Умутай Эралиева

Страна: Кыргызстан

Поэт, писатель, публицист. Лучший работник культуры КР, Отличник образования КР. Автор десятков книг. Член Национального союза писателей КР, Союза журналистов Кыргызстана, Союза писателей Северной Америки, Евразия креатив Гилдии (Лондон).

Country: Kyrgyzstan

Отрывок из публицистики “Исхак Масалиев

Басканы тарых…

 

Келиндин келгендегиси эстен кетпейт экен.1989-жылдын күз мезгилинде Кадамжай (мурунку Фрунзе) районунун, Айдаркен (Хайдаркан) шаарчасына өмүрлүк жолдошум экөөбүз, студенттик жылдарыбызда Фрунзе шаарынан түбөлүк баш кошкону барганбыз. Ошондо айылдан укканым бул: «Кадамжай районун кызыр жылоологон, эл

оозунда «Хандардын ордосу» деп бекеринен айтылбайт.

Биздин аймактан Полот хан (Ысак молдо), Абдыкадыр Орозбеков, Абсамат Масалиевдер чыккан», – деп айтканы азыркы күнгө чейин кулагымда

жаңырып турат.

Мага ушул китепти жазганга түрткү болгон себептер:

1995-жылдын кыш мезгилинин декабрь айы болуучу. Туулган айылыма «Көк-Жарга» барып калдым. Калп айтпасам Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого үгүттөөлөр болуп жатыптыр.

Бир күнү атам айтып калды: «Бүгүн биздин айылга Президенттикке талапкер, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев эл менен жолугушууга келиптир» – деп. Өткөн жылдар кайра

куруу мезгилине туш болуп, СССРдин бөлүнүп-жарылышына алып келди. Мамлекет башында турган Абсамат Масалиевичтин алдында, албетте абдан зор жоопкерчилик турган. Ошол учурда Абсамат Масалиевичтин демократия жолунда жасаган иштери жогору баага татыктуу. Биринчи Президентти шайлоо ачык жана айкын өткөнүн танууга болбойт. Керт башынын кызыкчылыгын жана мансапты гана көксөгөн адам болсо шайлоону башкача кылууга толук шарт бар эле. Ал учурда Абсамат

Масалиевичтин колунда бардык бийлик топтолуп турган. Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, ал Президент болуп калууга бардык мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, анын тазалыгы, адилеттиги, адамдык жогору сапаттары Президент болуп, кайрадан ордунда калууга жол берген жок. Абсамат Масалиевич Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө адис катары, жетекчи катары, такшалган саясатчы катары зор салым кошкон. Анын иштин көзүн билгендиги,

уюштуруучулук, жетекчилик жөндөмү Ош жана Ысык-Көл облусттарында, Фрунзе шаарында иштегенде эле ачык-айкын көрүнгөн. Масалиевдин соңку мезгилдеги 15 жылга чамалаш ишмердиги Кыргызстан эгемендиктин шарданасы астында жашап жаткан маалга туура келди. Мына азыр дагы Президенттик экинчи шайлоодо жең ичинен жүргүзүлгөн ар кандай жагымсыз аракет, ыплас технология, учурдагы бийликтин кысымына байланыштуу бир топ тоскоолдуктарга дуушар болуптур.

«Аксакалдын абалын туура түшүнүп, өзүм дагы өмүр бою коммунист болгондуктан, «Чайканамда» эл менен жолугушуу уюштуруп бердим. Бир курактагы кишилерден экенибизден, жылдызыбыз туура келип калды. Аксакалдын мүнөзү  абдан жөнөкөй,

башынан далай кыйынчылыктарды кечириптир»–деп, көп жылдар анын адамгерчилигин эсинен чыгарбай айтып жүрдү атам.

Мен Кайринса ападан дилмаек алып отуруп, сөздөн-сөз чыгып 1995-жылдагы шайлоолорду эстеп, бир четинен зээни кейип кетти. Өмүр бою элдин арасында жүргөн кишини эл менен жолугушууга баратса, бийлик элге жолотпой ала качып бөлүп,

Баткенге коно турган учагын, Сүлүктүгө кондуруп бир топ азап тартышыптыр. Учактан түшсө, айнектери жок «УАЗик» күтүп туруптур. Кыштын чилдесинде «УАЗик» менен Өзбекстандын чек арасынан өтүп келе жатканда, өзбектер: – «Ассалоом алейкум, Абсамат Масалиевич! Каяктан келатасыз, кычыраган ызгаар кышта? «Жүрүңүз ыссык аш жейбиз» – деп, сый-урматта жөнөтүшүптүр…

Бул кишинин кадыр-баркы кошуна мамлекеттерде да абдан зор эле.

Ош облусунун райондорунда жолугушуу учурундагы бут тосуулар, ойлогон ойлорун, пландарын бузуп, кыйынчылыктарга кириптер болуптур. Анан Ноокат районунун шайлоо округдарын кыдырып, «Көк-Жар» айылына барсак, бир «Чыныгы коммунист

киши» бар экен. Ишине өтө берилген (преданный) башынан-аягына чейин биз менен чогуу болуп, эч нерседен коркпой, кыйынчылыгыбызга тик турду. Колунан келген жакшылыктарын такыр аябаганын, ыраазы болуп айтып келген,– деди. Ошол Полот Эралиев, менин атам болчу деп ичимден кубанып кеттим. Аягында бурмалоолордун залалы менен жеңилишке кириптер болгонуна карабастан, ал өзүнүн саясий күрөшүн токтотуп койбостон, тескерисинче, кайра күчөтүп, ошол кездеги бийликке каршы кулач жая баштаган элдик кыймылдын көч башында турду.

Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев «Чыныгы коммунист киши», – деп баа берген адам, чынында эле окурмандар үчүн кызыгууну туудурат болуш керек. «Сөз келгенде айтпаса, сөздүн атасы өлөт» – демекчи, мен бул жерден бир нерсеге токтоло кетпесем болбойт. Мактангандык эмес, чыныгы жашоодо болгон нерсени тарых үчүн жарыя кылгым келип жатат. Ар ким өзүнүн дараметине, түшүнүгүнө жараша кабыл алат эмеспи.

Атам наристе кезинде тоголок жетим калып, ар кимдин колунда урунуп-согулуп, тагдырдын оор күндөрүн башынан кечирет. Мектеп жашында жакшы окуп, тырышчаактыгынан, колхоздун эсепчиси болуп иштейт. 1949-жылы Казакстандын Семипалатинск шаарына аскерге чакырылып, атуулдук кызматын мыкты өтөйт. Ал жерден командирлерди Тажикстандын Душанбе шаарына жогорку билим

алууга окууга жөнөтөт. Душанбеге ошентип барып калат. Өз доорунда атам замандаштарынын арасында жогорку билимдүү экономист катары биринчилерден

болгон. Душанбе шаарындагы В.И.Ленин атындагы Мамлекеттик Университетинин экономикалык факультетинде окуп, Душанбенин борборуна жайгашкан нефтини жабдуу боюнча материалдарды чыгарган Орджоникидзе атындагы заводунда токарь,

нормировщик, башкы мастер болуп иштеген.

Душанбе шаарында 1957-жылы Ленин комсомолуна, 1961-жылы Коммунисттик партияга мүчөлүккө өткөн. Исхак Раззаков Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп турганда 1957–1959-жылдары Кыргызстандагы Профсоюз уюмдарынын жетекчиси Баян Аламановдун катышуусу менен Фрунзеде комсомолдор уюмунун 13–14-Пленуму болот. Ошондо атам Тажикстандын делегаттарын жетектеп келип доклад окуйт. Жакшы катышып баргандыгы үчүн Тажикстандын Жогорку Кеңешинин «Ардак грамотасы менен сыйланат. Душанбе шаарында он беш жыл жашап, иштеп, Тажик мамлекетине бараандуу кызмат кылып, зоболосу көтөрүлүп келе жатканда, 1964-жылы туугандары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине улам кат жазып, тынчын

алгандыктан, кичи мекенине көчүп келген. Алган билимин, тажрыйбасын айыл калкынын гүлдөп өсүшүнө жумшап, чарбанын гана эмес калкыбыздын экономикасын жогорулатуу үчүн күч-кубатын сарптаган. Партиянын Ноокат райондук комитетинин

биринчи катчысы Абдыкадыр Сапарбаевдин эң‘ ишенген, сыйлаган адамдарынын бири болгон. Башкы экономист кесибине кошумча Ош облусу боюнча «Көк-Жар» совхозунун Элдик көзөмөлдөө комитетинин председатели иштерин аркалаган.

1999-жылы күзүндө Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, жакын тууганыбыздын Кыргыз Республикасынын Баатыры, чебер нейрохирург Миталип Мамытовдун алтымыш жылдык торколуу тоюна барып, Абсамат Масалиев менен кол алышып көрүшүп, жубайы менен чогуу сый-тамакта отурганбыз. Юбилейлик той соңуна чыгып, эл тарай баштаганда салт боюнча аксакалдар бата берип биринчи узашты. Жаштар жол бошотуп чыга бериш эшиктин эки четинде, каз-катар тизилип турганбыз.

Кыргыз элинин чыгаан уулу, мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиев, жогорку маданияттуулугунан, кичи пейилдүүлүгүнөн, сылык-сыпаалыгынан, табийгатынан даанышман жаралган залкар инсан, ар бири менен кол алышып,

башын ийкеп анан чыгып кетти. Жаштар залкар адамдын жупунулугуна, адамгерчилигине, карапайым адамдарды кадырлап, камкордук көрө билгендигине суктанып, бир четинен таң калып, учурашкан колубузга сыймыктанып, өзүбүздү бактылуу адамдай сезип, артта узатып кала бердик.

«Улуу адамдын улуулугу, жүргөн жерин жаркытып, Күн нурундай мээрим чачып, ырыскы-таалайга бөлөйт экен». «Жакшынын шарапаты» демекчи, биз менен чогуу

отурган чөйрө, аурасынын тазалыгы, жагымдуулугу, жугумдуулугу, кандайдыр бир сыйкырдуулугу менен алиге чейин эстен кетпей калыптыр.

Кыргыз элинин тарыхында байыртадан эле мезгил өткөн сайын жарыгы чолпон жылдыздай жанып, көзү өтсө да сөзү  баскан турганы кийинки муундарга чоң  өрнөк, үлгү  катары эл оозунан түшпөй, легендага айланган тарыхый инсан Абсамат Масалиевдин ысымы кылымдар бою кыргыз элинин жүрөгүндө сакталып кала бермекчи. Кыргыз элинин таланттуу акыны Аалы Токомбаевдин «Мезгил бизден өтүп кетсе да, эл эмгектен эскерсин» – деген учкул сөзү менен белгилегим келип жатат. Ал эми калганын мезгил айтат, баарына мезгил – сынчы, калыс, тараза эмеспи.

2000-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки палаталуу Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынына шайлоо болду. Жыйынтыгында Абсамат Масалиев Баткен облусунун Кызыл-Кыя №26-шайлоо округунан, менин өмүрлүк жолдошум Закир Шарапов Баткен облусунун Кадамжай №25-шайлоо округунан, Мыйзам чыгаруу жыйынына, Исхак Масалиев ушул эле

шайлоо округдун Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланышты. «Тарыхты тана албайсың‘, балталап чаба албайсың» – демекчи, бир райондун кулундары (ата-баладай болуп) 2000–2005-жылдары депутаттык ишмердигинде, парламенттин бир палатасында кесиптеш болуп чогуу иштеп, Кыргызстан үчүн пайдалуу мыйзамдарды жазып, эки

башка идеологиялык көз караштагы инсан экенине карабай (бири коммунист, бири демократ) коом менен мамлекеттин социалдык-экономикалык татаал маселелерин чечүүдө  өз салымдарын зор кошушту.

Абсамат Масалиев Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө адис катары, опол-тоодой эмгек кылып, 2000–2004-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеп, ал жаңы коомдун мыйзамдык

пайдубалын түзүүгө зор үлүшүн жараткан.

Улуу инсанга таазим кылып, белгилей турган анын ишмердигиндеги дагы бир алгылыктуу жагдай – кийинки учурларда өнөкөт болуп кеткен жогорку орундагы жетекчинин бийик даража-беделин төмөндөтүп, бийликке элдин ишенимин кетирчү

жагымсыз иш мамлекетти үй-бүлөлүк  ыкма менен башкарууга жол берген жок. Ал кыраакы жетекчи катары бул сыноодон татыктуу өткөн эмеспи.

Абсамат Масалиевдин дагы бир сапаты – туруктуулугу, көз карашын бекем кармагандыктан, өзүнүн өмүрүнүн аягына чейин коммунисттик идеологияга өтө берилгендигин, марксисттик-лениндик окуулардан тайбастыгын көрсөтүп жүрүп өттү. Айрымдар сыяктуу күндө бир саясатты, күндө бир көз карашты жактаган оомалардан болгон эмес. Бүт өмүрүн элинин келечегине арнап коомдогу тескери көрүнүштөр, мамлекетибиздин оңолушун көздөп, тынчы кеткен. Жыл сайын коррупциянын сазына

батып баратышы, экономиканын талкаланышы, өз өнөр жай тармагынын адиси катары өзгөчө, республикабызда өнөр-жайыбыздын кароосуз калышы, кошоматчылыктын, эки жүздүүлүктүн гүлдөп өсүшү капаланткан экен. Мындай көрүнүштөргө түтөп, туруштук бералбай, каршы туруп бүт күчүн сарптап, күрөшүп, калыс, таамай, чын сөзүн ачык-

айкын айтып жүрдү. Көзү өткөнчө чындыкты жактап, тазалыктын артынан издеп кете берген турбайбы, кайран киши. «Чындык, тынчтык – бул жер жүзүндөгү, ааламдагы чексиз түбөлүктүүлүк!» Чындыкка, тынчтыкка жакын адам дайыма бейишке барат эмеспи.

Бул да болсо Кудайдын буйругу менен бул эмгегимдин бардык жүгүн мойнума алып, илхам менен колума калем кармаган болчумун. Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин өмүрү жана элге арналган барандуу ишмердиги, көп улуттуу калкы бар мамлекетке саясий жетекчилиги, тагыраак айтканда адамгерчилик мыкты

сапаттары: чынчылдыгы, тазалыгы, жөнөкөйлүгү улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттап, ар бир адам менен тил табыша билгендиги жөнүндө айтып берген өмүрлүк жары Кайринса Козубаевадан алган дилмаегим окурмандарга, жаш муундарга үлгү

келечектеги жашоосуна тарбиялык баа жеткис сабак болсун үчүн күч-аракетимди жумшаганга аракет кылдым. Абсамат Масалиев тууганчылык, жердешчилик,

улутчулдук сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербей, адамдардын баарына тегиз, бирдей, калыс мамиле жасап, интернационалист болуп, элдин биримдигин сактоо жөнүндө талапты катуу койгон.

Элди уруу-урууга, жекжаатка бөлүп-жарууга түп тамырынан бери каршы болуп, «Менин бир эле уругум бар – ал кыргыз», – деп такай айтчу эле. Атаганат, «ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет экен» – дегендей, эгерде Абсамат Масалиев арабызда бүгүнкү күндө тирүү болгондо, эгемендүү өлкөбүздүн экономикалык, социалдык абалы, саясий кырдаалы таптакыр башкача болот беле? – деген ой аргасыздан туулат экен… Кыскасы, бул улуу адам жөнүндө жазыла турган бул эмгек жазылды, мындан ары да бул улуу адам жөнүндө эскерүү улана берет деп ишенемин. 

 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (Пока оценок нет)

Загрузка…