Кайыр Жазы

Страна : Россия

Пишу прозу и стихи. Я живу в этом чудесном мире с 12 лет. Я люблю путешествовать по миру. Мне нравится французская классика.

Country : Russia

I write prose and poetry. I have been living in this wonderful world since I was 12. I love to travel the world. I like the French classics.

Стихотворения о любви 

ЖАН ДҮЙНӨМДҮН СИМФОНИЯСЫ

Чертилип жан дүйнө симфониясы,
Ойнолот Бетховендин хор ариясы.
Ойлонуп кыялдарга батып уктум,
Агылса музыканын чоң дайрасы.

Флейтанын аста чыгып назик үнү,
Скрипка коштоп чертет сонун күүнү.
Алсызмын алдыңда мен классика,
Жазылган ноталардан​ муза түрү.

Урулуп барабандын жагымдуусу,
Фортепиано жараткан жүрөк сыры,
Миң түркүн музыкалык аспабыңда,
Жагымдуу обон салат сүйүү ыры.

Керемет кечимдин да бир үзүмү,
Чоң залда чертилген ыр түркүмү.
Дүркүрөгөн кол чабуулар, гүлдөр дагы,
Жарашып маэстрого​ ​ сахна төрү.

Сыдыканова Кайыргул.
Кыргызстан.

КЫРГЫЗСТАН МЕКЕНИМ

Кандай сонун Кыргызстан – Мекеним,
Арнайм сага жакшы​ ырдын неченин.
Абаң таза, жайлоо төрү жыпар жыт,
Кашка сууңдун суусун кана ичкемин.

Ак калпактуу Айкөл Манас атамды,
Кылымдарга тарых кылып жазамын.
Чынгыз атам чыккан Талас жеринен,
Ааламга бүт жайды Кыргыз атагын.

Бабаларым мурас кылып калтырган,
Байлык кенин Жер энеде катылган..
Айланаң бүт тоолор менен курчалып,
Ысык Көлүм чалкыйт көздү талдырган.

Жайлоо төрү Сөң Көлүмө жарашкан,
Солтон Сары сулулуугун караткан.
Бийик ашуу Долонумду айтайын,
Өзөгүндө Нарын дайра шар аккан.

Жибек Жолу, ордолуу Ош тараптан,
Алымбектин урпактары тараган.
Сулайман тоо, ыйык жери элимдин,
Суктансын деп, берген экен Жараткан.

Борбор шаарым мекенимдин ортосу,
Кыргызымды бириктирген ордосу.
Бишкегимдин бульварына барганда,
Жалын чачат жаштыгымдын оттору.

Тарыхы бар кылымдарды карыткан,
Улутумду Кыргызмын деп мактанам.
Алыс жүрсөм Мекенимди сагынып,
Ата журтум сени менен данктанам.

Сыдыканова Кайыргул.
Кыргыз Республикасы.

Сезим күчү…

Көөдөнүм сагынычтын сырларында,
Бирде ыйлап, бирде күлкү жыргалында.
Баардыгын таштап салып эч карабай,
Сезимдин кетким келет аралына.

Булуттан жүрөк жасап кыялымда,
Башымды ийип турам сүйүү алдына.
Быркырап сынса дагы айнек күзгүм,
Бакыттын кетким келет аралына.

Жазылып кусалыгым​ ырларымда,
Кучактап жаздыгымды ыйладым да.
Алсырап эркелеймин айта албай,
Махабаттын кетким келип аралына.

Сыдыканова Кайыргул.
Кыргызстан.

КЕЧИРГИЛЕ.

Кечиргиле туугандарым, балдарым,
Мен сүйүүнүн жазам келем ырларын.
Жаратканым берген ушул талантты,
Калемимди кантип анан тыямын.

Кечир мени, алган жарым бакытым,
Күндө жазам ыр дүйнөнүн ачыгын.
Күчтүү экен сезимдеги махабат,
Көргөн кезде аппак таңдын атышын.

Кечир досум, сөз кылбагын артымдан,
Кубалашып ырлар менен жарышам.
Курдаш болуп түшүнбөсөң өзүмдү,
Сени кантип досум деп айта алам.

Кечир мени ырларымдын саптары,
Артта калган өткөн өмүр бир агым.
Арзуу ырды, ачык айтпай каткамын ,
Анда көрсө, түшүнбөгөн жаш чагым.

Тийбегиле эли журтум, бүт аалам,
Түшүнбөстөн урушсаң ыр жазам.
Тилиңерден акса дагы уу сөздөр,
Кең ааламда сүйүү акыны аталам.

Сыдыканова Кайыргул .
Кыргызстан.

 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (5 оценок, среднее: 4,00 из 5)

Загрузка…