра жабышкан чымынды гезити менен кууган болду. Ал шүмшүк ансайын оорулуу неменин тегерегинде ызылдап, айласын алты кетирип жатты.

Шамалга термелген бактардын шуулдаганы басылып, терезе сыртында түнкү салкын аба тунжуроого батты. Терезе пардалар акырын термелип, сеңселип жатты.

Жанараак “Тез жардам” машинеси шаардын четиндеги урандылардын артындагы көлмөгө чөгүп өлмөк болгон бир жанкечтини алып келди. Ошол пациент эми тийиштүү дары алган соң шылкыйып тынчтанып калган болчу да, тажаткан чымынга көз кырын салып, шалдайып олтурган. Чымындын ызылдагы ансыз да  муңайым турган жанды эзип, абышка бир нече жолу терисине жабыштырылган резина жабышкакты үзүп салууга канча далалат кылганы менен, алсыздыктан анте алган жок. Ошол жабышкак аркылуу анын жүрөгүнүн согуусу ийри жылан сыяктуу сызык менен тыкыр белгиленип турмагы.

Терезе артында акырындык менен караңгылык кире баштады. Күчтүү прожектор көчөнү күндүзгүдөй жарык кылып турду. Оорулуунун көзүнө кандайдыр бир белги салынган жаныбарлар көрүнгөнсүп, алардын көлөкөлөрү палатаны толтургансып, ошол элестер анын оюн чачыратып жатты. Өткөндүн бурмаланган көрүнүштөрү оорулуунун ой- кыялдарына такыр туура келбей жатты.

Бул эмне, галлюцинациябы? Же чын эле ошол окуялар азыр болуп жатабы? Же бул мен эмес, башкабы?

… Башын чайкап, жини келип, Шотландиянын көз карандысыздыгы үчүн референдумга үндөгөн өлкөнүн биринчи Премьер-Министр Алекс Салмонддун карикатураларына жана сүрөттөрүнө жык толгон гезитти бүктөп алып, алиги чымын менен алышып жатты абышка. Эл экиге бөлүнгөн болчу: бир даары “көз карандысыз болобуз” дешсе, башкалары “Улуу Британиянын эле курамында болобуз” дешип.

Саясатчылардын шакаба жана какшык менен коштолгшон  сүрөттөрү гезиттин бардык беттеринде толгон. Ошентип, Шотландия өз тагдырын чечип жатты. Мобул кичинекей шаарчанын жашоочуларынын пикирлерин уккан деле эч ким болгон эмес, бирок ар бир атуул өлкөнүн келечеги үчүн толкунданып жатканы чындык болчу. Шотландиялыктар талаш-тартыштан улам чырдаша кетип, өзүн токтото албай, катуу кетишкен учурлар болду.

Өзгөчө пенсия курагындагылар катуу талашап-тартышып жатышканы менен, аларды олуттуу уккан эч ким болгон жок. Пабдардагы кечелерде ичимдик ичүү менен болгон бака-шака чыр-чатактар, эч ким эч кимди укпаган тейде аяктап жатты.

Атаганат, жергиликтүү саясатчылар өзүм билемдикке алдырып, элдин да башын айлантып бүтүштү. Алар элге эгемендиктен бешка эч нерсе керек эмес деген ойду таңуулап жатышты. Акыры, алардын идеялары ишке ашкан жок.

***

Капыстан кире берүүчү каалганын жагымсыз кыйчылдагы угулуп, кимдир бирөөнүн калдайган карааны көрүндү. Ал көлөкөнү ээрчий, күтүүсүз дооштор оорулууну чоочутту. Демин басып, бир нече жолу гезитин булгалап, керебетинин баш жагына коно калган чымынды чабууга ниеттенди. Доош катуулап, тигил көлөкө кишинин сөлөкөтүнө айланганда, оорулуу коркконунан анын жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй туйлап кетти. Бул оорулуунун аты Фред Роджер болчу.

Шоокум тынчып, көлөкө токтой калды. Далистин күүгүм жарыгында тигил сөлөкөт төбөдөгү лампочкага кол созуп, аны чыйкылдатып толгой баштаганы көрүндү. Капилеттен жарк эткен электр жарыгы оорулуунун көзүн уялтып ийди да, чала жабылган эшиктен кадимки дежур доктур жигиттин сөлөкөтү эшиикти такылдатты. Роджер көзүн чакчайтып, дагы эле оор дем алып олотурган эле. Доктур жигит бөлмөгө акырын кирди. Оорулуу доктурдун жүзүн таанып алууга ниеттенип карады эле, анын келбети кандайдыр бир өткөн замандагы бирөөнү элестетти. Роджер ал жөн гана өзү элестетип алган бирөө го деп ойлогон эле, себеби ал шектенүүсү күч адам болчу.

Ушул чакта медкызматчы беткабын чечти да,  оорулууну коркунучтуу арсайган тейде карады. Оорулуунун жүрөгү ого бетер тездеп сого баштады. Күндүз эле коюлган монитор жүрөктүн согуусунун нормадан ашып бараткандыгын көрсөтүп калган эле. Роджер медкызматчынын катаал манерасын байкады. Тигил болсо бөлмөнүн ортосуна олтургучту коюп, бутун бутуна учкаштырып олтургандан кийин, чөнтөгүнөн белгилүү бир маркадагы сигарет алып чыгып, шашпай, аста-секин гана ширеңке чагып, сигаретин күйгүздү. Түтүндү абдан терең оп тартты да, оозунан шакек-шакек түтүн чыгара баштады.

Абышка тигини тааныды, бирок ким экенин эстей албай маң болду. “Ким эле? Менден буга эмне керек?” деген суроо мээсин тешип жатты  да, жүзү күмөндүү тырышты. 

Роджер бир канча убакыт ордунда катты да, тиги лөкүйгөн непме “Жаңгактын гүлдөгөнү ушул айлуу түндө керемет эмеспи, ээ?” – деген сөздү айткыча дем чыгарбай күттү.

Эсине бая экөө жолугушууларда колдогон сыр сөздөр түшүп жатты: “Ооба, жаңгак ай толгон керемет түнү гүлдөйт” – деп көнүмүш болгон сөздү айтып, былк этпей олтура берди.

Роджер  тиги кишини билчү! Бул түнү ага эч ким жардамга кедмек эмес. Кырдаал аны биротоло шөмтүрөттү. Дежур медкызматчынын кейпин кийген неменин суук көздөрү ырайымсыз эле! “Өч, өч” дегенсип, теше тиктеген жаналгычтын көздөрү ай!

  • Тиги кана?! – деп Шульц заардуу киркиреди.

“Тигил” дегени мурунку коллегасы болчу. Ага Роджер Чыгыш Германиянын “Штази”  чалгындоо уюмунан уурдалган документтерди жеткирмек экен. Анадан кийин Будапештте будуң-чаң уюштурушмак экен. Ошол оюнда бир тарап жетиштүү маалыматка ээ болгон соң, дүйнөнү чаңдатышмак.

Тээ “кансыз согуш” маалында таймашкан эки тарап ошондой бир калайманды баштамакка камданышып, керектүү кырдаалды күтүп, британдык, россиялык шпиондор өз ара коркунучтуу оюндарды уюштуруп баштаган эле. Идеологиялык кармаш акырындык менен башка түргө өтүп, болочок согуштун пландары чийилип баштаган. Ошондой учурда, жоголгон маалымат ким тарабынан гана болбосун, тийиштүү “конпканы басканга” абдан маанилүү болгон. Эки тарап тең адамдарды коркунучка кептеп турууга аракеттенген менен, кырдаал акырындык менен жумшарып, “темир тосмо” ачыла баштаган болчу.

Эмнелер гана болбоду! Бирок, интригалар менен куру таймаш күчүн жоготуп калган болчу. Анын үстүнө документтердин жоголгону көптөгөн бузуку уюмдар үчүн сокку болду…

Роджер шилекейин жута кекечтенип жатып суроо салды:

  • Ким, каяктагы? Эмне?
  • Менин аялым Лорен! – деп Шульц ордунан секирип турду да, анын тиштенген ырайы Роджердин маңдайында кумсарды.
  • Аялым дейсизби? Кипм ал? – деп Роджер анткорлонуп, билмексенге салууга далалат кылды.

Коркууданбы, же “Лорен” деп аталган ысымдын  айынанбы, Роджердин беттери ысып чыкты. Ошол зайып менен болгон бир нече окуя анын көз алдынан чубуруп өттү. Эки бетин алакандары менен жаба калды.

  • Эй, бери кара! Мен сени менен сүйлөшүп жатам го! – деп бакырды Шульц.
  • Ой кечириңиз. Алиги экөөбүзгө берилген тапшырманы апкелип, мен кофе даярдай калгыча качып жоголгон аялбы? – деп билмексен болмокчу аракети оңойгө турган жок. Дагы жакшы, Лорен байкуш жанында эмес. Ошону ойлоп, коркуу сезиминен алыстады көрүнөт, бирок Роджер баары бир  Шульц менен болуучу сукбат оңойго турбасын жана узак болоорун боолгоп турду. Эми ал өзү дагы ошол сүйүктүүсүнүн кай жакта жүргөнүн билүүгө дилгир эле.
  • Ии ооба, дал өзү! Артынан жанталашып чала французча булдурап чуркап жүрбөдүң беле, ишинен алаксытып!

Шульц “Честерфилд” деген сигареттин пачкасын алып чыгып, бирди чеге баштады. Кутуну кайра төш чөнтөгүнө сала берип, тамекинин түтүнүн оозунан шакекче кылып чыгарып, Роджерге тигиле тиктеп олтурду. Экөө бирин бири тиктеп, баягы жаштык кез артта калганын сезип олтурушту. Экөө тең көздөрүн чала жумуп, өткөн окуяларды тизмектеп, көздөрү кобра жыландай арбашып, купуя суроолорго жооп издешкендей.

Роджер эми өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү келгенин сезип, качанкы окуялар менен адамдарды бирден көз алдынан  өткөрө элестетип жатты. Элестер көшөгөсү арылап, өзүнө суроо салды ичинен: “Өткөндү унутууга болобу? Жок!” деп өзүнө катаал жооп кайтарды ичинен. Өмүр бою артка кылчаюуну билген эмес, ал эми эстутуму кечээги менен эртегинин ортосунда кыпчылып, өмүрү кайчы тилкеде калган эле.

Эми, эстутум канчалык эзип жатса дагы, канчалык өткөндү унутуп, жашоосунан сызып салууга аракет кылса дагы, болбоду! Эстутум тирүү нерсе экен! Андан кача албайт экенсиң. Ал сенин кан-жаныңа бекем сиңген, андан кутулбайсың!

Эми минтап “өмүр” деген жардын кырында туруп, узак мезгил мурунку күрдөөлдүү окуяларды тизмектеп жатты.

… Ошондогу элес. Ээсиз калган кооз имараттын ичинде оор парданын ортосунан күн шооласы көзөп өтүп, алтын буусуна кармаган алкагы бар чоң күзгүлүү кенен бөлмөгө бир аз жарык берип турду. Арыдан бери коюлган эмеректер ыңгайлуулук сезимин берип тургансыйт да, ортодо кымбат баалуу жаңгактан  атайын буйрутма менен жасалган ийри буттуу күрөң рояль турат. Арыда капкагы чала ачылган патефондон жакшынакай обон кайрыктары угулат. Ошол кеч Роджердин оюна түштү. Адамдардын шоокумдары бир пайда болуп, бир жоголуп кетип, үндөрү акырын чыгууда.

Роджердин көңүлүн өзүнө бурган айым менен мырза болду. Айым сымбаттуу денесине чып жабышкан кечки үлпөт көнөкчөн, чач саркечи 30-жылдардагы пормда жасалгалаганган, аны мырзасы белинен тарта, кулагына бирдемелерди французча күбүрөйт. Роджер кулак сала, айрым сөздөрүн түшүнө тыңшап турду. Лорен менен бейтааныш мырза сукбатташ тепкичтен ылдый түшүп кетишти да, үндөрү угулбай калды.

Ушул элести Роджер кыялында далай жолу тартыпе жүрдү. Кыялында, Лорен. Жалгыз-жарым жүргөндө ал айым дароо көзүнө тартылып, Роджер канчалаган сааттар, күндөр, айлар бою ошол элес менен жашады. Ал эми Лорен болсо Роджерди гана күттү. Ана, керебетке боюн таштап, буркурап ийди эле, ошол замат Роджер пайда боло калат да, тизесин секин сылаган болот. Лорен  моймол көздөрүн ачат. Роджер каны кызый лорендин бал көйнөгүн айрып жиберет. Өзүн жомоктогу Минотавр сымал элестетип… апей, сүйгөнүнүн көздөрү башкада эле. Лорен тигил бейтааныш менен бийлеп, анан алар акырын тепкичтен ылдый түшүп кетишти. 

Кайра эле ошол элес. Роджер мейкиндикти кеңейте салып, Лоренге тигил бейтааныш неме жакындабаса экен деп тиленет. Аттиң, болбой эле тигил желмогуз кайра пайда боло калат. Оюнда байкуш Роджер алиги бейтааныш мырзага уттурган болот. 

***

Роджер эсин жакшылап жыйууга аракет кылып жатты. Ал өзүн чоң даракты кучактап алып, буркурап ыйлап жаткан тейде элестетти. Анткени, жакынкы эле окуялар анын эсин эки кылып, баштапкы кыялдары, өткөн өмүр жылдары, жетпей калган сүйүүсү, өзгөчө Лоренгге болгон арзуусу аны уялтып да, ардантып да жүрдү. Бул купуя сыр өз ичинде гана сакталып, аны аялына да айтпаган. Аялы тирүү кезинде, баягы кызыл көйнөк сулууга болгон арзуусун ачыктай ын деп оолжуп барып токтогон болчу…

Роджер өзүнүн ойлорунан чыгып, бир силкинип алды да, терең үшкүрдү. Аялынын доошу кулагында кадимкидей жаңырат: “Мен баягы жаштыгыбызды кайра-кайра эстей берем. Каакым-куукумду  үйлөп, апакай чачыктарын желге айдачу эмес белек. Кандай гана шарттар болбосун, үмүт менен жашадык го. Каакым-куукумду кантип шамалга каршы үйлөсүн десең! Бирок, мүнөзүбүз ушундай бала кыял эмес беле! Сага болгон таарынычым ичимде кайнап, көз жашымды көрсөтпөй, ызам эстутумумдун тереңинде катылган. Эми өткөндү эстегенде эмне, Роджер, туурабы?” – деп курагы элүүдөн өтүп калса дагы, анын “сыр аяктан сыны кетпеген” ак жүздүү байбичеси сөзүн бөлүп сайрай берүүчү. Эми анын жаны асманда.

Баары калды. Роджер түнү бою адашкан карт мышыкка окшоп, түнкүсүн бакка жөлөнө буркурап, бугун чыгарып-чыгарып алчу болду. Анысына өзү кайра уялат.

Илгери, ушул дарактын түбүнө аялын жетелеп келип, “Мен башка жубанды сүйөм, сенден кетем” деп айтмакчы болгондо, келинчеги анын сөзүн бөлө, “койчу жаным, биз өз доораныбызды сүрдүк, өткөн өттү, сенин азабың, тарткан мээнетиң артта калды. Эми кайрадан биргебиз!”

Роджер алыста экенин сезген аялы, күйөөсүнүн көңүлү башкада экенгин сезгендей, ыйлап алчу. Бирок тигил айым ким экенин билгиси келчү эмес. Шордүүнүн өмүрү коркунуч менен күтүүдө өттү. Ушуга да каниет кылды. Тагдыры ошол экен…

***

Экөө ошентип ар кимиси өз билгенин ойлоп, канча олтурганы белгисиз, бир маалда Шульц тамекисин кайра түтөттү. Роджер көзүн ачып, реалдуулукка кайтты. Шульц андан эмнени талап кылаарын түшүнүп турду. Ал алиги Лоренди коштогон эркек керек болчу. Роджердин эстутуму өткөндүн ар бир окуясын майда-чүйдөсүнө чейин кармарп калыптыр. Ушул нерсе ага тынчтык бербеди. Эстутум менен кыял желелери чапталышып, чаташып калды. Анын жашоосу да ушул желеге байланды. Сүлүк курттай жабышкан өткөн окуялардын элестери ушул оорукананын бөлмөсүнө кирип, жык толуп алгандай туюлду.

“Эстутум”. Роджер акырын башын чайкап, Шульцка билгизбей ыржайган болду. “Демек, эч нерсе унутулбайт. Баары жашоодо, мына азыр тирүү. Жаныңда.

Ушуларды ойлогон Роджер арык колу менен сызылып чыга калган көз жашын билгизбей сүртүп алды. Шульцтун алдында алсыз болууну каалабады. А тиги болсо, Роджерди жаман көзү менен тиктеп турган. Анын суук көзү роджердин бүтүндөй тулкусун муздатып жатты.

Шульц эмнеге келди экен бул жерге? Ал кантип Роджерди көп жылдар бою эзген окуялардын туткуну болуп алды?

Таноолору кеңейип, өткөн-кеткен иштер жаман жасалган кинодой чубалып жатты.

***

 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (14 оценок, среднее: 4,29 из 5)

Загрузка…