Тама

Страна : Кыргызстан

Я Замира Жантаева. Я с детства люблю сочинять стихи. Это моё хобби. Я живу в своих стихах.


Country : Kyrgyzstan


Стихотворения

Качанкы бул тоолор?


Эзелки карт тоолор кербендей чубаган,
Ээрчишип бири-бирин толуктап улаган.
Улуусун урматтап тургандай катарлаш,
Ак мөңгу чокуга бойлорун кынаган.

Мезгилди бойлогон токтолбос жарыштын,
Мелтиреп кубөсу өткөнку тарыхтын.
Катылган сырга бек бейкапар керилген,
Качанкы бул тоолор? Билген бар анык ким?

Кубөсу учурда биздин да тагдырдын,
Калчаган кундөргө өйдө-ылдый тагдыр миң.
Агылып кылымдар өткөндө биз жокпуз,
Анда да кубөсу бул тоолор ал кундун.

Өмур учун төгуп тер.
Гиппократ антын ыйык санашкан,
Гул өмурдун сакчысы ак халатчан.
Кызматына шайкеш жандар ширелген,
Кыраакылык менен чебер таланттан.

Ак халатчан женил колдуу улукман,
Ажал менен арбашып тик турушкан.
Адамдардын жабыркаткан органын,
Ар кыл дартты мунөзунөн туюшкан.

Дарысынан мурда сөзу дем берип,
Дартман көөну умут байлайт демденип.
Даяр турган сактоо учун өмурун,
Дарыгердин аракетин жөн көруп.

Бар болгула алтын колдуу медиктер,
Баасы чекчиз өмур учун төгуп тер.
Дартты кылдай сууруп алып сакайтып,
Далай жандын бактысына шериктер.

Жайлоо таңы

Аппак болуп тан сөгулуп кайрадан,
Асмандагы жылдыз өчуп жайнаган.
Сыдырым жел сергитуучу боюңду,
Сылап өтөт көңулду өргө айдаган.

Кундун мурду жылт эткенде чокудан,

Кутуп алып кубаттанып отурам.
Дем беруучу, өмурлөргө өбөлгө,
Дартка даба нур жиберген отунан.

Туркун кайрып сайроосуна кубулжуп,
Туруп кулак, кумар кандыр, бул ырды ук.
Татпаган эч мурда мындай жыргалды,
Табигаттын бир кушунан туюндук.

Бээ кишенеп, кулун туйлап желеде,
Бири-бирине ыктай калып дегеле.
Окурана жыттап коёт мойнунан,
Окшоп кудум наристелуу энеге.

Зоокалары нур курчана комдонуп,
Тоо, таштары балкып жатат ойгонуп.
Жашоо шаңы башталганы жайлоонун,
Жашаң бет бут жамыраган кой болуп.

Таң беремин

Адамдардын кыйма-чийме агылган,
Агымында дуйнө барат ар бөлөк.
Көздөрунөн умут көрөм чагылган,

Көздөп жургөн максаттары бар демек.

Жок иштери бири менен биринин,
Жолдон бирөө жөөлөп өтсө байкабай.
Кете берет элес албай тиги ким,
Кадамынын ыргактарын кайталай.

Орундалып кээлеринин максаты,
Багы жанса сая кетпей эмгеги.
Десин суутуп иши журбөй аксашы,
Дагы бири тагдырынын эрмеги.

Бактылуу да, бактысыз да бардыгы,
Бай, жакыры бир абадан дем алуу.
Таң беремин, буюруптур алдыгы,
Таман жолдо бирге кадам кере алуу.

Символу бийиктиктин
Асман ачык…оогон кез тун жарымы,
Ажайып тура көрсө тун дагы бу.
Жылдыздар жымыңдашса байкашкандай,
Жердеги менин көңул бурганымы.

Сан жетпес жылдыз сансыз кылым басып,
Келсе да койбойт ушул сынын жазып.
Ааламга кут консун деп чачкан сымал,
Атайын кумуш мончок ырымдашып.

Тубөлук суктанууга бийиктиктен,
Тушпөгөн … зоболосу бийик буткон.
Жылдыздын жылдыздыгы турбайбы бу,
Тунөргөн тун сурунө кулуп туткөн.

Символун бийиктиктин жабыраган,
Суюлуп баратышса кыйып араң.
Кол булгап тандын Чолпон жылдызына,
Козголдум чыйрыкканым туйуп анан.

Бейиш ушул көл белем

Кундун алтын нуру өтуп денемден,
Куугө салат журөк кылын тереңден.
Кыялдана кумду шилей олтуруп,
Көөдөн кере алам жыргап терең дем.

Көл жыбырайт көз алдымда көгөргөн,
Көк берметтей чебер зергер чөгөргөн.

Көл тамчысы болуп кетким бар азыр,
Көзум артып толкундарга көл өргөн.

Кучагына кулап туштум….термелем,
Куушуп өтсө майда толкун дембе-дем.
Жагымдуусу!!! Жан сергиткен мынчалык,
Жараткандын бейиши бул көл белем.

Төө өркөчтуу толкун келип топтолуп,
Төшкө урунуп кайра кайтат оштонуп.
А мен болсо туурап ээрчип толкунду,
Аласалам секелектей шоктонуп.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (71 оценок, среднее: 4,11 из 5)

Загрузка...