Страна: Кыргызстан
Я по образованию журналист и социолог. Начала писать статьи и рассказы будучи школьницей. В настоящее время являюсь автором 4 книг. Пишу рассказы на кыргызском языке. Мать троих взрослых детей. Люблю петь народные и современные песни
Country: Kyrgyzstan
I am a journalist and sociologist by education. I started writing articles and stories as a schoolgirl. I am currently the author of 4 books. I write stories in Kyrgyz language. Mother of three adult children. I like to sing folk and modern songs
Отрывок из рассказа “Кара жаздык”
(аңгеме)
Мезгил күзгө таяп калган. Таң жаңыдан супа салып, эл али жапырт уйкуда. Ушул маалда сай тараптан соккон муздак шамалга төшүн тосуп, этек-жеңи делбиреп, айылдан кыйла узак чоң жолдун боюнда үч караан турду. Алардын бири улам өткөн машинеге жан талаша кол көтөрөт. “Жерге жарык түшкөнчө айылдан узап кетишсе жакшы болот эле.” Чоң жолдо машинелер тынымсыз өтүп, бирок буларга бири да токтоюн дебеди. Таңкы суукка үшүп, дилдиреген ургаачынын көзүндөгү убайымды, жүзүндөгү аргасыздыкты бири да көргөн жок.
Таң акырын жарып келатты. Ансайын үч караандын эң улуусу чебелектеп, адегенде жол боюнда турса, эми жол ортосуна чыга калды. Зуулдап келаткан машиналар ошондо да токтогон жок, сигналын кыйкырта басып, аялды тегеренип өтүп кете беришти. Аркы-терки баса берген аял бир маалда чарчады окшойт жол четине чыгып, катар турган үч сумкенин бирине “күп” эте отура кетти. Оромолун ээгинен ылдый байлап салынган аялды ой басты. Эки көзү жолдо.
Эми кыздары тура калып, сербеңдеп, өткөн машинелерге алмак-салмак кол көтөрүп жатты…
Кайыргүл эки бой жеткен кызын ээрчитип, айылын, үйүн биротоло таштап, кылмышкердей түн катып алыс жолго чыкты. Өзүнүн чечими тууралуу эч кимге ооз ачпады. Айылдаштарына, туугандарына, баарына таарынды, кол шилтеди, кабат-кабат жыйылган ызасы ичине толуп кеткен эле.
Аял жыйырма бешке чыкканча үч күйөөгө тийди, үчөө тең өлүп калды. Биринчиси ооруп өлдү, экинчиси сууга чөктү. Акыркы тийген эринен эки кыздуу болуп, өткөнүн унутуп, эл катары жашай баштаган, анысы да капыс жол кырсыгына кабылды. Оо, пешенең менен куруп кал, Кайыргүл! Бул жолу тажияга келген эл аялды улам эрин жей берген «кара жаздык» деп ачык эле атады. Көбүнүн көзүнөн аны жек көрүү көрүнүп турду. Бу тагдырды караңыз, тийген эрлери үчөө тең жакшы эле, бири да ага кол көтөрбөдү, сөкпөдү, ынтымак жашашты. “Мындан көрө урушуп-талашып, ажырашып кетсек да тирүү жүрсөңөрчү…, силерди жеп, “кара жаздык” аталганча, эри менен ажыраша берген “беймаза, көк бет катын” атка консомчу. Ага да макул элем…” — Жол боюнда отурган аял ушуларды ойлоп ичинен муңканып алды.
Кайыргүл чырайына жараша үйүн, короо-жайын, буюм-тайымын зымпыйта таза кармап, чарбачыл, колунан бычкан-тиккен келген эптүү уз эле. «Кара жаздыкка» эч ким үйлөнгүсү келбесе да, эркектер баари бир ага тартыла берчү. Айрыкча айылдагы “чоңмун” дегендер. Алар жогор жактан комиссия же коноктор келип калганда керектүүсүн көтөрүп алып токтоосуз ушул келиндин үйүнө жетип келишчү. Конок күткөнгө үйү таза, тамагы даамдуу, чай сунганга өзү сулуу келин, бардык тарабынан төп келет эле. Кайыргүл да аларды жер каратпай, ойдогудай конокторун тосуп, ажаатын ачып берип турчу. Өзү да буга көнгөн эле. Ар дайым ак дасторкону жуулуу, идиш аягы белен турчу. Анын айылдыктар бешенесине ыйгарып койгон «кара жаздык» деген атын сырттан келген коноктор кайдан билсин. Алардын кээлери айжамал келинге белек берип, жакшы сөзүн айтып, көңүлүн көтөрүп коюп кетишчү. Арасында сугун арткандар, аны көпкө чейин эсинен чыгара албагандары да болгон.
Ушундай, бу «кара жаздык» аял айылдагы көптөгөн башка «ак жаздык» аялдар колунан келбеген иштерди аткарат эле. Суранып келгендерге кийим-кечесин тигип берип, канча кыздарга сеп камдашып, тиричилигин өткөрдү. Кудай бармагынан айткан менен багы ошол бойдон ачылбады, бир ирет ачылганы калып, кайра эле жабылды. Ошол күндү Кайыргүл кантип унутат. Анда да үйүндө мектеп директорунун конокторун тосуп берген эле. Борбордон келгендердин арасынан бирөө чыгып баратып буга кайрылып кол сунган:
— Тамагыӊыз абдан даамдуу болуптур, өзүңүз да татынакай экенсиз, менин атым Касым. – Ошондо үнү дирилдеп, сүрдөй түшкөн конокко шаша-буша кол узатып жатып чочуп кеткен.
— Атым Кайыргүл…
Кийин ал эркек муну издеп кайра келди да. Ал күнү да адатынча тигүү машинесинде кажынып иштеп аткан. Маанайы да жок эле. Бир маалда дарбазага жакын келип токтогон машиненин үнүн угуп, ишин токтотуп терезеге келди. Колуна гүл, таттууларды көтөрүп кирип келаткан Касымды көрүп чочуп кетти. Ошондогу узун бойлуу, шляпачан Касымдын жарк этип күлгөн кабагы, оттой жанган көздөрү, эстесе азыр да жүрөгү булкуп кетет.
— Арыбаңыз, Кайыргүл, мен борбордон сизге атайын келдим. Сиздин колуңузду сурап келдим… -Касымдын үнү дагы калтаарып кетти.- Жок дебеңиз, сизди кыздарыңыз менен борборго көчүрүп алып кетем.
Колуна гүлдү алган Кайыргүл коркуп кетти:
— Жок, болбойт.
— Кайыргүл, мен сизди бир көргөндө эле жактырып калгам. Сиз төгөрөгү төп келген, эң мыкты аялзаты экенсиз. Сизди бактылуу кылганга кудуретим жетет…
— Мен…,сиз билбейсиз… мммен «кара жаздыкмын», аа, түшүнбөй жатасыз го… ачык айтсам, мен турмушка чыккан эркектер эмнегедир бат эле өлүп калышат, ошон үчүн эл мени ушинтип атайт. Сиздин да өлүп калышыңызды каалабаймын… — Кайыргүл мукактанды. Муну уккан болочок күйөө ойлонуп калгандын ордуна үйдү жаңырта каткырып күлдү:
— Ха-ха-ха, койсоңузчу, бул жөн эле сөз да, тообо, айылдыктардын таппаганы жок. Мындайга мен түк ишенбеймин. Менин деле аялым каза болуп калган, ажал жетсе баарыбыз өлөбүз. Экөөбүз эми гана кырктан ашсак, өмүрдүн баары алдыда турса. Сизди мындан кийин эч ким «кара жаздык» дебейт, жаздыгыңызды ушундай агартам дейсиз, экөөбүз бактылуу болобуз, көрөсүз! – Касым аялга жакындап келип, колунан кармады.
— Жок дебе, мен көп жылдар издеген гүлүм, гүлкайырым, кайрылып алыстан сага атайын келдим … — Ал келинге көзүн жалжылдата жалбара баштады.
Аял кооптонгон абалдан чыга албаса да, эркектин сөзүнө жибип арбалды. Бешенесинен аяр сүйгөн Касымдын төшүнө башын койду.
— Ишенимдүү сүйлөйт экенсиз, Касым, өлүп калам деп коркпогон, эр жүрөк да турбайсызбы… — Кайыргүл жылмайганга аракет кылды. Сүйүнүп кеткен Касым аны кучактап, тегеретип жиберди.
— Эми сен борбор шаарда жашаган Кайыргүл айым болосуң, кыздарды англис тилдүү мектептен окутабыз, дайындана бер, бир аптада келип, тууган — уругуңдан бата алып, силерди алып кетем. – Касым аялдын бетинен бир өөп, коштошуп чыгып кетти. Терезеден Касымдын артынан бир топко ойлуу карап турган Кайыргүл, кайра келип тигүү машинесине отурду, бирок ою алагды болуп иштей албады. Кайра ордунан туруп, бөлмө ичинде ары-бери басып, анан күзгүгө жакын келди. Андан толкундап, албырып кеткен жүзүн карап алып, өзү менен өзү сүйлөшүп кирди.
— Оо, кудай, бул жолу бактыңдын ачылганы чын болуп, сага жабышкан кара жол сенден адашып, кыйгап өтүп кетсе экен, Кайыргүл! Касымга кудай өмүр бер, алтын башын аман кой, алгың келсе Кайыргүлдүн жанын ал. Ал шордуу аял кемсинип, корунуп жашагандан чарчады…Касымга тийбе, ал бир ак жүрөк, боорукер, асыл жан экен. Ушундай адамга жолугуп, сүйүнгөндөн пешенең жаркып жатса да, жүрөк түпкүрүңдө бир коркунуч турат Кайыргүл…Бу эки анжы сезим сени канчага дейре коштойт болду экен. – Ушуларды сүйлөп, Кайыргүл күзгүгө башын жөлөп, бир саамга туруп калды.
Булар жолго камынышып, Касымдын келээр күнүн санап, күтүп атканда капыс кабар келди. Көрсө, жүк машине менен келаткан Касым алыс жолдо кырсыкка кабылып, мүрт кетиптир. Бул эркек ага үйлөнө электе, бир жаздыкка баш койгонго да үлгүрбөй өлүмгө кириптер болду. Эркекке боору ооруп, өксүп ыйлаган аял жакасын кармап, тагдырына биротоло моюн сунду. Бул окуядан кийин айылдаштары андан ого бетер оолактап, ачык эле четтеп калышты.