Adilet

Страна:Кыргызстан

Работаю в сфере информационных технологий. Творчеством начал заниматься с рождением ребенка. Много приходилось сочинять рассказов, чтобы было интересно ему. Сейчас ему уже 9 лет и уже меньше начал интересоваться моим творчеством. Но в прошлом году в нашей семье случилось радостное событие и родился второй сын и уже в скором времени возможно придется опять много сочинять.


Country: Kyrgyzstan

Currently I work in IT. I have started writting from the birth of my first son as he was continuesly asking for interesting stories. Now he is already 9 years old and not interested in my works a lot. But last year a happy event happened in our family and a second son was born, and soon it may be necessary to write a lot again.


Отрывок из детского рассказа “Маймышык”

Илгери-илгери токойдо жан-жаныбарлар менен кошо бир  мышык жашаган экен. Күндөрдүн бир күнүндө мышык өзүн-өзү  карап, өзүн-өзү мактап, ары-бери басып ойго батат.  

– Менин курсагым торсок, жүнүм жумшак, терим жылмакай,  жытым сонун буркурайт. Жиниме ким тийсе, терисин тескери  сыйыра тытмалап салам. Анан, жоосуна жол бербеген, коӊшуга  кол бербеген жанагы жолборстон эмнем кем дейм да. Атымды  да өзгөртүп, Жолборсмый болуп алсамбы, ыя?, – деп ойлонот  мышык. “Мен кыйынмын, мен мыктымын” деп отуруп мышыкты  мактаныч ой ээлеп алат. Өзүнө бир да жанды теңебейт.

Ошентип өзүн кыйын сезген мышык токойду аралай басат.  Караса кирпи эки колун билегине чейин түрүнүп алып, шы малана үй салып жаткан болот. Мышыкты байкаган кирпи: 

– Үй салып жатам мышык. Келип бир кол тийгизип, жардам  берсең боло?  

Анда мышык: 

– Эй кирпи, мени көрүп турасыңбы деги? Курсагым торсок,  жүнүм жумшак, терим жылмакай, жытым сонун буркурайт.  Жиниме ким тийсе дагы курч тырмактарым менен терисин  сыйыра тытып алам. Анан ошентип токойдо жалгыз өзүм  кыйын болуп туруп, сага кантип жардам берем?! Башкалар  эмне дейт?! Сага жардам берип, үй салышсам колдорум ке силип, тырмактарым сынбайбы?!”,- деп корс этип алып, ан дан ары жолуна түшөт.

Сапарын андан ары улап бара жатса жолунан бир тыйынчычкан  көрүнөт. Ал күжүңдөп, буту-бутуна тийбей, ары чуркап- бери чуркап  жангак, алма-алмурут, жер-жемиш чогултуп жүргөн болот. 

Тыйын чычкан мышыкты көрүп:  

– Мышык мышык, кышкыга тамак-аш чогултканга жардам берчи,-  деп жалооруй карайт. Мышык анда: 

– Эй тыйынчычкан, сен кызык экенсиң! Мени бир жакшылап ка рачы! Курсагым торсок, жүнүм жумшак, терим жылмакай, жытым  сонун буркурайт. Жиниме ким тийсе дагы курч тырмактарым менен  терисин сыйыра тытып алам. Кыйын бекенмин! Анан сага ары-бери  чуркап, кышкыга деп азык ташышсам, арыктап кетпейимби? – деп,  тыйын чычканды теңине албай басып кетет.

Көп узабай жолунан коён жолугат. Ал колундагы балтасы менен  куураган бак-дарактардын бутактарын чаап, кышкыга отун камдап  жүргөн экен. Мышыкты көрүп сүйүнүп кетет: 

– Оо, мышык баатыр! Жолугуп калганың ырас болбодубу. Отун  жыйнашканга жардам берчи, байболгур! Алдан тайып, каруу-күчүм  кетип баратат. Мышык баягы калыбынан жазбай: 

– Эй коен, кандай немесиң деги? Мени көрүп турасың го. Курсагым  торсок, жүнүм жумшак, терим жылмакай, жытым сонун буркурайт.  Жиниме ким тийсе дагы курч тырмактарым менен терисин сыйыра  тытып алам. Кыйын бекенмин! Ушинтип кыйындыгымды токойдогу лардын баарына көрсөтүп жүрүп, анан сенин отунуңду ташысам, кый ын болбой калбаймынбы. Тердеп атып жытым да сасык жыттанып  калбайбы? – деп коёнду жемелеп, басып кетет.

Өзүнө -өзү ыраазы болуп бара жатып мышык ойго батат. “Булар  бир байкуш бир жаныбарлар экен. Кирпи кара жанын карч уруп үй  салам деп жатып, териси кесилип, тырмактары сынды. Тыйынчыч кан жаны тынбай тамак ташып эле арыктап бүтөт. А коён болсо оор  отун ташып жүрүп, тердеп сасып калат. Мендей болуп жөн эле кый ын болуп жүрө беришпейби?! Алар баары бир мендей кыйын боло  алышпайт го”, – деп мыйыгынан жылмайып күлөт. 

Ошентип, өзүн кыйын сезип, сулуулугуна суктанып, башка жаны барларды шылдыңга алып жүргөн мышык куру кыялы менен жай  саратанды жана алтын күздү кантип өткөргөнүн байкабай калат.

Бара-бара аба-ырайы сууктап, сыдырым жел шамалга айланат.  Шамал күчөп, бороон-чапкын башталып, кыш да жакындайт. Баягы  өзүн кыйын сезген мышык суукка чыдай албай үшүй баштайт. Акыры  бүрүшүп-чүрүшүп үшүгөндө үй салып алган кирпиге барат: 

-Кирпи, кирпи, үйүнө киргизип алчы. Мен аябай үшүп кеттим; – дейт  калтыраган мышык жалбара. Кирпи анда: 

– Ээ, мышык, сен жардам бербей коюп, чоң үй салганга алым жет пей, өзүм баткандай эле үй салып алдым эле. Кел, кир үйдө! Батыша лы. – деп мышыка жылышып, орун берет. Кичинекей үйдө мышыктын  буту батса башы батпай, башы батса буту батпай, айласы кетип чыга  качат.

Күндөр өтөт. Суук улам күчөйт. Шамаал болуп, кар жаайт. Мышык  шүмтүрөп үшүйт. Сууктан беттери, колдору кесилет. Айласы кеткен де тыйын чычканга келет:  

-Тыйын чычкан, мени үйүнө киргизчи – дейт калтырган мышык араң  үнүн чыгарып. Анда тыйынчычкан: 

– Мейли кир, бирок уям бактын үстүндө, кантип чыгасын?  

Суукта үшүгөн мышык эптеп бакка тырмышып, тырмактары сынып  отуруп, араң дегенде тыйын чычкандын уясына чыгат. 

Бир аз жылыганда мышык ачка болгонун сезет:  

– Тыйын чычкан, мага тамак берчи, мен абдан ачка болдум – дейт  жалооруп. Тыйынчычкан макул болуп бир күн тамактандырат, эки  күн тамактандырат, үчүнчү күнү айтат: 

– Ай мышык, тамак-аш чогултканга жардам берчү жаныбар жок,  жалгыз болуп, өзүмдүн балдарыма кышкыга араң жеткидей азык  топтогом жайында. Аз дагы болсо ушуну ал- деп болгонун аябай бе рип, жолго салат мышыкты

Ошентип, эптеп калган калдыктарды, түшкөн күкүмдөрдү жеп, кур сагы тойбой жүрүп мышык чийдей арыктайт. Ыйлагысы келип, өлүп  калбайын деп, тоңуп калган жер жемиш болсо дагы издөө үчүн токой  аралап жөнөйт. Араңдан зорго тонгон жер-жемиштерден тапса, эми  кантип аларды кантип жылытарын билбей айласы кетет. Анан эсине  коен түшүп, ага барып, жалбарып отун сурайт. 

– Ай, коёнек, мага кичине отун берчи, тамак жылытып, озум дагы  жылынайын,- дейт. Анда коён:  

– Ой, мышык сенсиңби? Жайында жардам бербей койдуң эле, мен  болсо өзүмө араң жеткидей отун чогулткам – деп, бир аз болгонун  берет. 

Айласы кеткен мышык ары чуркап, бери чуркап, кургак отун таппай  кыйналат. Анча мынча жыйнаган суу отунун күйгүзө албай, мышык тын бүткөн боюн ыш каптайт. Ыштан карала-торала болгон мышык,  жагымсыз жыттанып калат.

Эптеп курсагын тойгузуп, шалдайып отуруп калган мышык баягы  башында кыялданганын эстейт. « Курсагым торсок, жунум жумшак,  терим жылмакай, жытым сонун буркурайт. Жиниме ким тийсе дагы  курч тырмактарым менен терисин сыйыра тытып салам” деп өзүмдү  кыйын сезип, жөн эле куру кыялга алданып жүргөн турбаймынбы.  

Мына эми минтип бир кышта эле кейпим кетип, байкуш болуп кал дым. Тамак таап жей албай, торсойгон курсак кетип арыктадым, жа ан-чачында жумшак жүнүм үрпөйдү. Жылмакай терим кесилип, те рисин айыра тытып алам деген тырмактарым сынды. Көрсө эртеңки  күнүн ойлоп, өз маалында иш кылгандар кыйын турбайбы. Чыныгы  кыйындар талыкпай эмгектенгендер болот тура. Ал эми ошол кез де мен байкуш санаган айбандар чындыгында кыйын экен» – дейт  мышык ойлуу отуруп.

Кыйындыгы мышыктын

Кыш келгенде билинди,

Кыйналганда байкушум

Кыраандыгы чийилди. 

Кыйынмын мен деп жүргөн көп

Кыш келгенде күйгөн көп

Кыйынмын десен сен өзүн

Кыш келгенде көрөөрсүн

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (3 оценок, среднее: 5,00 из 5)

Загрузка...