Бубуйра Бектенова

Страна : Кыргызстан

Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельность с сферы торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета по специальности “Экономист” и продолжала работу в качестве директора магазина. Сама она с детства увлекалась литературой. Публикации: альманах «Мозаика» I, II части; «Кыздар ай» ч. I, II. Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (“Чувства пред которыми я преклоняюсь”) – 2004г.; “Ай тамга” – 2015г.; “Уядан учкандар” (“Вылетевшие из гнезда”) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (“Следы кочевников”) – 2016г.; “Жанкарач бий доору” (“Эпоха Жангарач бия”) – 2018г.; “Гүлдастан” (“Сага о цветах”) – 2018г.; “Байтик Баатыр” – 2019г. Член Национального союза писателей КР. Член Евразийской Творческой Гильдии (г. Лондон). Участница Литературного Фестиваля “Открытая Евразия 2019” в Брюсселе. Отличник культуры КР. Обладательница почётных грамот и медалей от государства и общественных организаций.

Country : Kyrgyzstan

Bektenova Bubuira was born on December 17, in 1956 in the village “Kum-Aryk” of Zhayil region. In 1977 she graduated the Cooperative College and In 1985 she graduated the Faculty of Economics of the Kyrgyz National University. Publications: almanac “Mosaic” I, II parts; “Kyzdar ai” parts I, II. Published books: “Men siiyngan sesimder” (“Feelings before which I bow down”) – 2004; “Ai Tamga” – 2015; “Uyadan Uchkandar” (“Flew Out of the Nest”) – 2015; “Kөchmөndur izi” (“Traces of nomads”) – 2016; “Zhankarach biy dooru” (“Epoch of Zhangarach biy”) – 2018; “Guldastan” (“The Saga of Flowers”) – 2018; “Baitik Baatyr” – 2019. Since 2012, she is member of the National Union of Writers of the Kyrgyz Republic. Member of the Eurasian Creative Guild (London). Participant of the Literary Festival “Open Eurasia 2019” in Brussels. She is a mother of two daughters and a grandmother of three grandchildren.

 

 

Отрывок из публицистики “Кыргыз Империясы жана Байсейит баатыр тарыхы”

Кыргыз Империясы жана Байсейит баатыр тарыхы

Жакында эле Кыргыз Республикабыздын Президенти Жапаров Садыр Нуркожо уулунун жардыгы жалпы элибизге жарыя болду.

Акыры кыргыз эли үчүн жаӊылануунун, өзүбүздүн түп-тамырыбызга кайрылуунунун, улуттун өзөгүн түзүүчү алтын корубузду аздектөө, элибизге ата-бабалардын тарыхый аттарын кайрадан койууга жана да башка нукура кыргыз тарыхый аттарын койуу демилгеси президентибиздин демилгеси аркылуу ишке ашканы турат. Мындай соопту иштерге өзгөчө мамиле жасап жаткан Урматту Президентибизге жалпы элибиз ыраазы болууда.

 Ооба, Кыргыз империясынын өткөндөгүсүн ырастаган илимий реалдуу аныктамалар, ал гана эмес, немец архивинен табылган II кылымга таандык жарым дүйнөлүк картасында «Кыргых Көчмөн Империясынын», башкача айтканда Кыргыз империясы Атлант океанынан баштап Тынч океанына жерки кеӊири территорияны ээлеп, Кыргыз империясын түзүп, каганат кандыгын орнотуп, жер шарына үстөмдүк кылганын тарых өзү далилдеп айтып берип жатпайбы.

Ананчы батыш менен чыгыштын ортосун бийлеп турган ата бабаларыбыздын арбактарына таазим этип аларды даӊазалоо, биздей урпактардын мойнуна түшкөн милдет деп билсек оӊ табаар элек.

Байыркы бабабыз Өгүз кандын бир эле убакта күн чыгыштан күн батышка жаадай керилген жортуулдарын, түн жагынан күн жүрүшкө жебедей аркыраган жаангер доорун илимпоздор, тарыхчылар жазып калтырышкан. Стамбул кол жазмаларында Өгүз кандын (кагандын) жортуулдарын сүрөттөгөн жазмалардын болушу буга ачык айкын күбө болот эмеспи.

Стамбул кол жазмаларында Өгүз кандын (кагандын) урумга Рум кандыгына, Мисир кандыгына, Урус кандыгына (Орус) кылган жортуулдары жана аларды баш ийдиргени жөнүндө ырастап айтылган кол жазмалар Стамбулда сакталып турат. Мына ушул кабарлар Кыргыз каганаты батыш менен чыгышка үстөмдүк кылгандыгынын  күбөсү.

Уӊгулуу байыркы кыргыз каганы Өгүз кандын дастаны, бирде көрүнүп бирде көрүнбөй кыргыз империясынын тарыхындагы күӊүрттөлгөн уюткусунда уюп жаткандай, ал күӊүрттү ачып, алтын жипти чубагандай чубап элге алып чыгуу, жалындаган жарык кыргыз атуулдарынын парзы десек туура айткан болобуз. Ыйсанын (Иисус) жыл санагына чейинки башкача айтканда биздин заманга чейин 209 жылы Өгүз кагандын такка отурганы Стамбул кол жазмаларда табылгандыгы ырас.

Тарых сабактарын карап көрсөк Адил кан (Атилла) атабыз Европанын 60 %жерин ээлеп алгандыгын кантип танабыз.

Азыркы Венгрия мамлекети Будапешт шаары ошол Адилкан атабыздын ордосу болгондугун тарых тастыктап айтып жатканын ким танаалат. Анын жортуулдарында өзүнүн аскерлеринин ылдамдыгы, кайраттуу баатырлыктары менен бирге, эӊ башкысы «анын  жоокерлери Адилканга берилгендиктен Адилкан  «жеӊилбес» колбашчы аталган. Ооба ал жоо менен жүздөгөн беттешүүлөрдө эч убак жеӊилүүгө дуушар болбогон. Тескерисинче батышты көздөй чагылгандай болуп чартылдап жаадай тийип ар убак жеӊишке жетип турган.

Манас атабыз 8,9 кылымда каганат түзүп чыгышты багындырганын кимибиз гана билбейбиз.

Кыргыз бирде тарых барактарында чагылгандай жарк этип жарыгын чачса, бирде замандардын бороон чапкындарында буюугуп, көрүнбөй калып  өлүп барып тирилген, өчүп барып тутанган эл болгондугубузду тарыхыбыз айтып берип жатпайбы.

Эми биз байыркыларды койуп кечееки эле ата бабалар доорун, оош кыйыштарын, тынымсыз согуштардын азап тозокторун, ошол оорчулуктарга карабай эл эркиндиги анын келечеги үчүн канжыгага баш байлаган ата бабалардын дайынын айтып берсек жарашат го.

Манас атабыздын духу менен сугарылып, элдин жердин милдетин көз тумардай бек сактап, өз жандарынан кечип өткөн, кечееги эле ата бабаларыбыздын дайынын санжыралардан, дастандардан, тарыхый оозеки жады чыгармалардан ооздон оозго, жүрөктөн жүрөккө  жеткирген дастанчыларыбызга, манасчыларбызга да башыбызды ийип таазим кылуубуз парз эмеспи.

Анда кыскача да болсо ошол баатыр ата бабалар дайынын айта кетели. Эзелтен эле Чүй боору бардык уруулардын топтолгон, тогошкон бирдиктүүлүктү, ынтымакты бекемдеген эл  жана жер экендигин эч ким тана албастыр.

Айтылуу Солто атабыз ар себептер менен качып келген кыргыз урууларынын баатырларынын, артынан куугун келсе эч убакта берген эмес дешет.

Мисалга айтсак Кайдоол баатыр жана башка баатырлар. Кыргыз тарыхын барактасак, кыргыз элдүүлүгүн сактаган, ырыс ынтымагынын өзөгү болгон Чүй жери, анда жашаган солто эли экендигин орус окумуштуулары, тарыхчылары жана кечееки эле XIX кылымда 1852 жылы Орус географиялык коомунун мүчөсү, түрк элдеринин алгачкы философу Чокан Валиханов солто эли жөнүндө мындай жазып калтырганы бар. Чокан Валиханов: «Солто уруусу, элдикти түзүүчү, мамлекет түптөөчү эл»-деп, 2 томдугунда калыс баасын айтып калтырган. Орус империясы артынан кууп жеӊе албаган Кененсары канды Солто эли жеӊгенин изилдеп туруп ушул аныктаманы жазган. Аблайдын небереси Касым кандын уулу Кенесарынын жер жайнаган колун ошол кездеги Солтонун бийи Жанкарач, Тынайлардан Жантай, Ниязбек уулу Ормон кандын бириккен колу Кененканды жеӊилүүгө мажбур кылышкандыгы тарыхта таасын маалым.

Кыргыз урууларынын биримсиздигинен Аблай кандын кыргынында, ал «Жайыл кыргыны» деп тарыхта таасык айтылып калгандыгы баарыбызга эле белгилүү. Ошол кыргында Жайыл баатырдын көздөй күйөө баласы сарыбагыш Атаке баатыр Таласты көздөп кетип калып, Солтолор коркконунан эмес, колунун аздыгынан кыргынга учурап жеӊилүү ызасын тарткандарын да тарых билет.

Жайыл кыргынында кыргыз бийлери чогулуп , эми кимди Аблайга элчиликке жиберебиз деп кеӊеш курганда, ары кетип, бери кетип жатып, ушул Жамансарт уулу Түлөберди гана жарайт деп Түлөбердини Аблайга жөнөтүшөт. Бул элчилик Түлөбердинин биринчи элчилиги эле.

Эл  ичинен суурулуп чыккан чечендиги чексиз, көз ирмемде сөз тапкан, Алла Таалам Түлөбердинин өзүнө гана таандык, тубаса чечендик, элчилик касиети элди арбап сөздү куюлуштуруп, анын оттун табындай күчтүү сөзүнө мунабай турган эч ким болбоптур. Түлөберди көк жал, көсөм болбосо  канды дарыядай агызып, канды суудан арзан көргөн ары каардуу, ары жеӊиштүү болуп турган Аблай канга 19 жашар жаш элчи беткей кара алмакпы?

Сөзсүз жок да! «Элчи менен ырчыга өлүм жок» деген менен кан каарына калса элчинин деле алмадай башы топ этип кылыч мизине шылынып түшөөрү ал убакта, жоокерчилик заманда текейден арзан болучу.

Түлөберди сүйлөгөндө анын сөзүнө эч ким такаат айтып туруштук бере албаган оозунда сөздүн табы жалын от болуп күйүп оргуштаган кайраты жанган жаш элчи, отурган кан, бек, султандарды «сөзү» менен кыргыз кызыкчылыгына бура алды.

Анын таасирдүү, күч кубаттуу сөздөрүнө эл арбалып, ооз ачпай тыӊшап муюп калышчу дешет. Анан айтылган сөздөрү кылычтан курч, найзадан өткүр болучу.

Ошол жоокерчилик заманда кылычтын мизи, найзанын учу, акылдын күчү менен гана адам жана аалам тагдыры чечилип турган заман эле да. Ал заманда туура айтылган сөзгө кан да, кул да баш ийген заман болучу.  

Түлөберди калыстыктан кайтпаган, беттегенин бербеген, жейренче чечендей сайраган элчи болучу.  Аблай Чүйдү алгандан кийин кетип калбай корготунун башында колго түшкөндөрдү асып, өлтүргөнүн өлтүрүп жаткан кези.

Элчилик кан майдандагы кылычташуу, найзалашуу эмес, бул жерде сөз майданы, сөз эрөөлү жүрөт, сөз менен кылычташат. Жеӊиш майрамын майрамдап жаткан Аблай кыргыздарга: «Талас менен Чүйдү мага бергиле», деп турганда, Түлөберди сөз эрөөлү менен Аблай канды сөзгө жыгып, кыргыз жер чектерин аныкташып, бекитишип, касам ичилип, ант беришкен, бир чечимге келишкени Түлөбердинин кайраты, намысы, билгилиги эмей эмине деп айтабыз.

Эки тараптын келишими менен казак-кыргыз жер чектери Түлөберди айткандай Таластын башы Чокмордон тартып Илеге жери барып Сары-Токумдан токтогон.

Ошол Түлөберди чек кылган жерлер Кокон кандыгы жана орус басып киргенде бузулуп, мурдагы чек чыгышка жылып азыркы Ашмара (Чалдовар) чек болуп калды. Болбосо Түлөберди Аблай менен бекиткен чек 70 жыл бойу козголбой туруп бергендиги ырас.

Айта берсек сөз көп, бирок кырк ууру кыргыздын такыр эле биримдиги жок эл болгон дегенден алыс болуубуз абзел. Манас атабыз эл башын кошуп улуу каганат түзсө, кийинки кыргыз уруулары биригип кыргыз жерлеринен калмак жоону кууп  чыгып кыргыз жерлерин бошотту.

Солтонун кичүү баласы Чаа баатыр, калмак күчөп  турган кезде да эл ичинен суурулуп чыгып, кыргыз элдүүлүгүн сактоого өмүрүн арнаган. Чаа баатырдын урпактары кийин кыргыздын намысын талашкан, эркиндик үчүн күрөштүн сап башында тургандар экенин тарых айтып жатпайбы.

Бул боштондук күрөшүнүн башында ошол кездеги (18 кылым) оӊ канат менен сол канаттын баш бийи Кошой бийдин жетекчилиги мнен ишке ашкандыгы белгилүү.

Чаа бийден кийин анын уулу Талкан бий, анын уулу Кошой оӊ канат менен сол канаттын бийи болгон, андан Кошойдун бир тууганы Коӊурбай уулу Жайыл бий, андай Кошойдун уулу Жамансарт бий, андан Аблайга элчиликке барып жеӊиштүү кайткан Жамансарт уулу Түлөберди бий андан Канай бий, андан Канайдын агасы Эшкожонун уулу Жанкарач бий, андан кийин Канай уулу Байтик бий болуп, андан кийин Байтик уулу Байсал «болуш» болуп, кийин Кеӊеш Өкмөтү жана, орус  жана Кокон келген соӊ баары бузулду.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (2 оценок, среднее: 5,00 из 5)

Загрузка…