Страна : Кыргызстан
Об Авторе Абдалиева Перисат Кошоевна – родилась 15-марта в село Погранич (с.Казыбек), Ат-Башинского района, Кыргызской Республики. Свою творческую деятельность начала с 13-и лет. После окончания кыргызской средней школы, поступила на факультет физики и математики Кыргызского Женского педагогического института имени В.В. Маяковского. Свою трудовую деятельность начала в 1993 году, в средней школе Н.Усеналиева, учителем математики. Около 25 лет работала в средней школе, получила почетную грамоту МНО и награждена значком “Отличник Образования”. Посвятив на воспитание учеников в школе двадцать пять лет она возвращается в творчество. Переезжает в Бишкек которая является творческим и духовным центам, в данный время работает старшим преподавателем в кафедре информатики и математики факультета журналистики и информационных систем, БГУ имени К.Карасаева. В данное время учится в аспирантуре Кыргызской Академии Образования. Вышли две книги. Участвовала в конкурсе «Чистая вода – источник жизни» и была победительницей. Поэт Кыргызстана Член Евразийской творческой гильдии. Лондон. Член Союза писателей Северной Америки. Член Российской Инициативы Есть любящий муж. Пятеро детей, воспитывает внуков.
Country : Kyrgyzstan
About the author Abdaliyeva Perisat Koshoevna – was born on March 15 in the village of Pogranich (Kazybek village), At-Bashinsky district, Kyrgyz Republic. She began her creative activity at the age of 13. After graduating from a Kyrgyz high school, she entered the Faculty of Physics and Mathematics of the Kyrgyz Women’s Pedagogical Institute named after V.V. Mayakovsky. She began her career in 1993, at the secondary school of N. Usenaliev, as a mathematics teacher. For about 25 years she worked in a secondary school, received an honorary diploma from the Ministry of Education and Science and was awarded the “Excellence in Education” badge. Having devoted twenty-five years to the education of students at school, she returns to creativity. Moves to Bishkek, which is a creative and spiritual center, currently works as a senior lecturer at the Department of Informatics and Mathematics of the Faculty of Journalism and Information Systems, BSU named after K. Karasaev. Currently he is studying at the postgraduate course of the Kyrgyz Academy of Education. Two books have been published. She took part in the competition “Pure water – the source of life” and was the winner. Poet of Kyrgyzstan Member of the Eurasian Creative Guild. London. Member of the Writers’ Union of North America. Member of the Russian Initiative There is a loving husband. Five children, brings up grandchildren.
Отрывок из поэмы “Балалыктын бараандуу жолу. (Ч.Айтматовдун балалыгы жөнүндө)”
Ата теги жөнүндө сөз…
Чынгыз деп жазып келдим балалыгын,
Чырпыктын чынар болгон аралыгын.
Бисмиллах деп узун кепти баштайын,
Бул чыгармам эл сынына жарагыныӊ.
Айтматов нак турмуштун калемгери,
Айгинелейт китебинин ар бир жери.
Кыргыздын бактысы үчүн жаралган,
Кылымдарга аты калган кеменгери.
Баштан өткөн окуянын баарын жазып,
Бүт дүйнөгө кыргыздын багын ачып.
Жаралды ушундан улам чыгармалар,
Таанылды Чынгыз агам баага татып.
Шаӊшып учуп Ала-Тоону мекендеген,
Шумкардай бийиктикке канат керген.
Буюккан Чынгыз агам калем алып,
Бак конгон туурун өзү жасап келген.
Барчындай муун ката элек кезинде,
Балалыгын оор тагдыр коштогон.
Ошондуктан темир-болот канаттары,
Күчтүү болду алгыр кушка окшогон.
Тестиердиктен арымдуу коюп кадам.
Тектен дагы келет экен улуу адам,
Адегенде ата-энесин баяндайын,
Алар да зор инсандар болгон жалаӊ.
Атасы Төрөкул ата 1903-жылында,
Кеӊ таластын Шекер деген айылында.
Орто дыйкан үй бүлөсүндө төрөлгөн,
Аты калды кыргызда көөнөрбөгөн.
Өз мезгилинин белгилүү бир инсаны,
Билим сереге эрте койгон кадамды.
“Олуя ата” аттуу орус мектебин,
Окуп бүткөн ошол кездин чыгааны.
Тарыхтын ачып актай барактарын,
Тегин издеп санжыра барактадым.
Айтматтын атасы Кимбилди деген,
Бардар киши экендигин аныктадым.
Ал эми чоң атасы Айтмат болсо,
Жетим калып азапты тарткан кошо.
Аракетчил өз идиреги дагы болуп,
Тикмечилик иши менен тапкан олжо.
Ошондуктан машинечи аталып,
Айылдагы көп жумушту аткарат.
Кийин болсо тегирменди колго алып,
Буудай тартып ошо жерде иштеп калат.
Өрт коюлуп караниеттердин айынан,
Айтмат ата тегирменинен айрылган.
Андан кийин он жашар баласы менен,
Жумуш издеп кеткен экен айылынан.
Маймак темир жол бекетинин жанында,
Тешкен-Тоо курулушу жумушунда.
Ошол жерде байыр алып иштеп калат.
Бул эми 1913-жылдардагы окуя…
А Айымкан жазуучунун чоң энеси,
Көп эскерүүлөр ал жөнүндө баяндалат.
Сөөлөттү алган, жаркын анын элеси,
Түбөлүк тарых болуп эсте калат.
Энеси болсо Абдувалиева Нагима,
Төртүнчү жылы келген экен жарыкка.
Караколдо чоӊ көпөстүн кызы экен,
Атасы Хамза, энеси болсо Азиза.
Нагима каракол гимназиясын бүтүргөн,
Көп тилдерди билген накта күжүрмөн.
Латын тамгада окуп жана жаза алган,
Болгон тура билими күчтүү кыздардан.
Медициналык белгилүү окуу жайын,
Стенография бөлүмүн да окуган экен.
Комсомол уюмунда болуп дайын,
Ошондо эле ийгиликке кол сунган экен.
Төрт эркек, төрт кыз бир туугандан,
Алтынчысы болгон экен Нагимажан.
Чоӊ Каракол шаарына атасы анын,
Ошондо эле эки кабат үй салдырган.
Ошол чоӊ үй мамекетке өткөрүлүп,
Биринчи совет гимназиясы түзүлгөн.
Карапайым элде турмуш өзгөрүлүп,
Нечен чыгаан ал мектепти бүтүргөн.
Кийин ал, ренген тарткан жайы делип,
Көп жылдар элдин үйү болуп турду.
Кантсе да эл арасында аты сиңип,
Хамзанын аты өчпөстөн конуп турду.
Мезгилдин белгилүү бир адамдары,
Төрөкулдун, Нагиманын образдары.
Элестери көз алдыга тартылып келет,
Мөлтүрөп жап-жаш болгон курактары.
Комсомол курсун окуп экөөсү теӊ,
Эки жаш кезигишет чоӊ Бишкектен.
Жайдын аптап күнүндө желдей басат,
Кыялы күч, карлыгачтар төп келишкен.
Жыйырма бешинчи жылдын көз ирмеми,
Көз алдыма тагылып келгендейсиӊ.
Бардык жактан экөөнүн төп келгени,
Арийне аруулукту бергендейсиӊ.
Жыпары аӊкып турган чоӊ калаа да,
Жаштыктын илебинде жарпып турду.
Жалжылдап Нагимажан караганда,
Жүрөктөр бир-бирине тартып турду.
Билимди бийик койгон асылдардын,
Бейнеси бир-бирине төп келди дейм.
Байытып ой-максатын, акылдарын,
Бакыт да экөөнө теӊ эш болду бейм.
Ачылып ашыктыктын барактары,
Арзууга бөлөнүшүп турган убак.
Сүйүүнүн бүрүн ачып сабактары,
Сезимдин пай дубалын курган убак.
Баш кошуп, бир очоктон түтүн улап,
Бараандуу бактыдагы турмуш курап.
Бакжайган бала күтүп, кол кармашып,
Балдары үчүн аска тоо, болуп булак.
Ай жаркын адамдардан болгон экен,
Теӊ жарышып жаӊырган мезгил менен.
Интеллегенциянын алгачкы муундары,
Кыргыздын барчындары канат керген.
Балалык кез
Желдей учкан эх чиркин балалык кез,
Таттуу кыял шам жандырган бир элес.
Ал шам менен бирге жанып жанында,
Чоң энеси Айымкан жүрөт энчилеш.
Адамдык зор касиетти алып турган,
Наабатында чоң зоболо тагып турган.
Акыл-парасат тунуктугу ыроолонгон,
Айылдыктар ага урматын жагып турган.
Атасы Айтмат андан үлгү алганын,
Энесине сыймыктанып турганын.
Чынгыз да маашырланып айтып келет,
Кулагына эшип муну калганын.
Кандай айтса ал адамга төп келген.
Ак элечек кийген дайым башына,
Калк каадасы бар жагынан эп келген.
Татыктуу эле нарктуу элдин салтына.
Бул баш кийим “Элечекти” чындыгында,
Татыктуу гана байбичелер кие алган.
Айымкан эне ушул турган турпатында,
Сүрдүү да, сүйкүмдүү да болуп турган.
Үч кызды жана эки уул тарбиялап,
Алар менен жашоосу айдай толгон.
Айымкүл, Каракыз, Төрөкул, Гүлайым,
А Рыскулбек анын кенже уулу болгон.
Кат сабаты жок болсо да чоң энеси,
Табыгый билимдүү эле беренеси.
Элдик ыр, кошок жана жомокторду,
Айтып берчү бар эле касиети.
Балалыктын ошол татуу күндөрүн,
Чоң энеси менен чогуу өткөнүн.
Эң кызыктуу окуядан болуп калды,
Татып андан, мээриминин төккөнүн.
Кыргыз көчү
Кыргыз көчү кылымдарды карытып,
Келе жатат чыйыр жолду арытып.
Кырка-кырка көк тиреген тоолорду,
Көч кербени келе берет багынтып.
Карт тарыхы келет көчтү даӊазалап,
Качанкы бир-мезгилдерди эске салат.
Көчмөн эл, журт конушу,салты дагы,
Көөнөрбөс байлык болуп бизде калат.
Мына ошентип кыргыз көчү уланган,
Нээпир-нээпир көчтөр өттү чубалган,
Бай тажрыйба, мол акылдын нугунан,
Мындан элдин улуулугун көрө алам
Эмесе буга айтылчу… сөзүм кенен,
Кыргыздын кереметин ачып турган.
Жазуучунун бала кезде көзү менен,
Жайлонун кооздугун тартып турган.
Алдын ала ойлонулуп көчтүн камы,
Баш ийишип эрежеге турчу баары.
Ар адамга байымдуу көөлүк жетчү,
Төө комдолуп, бекемделип жүгү дагы.
Чоӊ ашуулар муз-кар менен чулганган,
Сегиз айы кыштын каарын карманган,
Май аяктап күн жылымдап кетмейин,
Кеӊ жайлоого бир жан өтүп барбаган.
Жай мезгилдин сулуулугун арбап алып.
Журт конушун алдын ала тандап алып,
Жайлоодогу ырахат-бул бейиш төр деп,
Жайлоо адамы келет муну кармап алып.
Бийик тоолор түбөлуктүү мөӊгү баскан.
Көк-кашка суу агып чыгып ошол жактан.
Күпүлдөп кокту бойлой өрдөп келет.
Таштан-ташка урунуп көбүк чачкан.
Жайлоодо көз мелжиген көпкөк асман,
Шиберде түркүн-түстүү гүлдөр ачкан.
Таза абасы, салкын жели жортуп келет,
Тоолуктарга түбөлүктүү мөӊгү жактан.
Булбул үнү уксаӊ моокум кандырат,
Бул учурду уккуӊ келет магдырап.
Табигаттын кооздугуна бөлөнгөн,
Тегерете теребелден жан жыргап.
Ак боз үйлөр тигилип, булак бойлой,
Желелерге илишип кулун койбой.
Жылкыларын айдашып оттуу төргө,
Көркөмүнө көргөндун көзү тойбой.
Тулгаларга асылып казан кайнап,
Толуп турган отундан оту жайнап.
Сабаа бышып кымызды куюп андан,
Дасторконго коюлуп коюу каймак.
Эх чиркин мына ушундай жайлоо деген,
А бирок бул көрүнүшкө бардыр ченем.
Журтту таштап, жакага кайра түшүп,
Жайды жайлап кеч күзгө калбай келген.
Кылычын алып кыш эрте кирип келсе,
Кайра кайтуу кыйла татаал кадыр эсе.
Көчкү жүрүү коркунучу малдыр-жандыр,
Кыйын болот анда акыбал билгиӊ келсе.
Деӊиз деӊгээл үч миӊ метр бийиктиктен,
Даап ал турмак жырткыч да бара албаган.
Каарданган мус-кар аралаш борошого,
Ага адамдын күчү туруштук бере албаган.
Кыраакы көчмөн эли муну алдыртан,
Баамдап кыш белгисин билип келген.
Дароо көчүп кетүүгө шарт коюлган,
Каймактап дарыя чети тоӊоор менен.
Айымкан энеси чоӊ жамакчы жан эле,
Айылга да чоӊ кадыры бар эле.
Жомоктору жан дүйнөӊдү байытчу,
Айткандары көөдөндө калып дагы эле.
Бир ирет Чынгыз кошулуп көч менен,
Окуя бар, эч бир эстен кетпеген.
Алты жашта болгон экен анда өзү,
Тепейген өзүнө окшош тайды минген.
Ооп калбасын деген ойдо ээринен,
Эки жагын жыгач таяныч бекиткен.
“Айырмач” деп аталып кичине ээр,
Куп жарашчу токулган тайы менен.
Атайын ээр… токулган тайы менен,
Терине батпай тим эле жыргап келген.
Көч менен кошо, ошо тайын алкынтып,
Оюн сала, дегдеӊдетип жөнөй берген.
Үйүр-үйүр жылкыларды кишенеген.
Короо-короо койду айдап көч менен,
Төө үстүндө жүктөр келчү чайпалып,
Керемет көч соӊуркатчу ушуну менен.
Эки ай гана өргүп келчү жайлоо үчун,
Азап-тозок, кыйынчылык дагы бүтүн.
Мындайдын миӊ түркүнү болоор эле,
Бул айткандар бир гана болоор үзүм.
Ошондогу көчүп-конуу, барган-келген,
Ага чейин чоӊ даярдык эмне деген.
Туруп анан аз келгенсип борошо уруп,
Ал турмак кар жаап ийчү белче менен.
Андайда жүк артылган төөлөр кулап,
Кээде калчу ал турмак тоо да урап.
Астында малдыр-жандыр калып калчу,
Аман калган… чуркурап, убап-чубап.
Бала-чака, катын-кулач,эмерек менен,
Айрымы көчкү астында калып кеткен.
Ушундай кыйын-кырдаал күндөрдү ал.
Балалык көзү менен эшип келген.
Андыктан көчүү үчүн ырым-жырым,
Руханий даярдыктарды кылып мурун.
Теӊирге сыйынуучу дагы ушундай,
Жөрөлгөнү кылып келген нечен кылым.
Ашууга бир күндүктөй жол калганда,
Чогулушуп көчтөгүлөр өргүү алышчу.
“Шыкама түн”деп аталган коюу түндө,
Шыкалышып тыным алып калышчу.
Кичирээк боз үй, алачыктар тигилип,
Баарысынын чарчаганы билинип,
Жылынышып олтурушчу адамдар,
Корду айлана тегерете тизилип,
Сүрдүү тоолор учу-кыйырсыз узарган,
Этегине аттарды коюп тушалган.
Мал да апкаарып бирин-бири эш тутуп,
Жатаар эле түндү коштоп жуушаган.
Адатта мындай кезде жуушаган малга,
Атайын көз салышып турушчу анда.
Отту кууп туш-тарапка кетпесин деп,
Эр азаматтар укташчу эмес шыкамада.
Баарынын оюу эртеӊки кундө болуп,
Ашууну ашып өтүү максат коюп.
Кобуранып тилек кылып олтурчу эле.
Карыялар дуба айтышчу төргө толуп…
“Мына минтип ашууга да келип калдык,
Оо Кудай! Малыбыз дагы, болгон жандык.
Катын-бала түгөлүбүз менен ушундабыз,
Ашуудан аман өтүүгө бергин жардык!”.
“Оо Жараткан! Бизди аман сактай көргүн,
Тоскоол болбо! Тоолор да жардам бергин!
Үстүбүздөн жамгыр тытып урунбасын,
Бороон сокпой ачык асман өзүӊ келгин!”
“Оо Кудайым! Балдарыбызга паана бергин,
Ыраа көргүп, бизге жайлоо оттуу жерин.
Мал-жаныбыз сак-саламат төргө жетип,
Малыбызга насибин бер,көк шибердин!”.
“Оо Теӊирим! Сага шүгүр кылабыз,
Ашууну ашуу алдында биз турабыз.
Аман ашып, кайра кайтып келүү үчүн,
Сактай көр! деп, жардамыӊды сурайбыз”.
Эх, кайрылып келбеген ошол кездер,
Кандай гана керемет ошол сөздөр.
Көп ирет жайлоолорго барганында,
Кулагына эшилбеди ушул кептер.
Баари бир жайлоо деген жайлоо экен.
Керемети бар эмеспи канткен менен.
Орчундуу балалыгы тоодо калды,
Окуялар баштан өткөн эмне деген.
Ак шурудай тизилип ак боз үйлөр,
Кубанычтуу угулган шаттуу үндөр.
Көк шибердин аӊкыган жыты менен,
Эсте калган жайлоодогу ошол күндөр…
Балалыктан балдай таттуу элестери,
Жайлоолордун аңкып турган белестери.
Орчундуусу дал ушулар болуп калды,
Буга эми далил ушул серептери…
Тишинин катуу ооруганы…
Жайлоого жаңы эле барган кезде,
Тиши катуу ооруганын кеп салат.
Ар кайсы боз үйлөргө чуркап кирет,
Туугандар да не кылаарын билбей калат.
Тиш доктур мындайда кайдан болсун,
Кокуйлап күн-түн дебей басат оозун.
Сыркырап тиши дале ооруй берет,
Чоң энеси таба албады жол-жобосун.
Балдар менен алаксып ойноп кетет,
А кечкисин кокуйлап ыйлап келет.
Канткен менен жайлоонун керемети,
Оюнкарак балдарды тарта берет.
Чоңдор да буга ыраазы болушуп,
Оюнуна кумарланып карашат.
Таза абада эркин ойноп жүрүшсүн деп,
Жан дилинен буга назар салышат.
Көпкөк асман кудум айнек сыяктуу,
Чыныны эле көмкөргөндөй көрүнөт.
Каалгып жүргөн аппак болгон булуту,
Улам башка, сүрөт тартып бөлүнөт.
Нугу менен агып жаткан мөлтүр суу,
Таштан-ташка урунушуп, күпүлдөйт.
Керемет деген чындап эле ушулбу?
Көңүл сергип, күдөөр мындан үзүлбөйт.
Кырчоо баскан көк шибери жайкалып.
Кызыл-тазыл килем жайып койгондой.
Салкын желде гүлдүн жыты буркурайт,
Алар дагы, балдарга ыраазы болгондой.
Ай ушул, тишинин гана ооруганы,
Чоң энеси дары жасап чебеленет.
Болбосо чымын-куюн балдар менен,
Ойноп кетсе басылгандай сезилет.
Чоң энеси айла табуу максатында,
Бүбү-бакшы бар экенин эшитет.
Бир ат кошуп туугандардан бирөөнү,
Коңшу айылга, алып келүүгө жөнөтөт.
Тиши дагы катуу ооруп чыдатпай,
Жер тепкилеп ыйлай берет үн баспай.
Акыры күттүргөн ошо, табып келет,
Жазуучубуз эскерет аны мындай.
Чоң энеси көрө коюп сүйүнөт,
Ана, келди!-деди дагы күйпүлдөп.
Кудай колдойт сени!-деп күлө карап,
Небереге мээрим менен үңүлөт.
Ооналактап жаткан эле Чынгыз анда,
Ордунан ыргып туруп үйдөн чыкса.
Эки киши ат менен келе атыптыр,
Туп-туура атын буруп боз үй жакка.
Ал адамды аттан алып, жардап карап,
Учурашып баарысы күтүп алат.
Чынгызга күлмүңдөгөн абалында,
Эмнең ооруп жатат?… дейт ага карап.
Ал өзү картаңыраак бирок тыкан,
Бат-бат басып, анан да шыпылдаган.
Чыңгыз ага жаак жагын көргөздү да,
“Тишим” дейт абалында уңулдаган.
“Ыйлабагын оорубай калат”- деди,
Башын сылап жооткото үйгө кирди.
Боз үйдө бала калсын дегенинде,
Тургандардын баарысы чыга берди.
Жуурканга ороп, аны “отур” деди,
Шам бар идиш алдына алып келди,
Оозду ачтырып шамга такай олтургузду,
Кымтылап, шариятын кылып кирди.
Айтканындай оозду шамга такады,
Үстү жабык, караңгыда өзү калды.
Шам үлбүрөп жанып турат алдында,
Табып болсо дубалаган үнүн салды.
Ошондой абалында көпкө олтуруп,
Сыйкырдуу үндү эшитип уга берет.
А табып катуу сүйлөйт, ооз толтуруп,
Бир башкача кыймылында элеп-желеп.
Элде жок бир башкача күрмө экен,
Жаныбарлар терисинен тигилген.
Ошол кезде, көрсө ал шаман тура,
Жип-шуусун салбырата кийинген.
Башына кийгени да бир башкача,
Уулугандай угулат үн чыгарса.
Түшүнбөгөн тилде дагы сүлөй берет,
А таягы шалдур-шулдур жерге урса.
Албетте; ал кишинин шаман экенин,
Кайдан билсин бала болсо эгерим.
Шаманизм эл ичинде жашап турган,
Ырас анын көрдү окшойт чеберин.
Таң калыштуу тийип анын дубасы,
Тып басылып калат тиши кыскасы.
Дарыга да, ысык ташка басылбаган,
Эми минтип басылганын карачы.
Оорудубу? – деп сурайт табып андан,
Башын чайкайт, жан жаялып баятан.
Ал дагы “чыдап тур” деп буйрук берди,
Чынгыз буга, каршы болуш каяктан.
Жуурканды ачып, бир убакта алдынан,
Майда-майда жаткан куртту көрсөтөт.
Мобу, жаткан курттарды, дейт, карасаң
Жүлжүйүнкү көздөрүндө күлүмсүрөйт.
Чын эле чачтай ичке кыбыраган,
Майда курттар жатыптыр жыбыраган.
Ошентип табып тишин дарылады,
“Эми тишиң оорубайт” деп жымыңдаган.
Бул окуя эң бир эстен чыкпаган,
Канча жылдар өтсө дагы таң калган.
Ушундай майда курттар болобу деп,
Кийин муну тиш доктурдан сураган.
Анда алар мындай нерсе болбогонун,
Кайра-кайра айтып дагы кайталашат.
Көзү менен көргөн ушул окуянын,
Өзү дагы болуп калды табышмак.
“Аман калдың! Эми тишиң оорубайт” деп,
Шамандын айткан сөзү эстен кетпейт.
Болду ырас, чындыгында бул керемет,
Бул дартты кийин дагы билбедим дейт.
Албетте, тиши айыгып кетээр менен,
Мындайда турат беле достор деген.
“Жүрү” деп алар менен чуркап кетет,
Чымыңдаган ойнооктор чыбык минген.
Албетте белек-бечкек тартуу кылып,
Чоң энеси ал табыпты узатат.
Жайлоонун жыргалына көңүл жылып,
Таң атат, анан кайра күндөр батат…
Алгачкы эмгек акы
Жайлоодо жүргөн балалык кезин,
Окусам келет… бир башка сезим.
Эң алгач эмгек акысын алган,
Жайынан эми… айтсамбы дедим.
Ал кезде элдер жамаатты куруп,
Колхоздоштуруу жагына буруп.
Үйүр-үйүрлүү жылкыны айдап,
Чыгышчу эле жайлоону жайлап.
Негедир ага ошол жылкылар,
Бейиште өмүр… кечкендей эле.
Жараткан аларга акыл-эс берсе,
Жайлоо көркөмүн эстешээр беле…
Мындай карасаң, жылкылар үчүн,
Кызыгып кандай?, жашоосун бүтүн.
Баары бир сымал… сезилип кээде.
Өзүнчө ичтен чыгарат бүтүм.
Кышкысын катуу бороонго чыдап,
Жайкысын жааган жамгырда турат.
Жылдызы толгон асман алдында,
Кечирет өмүр… тукумун улап.
Ошондо эле ой-чабыт кылган,
Ойлорун кара! ичинде турган.
Оодарып сөзүн жаныбарларга,
Олуя сындуу ойлорду курган.
Гүлсарат балким, ушундан улам,
Гүлгүндөй болгон жашоону курган.
Гүнөстүү жерде, элим азыр да,
Гүтүрөп айдайт асыл тукумдан.
Керемет ээрип каректе турган,
Катылып анда көрөңгө куйган.
Көргөнү ушул көмүскө болбой,
Кылым кезээрин өзү да туйган.
Устазым менин, өмүрүң өрнөк,
Удургуп саптар курулду бөлөк.
Учуруп аны учурда айтпасам,
Ууртуман кетсе убайым көрөт.
Кылымды кезген устазым менин,
Кыдырып дүйнө ачылды демиң.
Көөдөндө көлкүп турган ыр менен,
Көксөөм ушундан суусунчу дедим.
Чалкыган эле көлүмдөй болгон,
Чарбакка чалкып гүлзары толгон.
Чаалыкпай жазам сен үчүн казал,
Чатырын жаап, тоскондой коргон.
Даңкыңыз далай ашуудан ашты,
Данакер болуп жылдызын чачты.
Даанышман элиң дүңгүрөп анан,
Дарыя сындуу өз нугун тапты.
Жакшы сөз тапсам, жайдары болом,
Жакшына ырга сезимдер толгон.
Жашоонун сырын көрсөтүп турду,
Жароокер жүзү көңүлгө конгон.
Дүкүлдөп жүрөк бир башка согот,
Дүйнөнү кезсе жагымдуу жомок.
Дүпүйүп турса элесин тартып,
Даанышман элге аруулук толот.
Удургуп менде ырларым турат,
Уч-кыйры жок саптарды курап.
Устазым десем, күлмүңдөйт өзү,
Утурлап басып, калемин сунат.
Барандуу жолун балкытып жаздым,
Батасын берсин, багытын таптым.
Батынып ага, узтазым десем,
Бак берип кудай, жолумду ачсын…
Кубаттайм мен да, колумду булгап,
Кайыптай болгон карааның кубат.
Кыйрына чыккан, дүйнөнүн шери,
Кыргызым үчүн эмгегиң кымбат…
Кыял чабытым удургуп, анан,
Окуяларга көңүлдү бурам.
Ушундай жайлоо кереметтерин,
Тизмектеп алып кайрадан сунам.
Жайлоодо жүргөн ошол кездерде,
Эл дүрбөп калат күндөрдүн биринде.
Көп өтпөй алар жыйналып келет,
Чоң энесинен кеңеш илгенге.
Жылкычылар… келгендин баары,
Бир маселени чечүүчү маалы.
“Улууларга келишээр эле”-дейт,
Сурашып анан, кеп-кеңеш дагы.
Көрсө ошондо бир айгыр өлүп,
Айласы кетип, амалын бөлүп.
Жылкычылар топтошкон тура,
Эмне кылыштын эсебин көрүп.
Айгырды анан, жардап турушат,
Неден өлдү?-деп маселет курушат.
Куландан соо турду эле дешип,
Баштарын чайкап, ийин куушурат.
Асыл тукумду көбөйтүү үчүн,
Жогору жактан чыгарып бутум.
Тукум жаңыртуу аракетинде,
Аларга милдет салынган бүтүн.
Австралиядан алынып келген,
Уй, койду дагы ушул жол менен.
Баарына эле милдет коюлган,
Пародасын жаңыртыш деген.
Жайлоодо өлгөн ошол «Дон айгыр»,
Баасы чоң эле, болгонго кайыл.
Капыстан ичи тарсайып жатат,
Эмнеден эми болду окшойт дайын.
Уу-Саз делип, уу шибер болгон,
Бул жердин чөбү малга болбогон.
Жергиликтүү мал айланып өтүп,
Ошол чөптөргө жолоп койбогон.
Жанагы «конок» Дон айгыры,
Түшүнүктүү го, оттоп алганы,
Заар экендигин ал кайдан билсин?
Кыйын болду го мунун ар жагы.
Асыл тукум айгырдын өлүшү,
Тагдырды чечер окуя болмок.
Болоор иш эми, болгон соң дешип,
Атайын ага, акт-каты толмок.
Айылга анан чабарман жөнөп,
Айла жок анан, ушундан бөлөк.
Орус мал доктур эртеси келди,
Бир топ эл менен болушуп өнөк.
Кашайып эми тилчи болобу?
Кандай кылса да, түшүнүү болбоду.
Кол менен жаңсап айласы кетти,
Тил билген анда, сейрек оболу…
Айымкан апанын небереси деп,
Орусча билерин бирөөсү эстеп.
Чоң энесине жүгүрүп калат,
Тилмеч болууга калат аны издеп.
Чоң эне аны колдон жетелеп,
“Тилмеч болосуң балам, жүрү!”-деп.
Адатынча ал ойноп жүргөн,
Балдары менен тоону этектеп.
Оюнга тойбой турган кез эле,
Болбогонуна болбой дегеле.
Чоң энеси колдон жетелеп,
Алып келет топтошкон элдерге.
Өлгөн айгырды тегеректешип,
Турушкан экен элдер маектешип.
Ортосунда бир орус киши,
Орусча ага калат сөздү эшип.
– Эй, бала! Саламатсыңбы? – дегенде,
Баары тымтырс калышат селейе.
Ал апкаарып, саал… кетенчиктей,
-Здравствуйте! – деди салам бергенге.
Орус анда ага күлмүмсүрөдү,
“Жардам бер бизге, азамат!”-деди.
-Карачы бул аттын өлүп жатканын,
Эмнеден экенин түшүндүрчү деги…
Дээри менен…топтон чыгып аксакал,
Чоо-жайды айтып, жанына келип ал.
“Түшүндүрчү, бай болгур!”-деди,
Башын ийкешти… жардап тургандар.
Уулум, сен ушул тоолордо биздин,
Уулуу чөп өсөрүн бул орус билсин,
Ошону айгыр жеп алган тура,
Анын заарынан өлүптүр дегин.
Жергиликтүү мал оттобойт аны,
Бул айгыр мында биринчи жайы.
Ошондуктан ал, айыра албай,
Жеп ийгенин, түшүндүр дагы.
Деп турат жардап элдердин баары,
Кетенчиктеп ал…бир топко нары.
Бол эми айт! – дей беришкенде,
Орусчалап, ага, айта баштады.
Айткандын баарын бат-бат которду,
Эми орус кишиге бул маалым болду.
Аксакал дагы далилин айтты,
“Карачы көпкөнүн ичинин мобу”…
Муну да айтып которуп берди,
Түшүнүп, дагы “азамат!”-деди.
Ак баракты анан, алып чыкты да,
Актыны жазып кол коюп кирди.
Жылкычылар да колун коюшуп,
Жандары тынып ыраазы болушуп.
Чоң энесинин өргөөсүн көздөй,
Жөнөп калышат көөнү толушуп.
Орус кишиге кылып ишаарат,
Жүрүңүз дешип конок кылышат.
Бата кылынып бизде мындайда,
Меймандарына козу союшат.
Конок сыйлоо каадасы менен,
Отуруп калат меймандар келген.
Бир маалда кичине котормочуну,
Чакырып калышат… ичкериден.
Боз үйгө кирсе, элдер, этти жешкен,
Бака-шака отурушат мейман менен.
Жайкалып адатынча чоң энеси,
Сөөлөт күткөн абалында төрдө экен.
Сүйүнүчтө… сыймыктанып олтурат,
Келе гой!-деп күлмүңдөдү аны карап.
Аңгыча, Азамат!-деп алкап туруп,
Улуулардан бири ага жилик сунат.
Сен аябай зээндүү бала экенсин,
Кантип буга, түшүндүрөт элек кеселин.
Алагой!-деп майлуу жилик берип жатып,
Деди анан, бул сенин накта эмгегиң.
Сүйүнгөндөн жиликти алып колуна,
Чуркап чыгып дароо жетти досторуна.
Андайда… балдар дагы турмак беле?
Бөлүп жешип… кетти кайра оюнга.
Дал ушинтип алгачкы эмгек акысын,
Тилмеч болуп алганын ал эскерди.
Ошондон улам кийинки мезгилге чейин,
Бул эки тилге кызматын кылып келди.
Эки тилдин насибин тагдыр ага,
Ошондо эле буйрук кылып берген тура.
Балалык жан дүйнөсүн козгоп турган,
Болуп калды чындыгында бул тажрыйба.
Тагдырыбыз кошулуп ошол дилге,
Эки жүз жылдан ашык жашап бирге.
Келатат Түркстандын тарыхында,
Үлкөн үлүш эшилип орус тилге…
Атасы ферганада уюштуруу ишинде иштеп жүрүшү…
Ошондогу атасынын элеси,
Ап-аппак нурдай болуп төгүлгөн.
Чап жаагы, шыӊга болгон келбети,
Кундуздай саамайлары төгүлгөн.
Коюу чачы, сүйкүмдүү анын көздөрү,
Коӊур чыккан нускалуу дагы сөздөрү.
Кайырма жака көйнөгү, узун өтүгү.
Кош ат чегип араба менен жүргөнү.
Дал ушул эстен кеткис көз ирмем,
Анда ал Ферганада иштеп жүргөн.
Миӊ тогуз жуз отуз төртүнчү жыл эле,
Колхоздоштуруу уюшулган кез экен.
Ак пахтанын жайкалып өсүшүнө,
Кайра аны жыйналып теришине.
Кандай деген кара күч, мээнет кетет,
Ошол жерде уюштуруу ишин иштейт.
Таӊдан кечке чаалыкканын билбестен,
Такылдап ишин кылат бир-топ белчем.
Тарых муну айгинелеп ачып койду,
Таалайына табылган ал, элге белем.
Жубайы да жарышып мезгил менен,
Максат коюп алдына жеӊип келген.
Бала күтүп балкытып жана аларга,
Таасын чыккан тарбия берип келген.
Чынгыз анда алты жашта болчу экен,
Ошондогу бир окуя бар эстеген.
“Мамочка! Мама курсак пропал”- деп,
Кайыр сурап бир бала келчү экен.
Чынгыз ага акча берип, нан берип,
Кайрымдуулук ага көп жасаптыр.
Ыраазы болуп атасы ушул ишине,
“Боорукер болот го”-деп алкаптыр…
Москвага барганы…
Атасы аз өтпөй Москвага аттанат,
Кызыл профессурада билим алат.
Марксисттик саясат даража үчүн,
Институтта билим улап окуп калат.
Бир жарым жыл бой окуп Москвада,
Андан кийин үй бүлөсүн чакыртат.
Үч баласын жанга алып Нагима апа,
Фрунзеден Москвага жол тартат.
Жамбылдагы темир жол бекетинен,
Таластык туугандарга жолугушат.
Жол азыктар беришип колдоруна,
Чоӊ калаага кош айтып узатышат.
Чыӊгыз көргөн ошондогу Арал көлү,
Деӊиздин чалкып жаткан көпкөк өӊү.
Ашкере чоӊ берекелүү байманасы,
Таӊ калтырган керемет айланасы.
Ал кездеги деӊиздин сулуулугун,
Андагыдай чалкыган улуулугун.
Кийин аны өткөндө көрө албады,
Суу тартылып, өлгөн өӊдүү кургурум.
Казактын чубалган талаасынан өтүшөт,
Мелжиген чоӊ Волганы да көрүшөт.
Орустун токойлоруна сүӊгүп кирип,
Ошентип көздөгөн Москвага да жетишет.
Сагынган ата, сагынычтар менен толгон,
Сагынышкан үй бүлө көрүшүшөт.
Москванын борбор көчөөсү болгон,
Варовскаяда турмуш-күнүн өткөрүшөт.
Беш кишиден болгон ушул үй-бүлө,
Жашап турган турагы эле… бир бөлмө.
Ашканасы бир болгон ал кабатта,
Баарысы үчүн тиешелүү, бул жерде.
Ал көчөөдө жазуучулар үйү бар экен,
Маӊдайында кино ордосу мекендеген.
Максим Горькийди узатуу зыйнатына,
Катышыптыр жазуучубуз атасы менен.
Кино үйү тартып көңүл заңгырап,
Кооздугу көз алдыга тартылат.
Күү-шаа эткен Москванын жашоосунда,
Дал ушундай окуялар камтылат.
Айтмакчы, чоң калаанын шарына,
Бат эле сүңгүп кирип жашоосуна.
Ал турмак мектептен да окуп калат,
35-37- жылдар арасында.
Биринчи, экинчи класста окуганын,
Тамга таанып мектепте олтурганын.
Эскерүүдө калтырбай, айтып жатты,
Коңгуроодой эшитип мунун баарын.
Атасы да окуусуна көңүл бурган,
Нукка салып уулуна камкор кылган.
Чынардай көрктү берип өссүнчү деп,
Чырпыктын тамырына сууну куйган.
Дал ушул атасынын далалаты,
Уулуна дарс кылынган салаваты.
Өмүр бою көкүрөктү ээлеп турган,
Көктөмдөй болуп калды аманаты.
Кино үйүнө дагы барганын эскерет,
Атасы аны колунан алып жетелеп.
“Соловей-соловушка”-деген тасманы,
Көргөндүгүн калат эске бекемдеп.
Ошол кино чоӊ таасирин калтырып,
Өзгөчө сезиминде тыӊдаган экен.
Груньянын тагдырына ичи күйүп,
Ошондо аябай катуу ыйлаган экен.
Айтымында, кыз-жигиттин тагдыры,
Ортосунда махабаттын бардыгы.
Бир байдын кулу экен, бул экөө,
Булар үчүн болгон тагдыр тардыгы.
Бойго жеткен татынакай Груньяны,
Кожоюну башка адамга сатканы.
Ал кыздын сулуулугу көз тайытып,
Булбул үндө ырдап анын турганы.
Ал кыздын ыйлаганы, көз жашы,
Кинодо кыз-жигиттин трагедиясы,
Балалык сезимимде таасир алган,
Жан дүйнөнүн болгон эле тазасы.
Ал учурда, кинонун тасмалары,
Кудум эле спектаклге окшош экен.
А чыныгы кино өнөрдүн ачылганы,
Кийинчерээк болгондугун белгилеген.
Дагы ыйлаган бир учурду эске салат,
36-жыл. Парфионовка дачасына барат.
Ошондо орустардын урушун көрүп,
Баягыдан беш бетер ыйлап калат.
Ошондон улам бул бала неге жашык,
Неге мынча сезимтал жандан ашып.
Деп атасы бир аз ага капаланат,
Ушулар өзгөчө анын эсинде калат.
Ошол Парфионовкада жүргөн кезде,
Кичинекей Роза карындашы төрөлөт.
Төрөкулдун үйүндө майрам болуп,
Шаӊга толот бүт айлана төгөрөк.
Эх чиркин! Табылбаган ошол күндөр,
Үй бүлөдө бактылуу чыккан үндөр.
Ап-аппак элес болуп кала берди,
Аттигиӊ! Ачылды эле аппак гүлдөр.
Эң эле ушул күндөр таттуу эле,
Бакыттын байрагында балкуу эле.
Ата-апасы жана да бир туугандар,
Бул өзгөчө мезгилден тартуу беле…
Коогалаңдын башталышы…
Ошол күндөр орду толгус болот эми,
Жалп өчкөндөй көрүнүп күндүн деми.
Кара сызык аралаш коркунучтуу,
Өйдө жактан солк эткен келет белги.
Аппак күн, бороондуу түнгө айланып,
Парфионовкадан Москвага келишет.
Атасы анда партиядан чыгарылып,
Коогалаӊдын башталганын сезишет.
Ошол 1937-жылы,
Каргашалуу эстен кеткис август айы.
Түрткүлөп Төрөкул ата зирек жанды,
Үй бүлөсүн кетирүүгө мажбурлады.
Казань темир жол бекетине барып,
Атасы үй бүлөсүн Шекерге узатты.
Жубайынын буркураган жашын көрүп,
Ошондо баары менен коштошуп жатты…
Атасы борбор шаар Фрунзе дебей,
Аларды Шекердин өзүнө жөнөттү.
Анда не болуп кетээрин билбей,
Айылга обочолоп туруусун чечти.
Ооба! Баары менен коштошуп жатты,
Поэзд менен бир топко чуркап баратты.
Бир далайга узатып кол булгалай берди,
булгалай берди…
Мындан ары көрүшпөсүн ал да сезди, ал да билди…
Чынгыз да мунун баарын туюп турду,
билип турду.
Кара түндүн тынчтыгын өксүк бурду.
Аягандай сооротуп поэзд барат,
Рельсаны дөӊгөлоктөр тык-тык урду…
тык-тык урду…
«Маймак» бекетине келишкени…
Рельсалар беш күн тынбай чубалып,
“Маймак” бекетине да жете келди.
Түнкү саат экилерге чамалап,
Эки мүнөт тушкөнүнө убакыт берди.
Түшөөр замат бекетке балдары менен,
Нагима апа денесин калтырак басты.
Көзгө сайса көрүнгүс караӊгы түндө,
Ээн талаада поэздден калып жатты.
Эмне деген азаптуу ошол күндөр,
Кайгы менен өткөргөн кара түндөр.
Уулуп-уӊшуп өз түгөйүн жоготкон,
“Ак барадай” көз жашын төккөн үндөр.
Жер энеге жолуккан Толгонайбы?,
Саманчынын жолу менен жарышкан.
Субанкулдан ажырап ичтен күйүп,
Ички бугун чыгара албай камыккан.
Алиманбы же Касымга жетпей калган,
Көлөктөп жашын төгүп ыйлап алган.
Экөөнүн гүлдөй болгон жай турмушун,
Оор тагдыр чыттай кылып айрып салган.
Чиедей балдар менен жалгыз калып,
Чымырканат айла барбы намыстанып,
Эмне болду чоо-жайын билбей келет.
Жолдошунан бирото эле алыс калып.
Кандай тагдыр күтүп турат буларды,
Кансе дагы багыш керек балдарды.
Белин бууп, колго алып милдетти,
Башка анда чара менен арга барбы?
“Эл душман”-деп аталган аттан коруп,
Балдары үчүн Нагима апа тирек болуп.
Төрт баласын бооруна бекем кысып,
Башынан өткөрүшөт далай кордук.
Ооба, ошол Москвадан Маймакка,
Ыргытылган тагдыр тура жайдакка.
Сентярдын бириндеги түнкү эки,
Дал ушул станция турган аймакта.
Муну ар дайым өксүк менен эскерет,
Көөдөнүндө оор үшкүрүк чыкпай келет.
Отуз эки жашта экен апасы анда,
Эмне деген тагдыр турат желкелеп.
Аны минтип эскерет;“Байкуш апам,
Бир баласын көтөрүп, бооруна алган.
Эки жакты элеңдеп, көзүндө жаш,
Экинчисин жетелеп колу талган.
Ильгиз экөөбүз этегине жармашып,
Ыргытылган тагдыр менен кармашып.
Апакем ай, кандай ойдо болду экен,
Маймактагы кара түндү жаргансып”…
Ошондон улам кайра-кайра эскерип,
Чыгармалары Маймак менен эстелип.
Ысмайылдын бул станцияда түшкөнү,
“Бетме-бетте” айтып турат бет келип.
Жамиля да кеткен эле Маймактан,
Бул чыгарма чыкмак эле кай жактан.
Элесичи Сейит, Жамиля, Даниярдын,
Станцияга эгиндерин ташып жаткан.
Станциячы “Саманчынын жолундагы”,
Толгонай менен Алимандын образдары.
Майсалбекти дал ушул жерден күтүп,
Тумагын мыкчый кармап ыйлаганы.
“Эрте келген турналарда” Султанмурат,
Ай жаркын атасы менен күлүп турат.
Станциядан кудум өткөн сыяктуу,
Кызыл белги коюлгандай көңүл бурат.
(149 оценок, среднее: 4,41 из 5)