Страна : Кыргызстан
Меня зовут Абылова Шайыр. Я пенсионерка, мне 61 год. В свободное время занимаюсь шитьей. Начала поздно, в 50 лет.
Country : Kyrgyzstan
My name is Abylova Shaiyr. I am a pensioner, I am 61 years old. In my free time I do sewing. She started late, at the age of 50.
Отрывок из малой прозы “Сырдуу үч бурчтук ”
Адаттагыдай эле бир аяшыбыздын үйүнө чогулуп, дасторкон жайып, ичип жеп, ырдап көңүлдүү отурдук. Сенин аялың шаарда иштегендиктен өзүң жалгыз келчүсүң. Кээде гана шарты болуп калганда ээрчите келбесең, көбүнчө өзүң жалгыз жүрчүсүң. Билимдүү кызматкер болгондуктан башка аяштардан өзгөчөлөнүп турчусуң.
Сүйлөгөнүң, басканың, турганың, тамашалаганың да орундуу , жөндүү эле.
“Аялың кандай гана бактылуу аял”- деп суктанып гана койчумун.
Ошондой отуруш күндөрдүн биринде, мен эшикке чыгайын деп күрмөмдү алып бастым. Артымдан сен да чыга келдиң.Жүрөгүм алда нени сезгендей
бир булк этип алды. Көчө жака басып, кичине дем алайын деген оюм бар эле. Ал оюмду окугандай, сен да көчөнү көздөй кадам койдуң.Мага жете келип
Колумдан кармадың. Гүлнур, токточу, сага бир нерсе айтайын дедим эле. Ии, айт ,эмне дейин дедиң эле. Гүлнур, мен сени сүйүп калдым. Эмне десең ошо де болгон чындыгым ушул. Акыркы күндөрү, өзүмө да түшүнбөй калдым. Турсам да, бассам да, жатсам да оюмдан такыр кетпедиң.Эмне кылаарымды да билбей калдым. Сени
көрбөсөм сагынычтан өлчүдөй болуп турам.Жумуштан сенин гана корооңду карап отурам.Качан гана карааның көрүнө калганда, жүрөгүм ылдыйлап, санаам тынчый түшөт.
Бул сөздөрдү укканда асманым жерге түшкөндөй эле болду.Ичте катылган сырымды билип койгондой, табышмагымдын жообун таап алгандай болгон бактылуулук менен бирге жанымды жеген, жеке жашоомдогу бактысыздык күрөшүп жатты.Чындыгында алган жарымдын мага кылган мамилеси, аялдык бакытты тартуулай албаган зөөкүрдүгү, өзүмчүлдүгү мен үчүн көнүмүш турмуш эле. Бардыгына кайыл болуп, элден дагы жаман сөз угуп калбайын деп чыдап жашап жүргөн убагым.Себеби, мындан мурда да үч жолу турмушум бузулуп, оозум күйүп калган эле.Тагдырга моюн сунуп , арабамды айдап келем.
-Аяш болуп туруп, бул сөздөрдү кантип айтып жатасың?
Айтканым менен ичимден жанагы сөздөрүн кайталаса экен деп тиленип жаттым.
-Мен эмне кылайын болгонун айттым. Сенсиз жашай албайм.Азырынча жолугушуп туралычы. Ошого макул болчу , сенден суранам,-деп жалынып жатты.Бир чети сүйүнүп, бир чети күйүнүп”макул” дедим.
Мен деле башка аял заты сезген суйүүнү сезгим келди.Эркелегим, наздангым келди.Мени аяган, мени сүйгөн, аяр мамиле жасап, барктаган эркектин күчүнө ээ болгум келди.Күндөр өтүп жатты.Күүгүм киргенде телефондон маяк кылат.Анысы:”мен келдим, үйүңдү жайгаштырып коюп чыгып келчи”-деген белгиси эле.Жүрөгүм элеп –желеп болуп, бир айласын таап сыртка жөнөйм.Кыраакы кайненем байкап калгандай , сырдуу көзу менен узатып калчу.Бир топко төгүлүп чачылып бүгүңкү иштериң жөнүндө , мени сагынып, кеч киргизе албай, убакытты кантип өткөргөнүң жөнүндө сүйлөп , улам мени жал-жал карап, сылап турганың мен үчүн бул дүйнөнүн бейиши эле. Ошол көз ирмемде менден өткөн бактылуу аял жок эле.Кыялым асманда оболоп, бактым күн нурундай чачырап, бакытка балкып тураар элем.
Арман ай, көзүмдү ачсам ал дүйнө заматта жоголуп, балкыган бактым “талп” деп жерге кулап түшчү.Бири кем дүйнө.Эки шаардын чегин бузалбай, эки жака бөлүнөөр элек.Кез –кезде аялың менен келип калганда өзүмдү күнөөлүдөй сезип, аялыңдын жүзүнө тик карай албай тайсалдап, жалтаңдап тураар элем.Сен дагы билдирбеске аракет кылып, сөздү башка нукка буруп, алып жүрүп кетээр элең.Дасторконумду жайнатып, берээрге ашымды таппай алдастап , ыңгайсыз абалда көп эле жолу калдым.Эки жылдай жашынган сүйүүнүн кулу болуп, эркиндикке чыгалбай, алсыздык кылдык.
Бир күнү кызуу болуп келдиң.
Күйөөң кайда? Мен азыр бардыгын айтып түшүндүрөм.Болду жетишет,мындан ары минтип жашай албайм, ачыкка чыгарам баарын.
Кызууң менен эр жүрөктүүлүк кылып айтып жаттың.Эмнеге ошого чейин соо кезиңде келип, эркектик кайратың менен айтпадың. Мен ошого капа болдум, ыза болдум.Таразалап чечтим.Сени менен болгон бактылуу күндөрүмө каниет кылып , сени менен болгон байланышымды токтотойун дедим.
-Болду, экинчи жолобо үйгө, баары бүттү, ушунчабызда токтотолу,-деп кесе айттым.
-Сен эмне деп жатасың? Алдамчы, айткан сөздөрүң, келечекке түзгөн максаттарыбыз, мага бир кыз төрөп берем дегениңдин баары жалган беле? Ойлонгун, дагы да убакыт бар, жаным.Мени өлтүрбө,-деп жалбарып
турдуң. Ошондогу көз карашыңдан сүйүүңдүн жана жек көрүүңдүн учкундары чачырап турду.Ар бир учкуну келип жүрөгүмө сайылып жатты. Акыркы күчүмдү жыйнап: -Кетип калчы,- деп кыйкырдым да , ыйлаган бойдон үйгө жөнөдүм.Артымды караганга да алым келбеди. Бир жарк эткен чагылгандай болгон сүйүүм менен коштошуп, сени менен өткөргөн бактылуу күндөрүмө ыраазы боло өз турмушума аралаштым.Телефон тынбай чалып жаттың, алганым жок.Жүрөктөгү жаратымдан дагы эле кан шорголоп агып жаткан.
Акыры чыдабадым, үнүңдү уккум келди.
Алло, эмне болду?-дедим токтоо гана.
Мен аялыма баарын айттым, азыр сага барат.Өзүң да айтып түшүндүрөсүң да.Аял эмессиңерби, тил табышып калаарсыңар.Аяш катары деле катышып туралы,- дедиң. Өлдүм, эми аялы келип ызы чуу салып, шермендемди чыгарбаса болгону.Кандай гана балээге жолуктум эле”-деп өзүмдү жерден алып көргө салып, тилдеп да , жек көрүп да жаттым.
Аялың көпчүлүккө жагымдуу, улуу кичүүнү сыйлай билген, билимдүү, акылдуу, сулуу эле.Анын алдында дайыма өзүмдү пас сезип, ичимден суктанып да, жек көрүп да турчумун.
Эшик тыкылдап калды.Жүрөгүм оозума тыгыла түштү.Калтырап калдым.
Айла жок эшикти ачтым. Күлүп жайнап , эч нерсе болбогондой, шайыр мүнөзү менен кирип келди.Ал жайды сурашып, мурдагы калыбында эле сүйлөп отурду.Жети өмүрүм жерге кирди.Баарын угуп, билип турса да, эч бир жаман сөзү жок, болгон ишти жөнжай гана сураштырып отурду.Жүзүнөн эч бир жек көрүү, капачылыкты байкай алган жокмун.Ааламдагы алааматты, сүйүүнү, жек көрүүнү, чыккынчылыкты муштумдай болгон жүрөгүнө батырып, айкөлдүгүн, сабырдуулугун айгинелеген ажарынан жалтанып, чексиз баа берип отурдум.Ошондогу сенин чечкинсиздигиңе азыр ыраазы болуп турам.Кызууң менен айтып салганыңда, менин жашоом дагы бир ирет урамак.Убагында тизгиндегенибиз жакшы эле болуптур.Балким, аялың түшүнүгу жок, тажаал болгонунда , бактым үчүн күрөшмөкмүн.
Жеңишке жетмекмин.Себеби: чече турган сен, мен тарапта, менин колдоочум элең.
Бирок, жеңген күнү да үй –бүлөөңдүн алдында, эл журттун алдында “бузуку аял” атка конуп, бактылуу деле жашап кетмек эмеспиз.
Кез кезде аялың телефон чалып калат .
Үйдөсүңөрбү?- азыр барып калабыз.Кичине кобурашып келели дедик эле,-деп.Жадырап жайнап кирип келишет. “Жакшы адамдар үйүңө кут алып келип,үйүңдү жарык кылат “деген сөз төгүн эмес экендигин сезем.
Сыртка чыгып сырдашып калабыз.
—
Тиги сени көргүсү келип атканынан эле келип калдык, жаман көрбөйсүңбү?-десе , дагы эле жети өмүрүм жерге кирет.Жүрөгүнүн кенендигине, айкөлдүгүнө таң берем.Же болбосо, кайсы аял заты эле өзүнүн күйөөсүн көңүлдөшүнө ээрчитип барсын…
Бул сүйүүнүн сыры үч гана адамга маалим. Үч бурчтук менен чектелип, ушул күнгө чейин жашап келет.
(2 оценок, среднее: 3,50 из 5)
Загрузка…