Об авторе:
Бектенова Бубуйра Биялиевна – писатель исторических романов и поэт. Родилась 17 декабря 1956 года в с. Кум-Арык Жайылского района. С детства увлекалась литературой, публиковалась в газете «Кыргызстан Пионери» и в альманахах «Мозаика» и «Кыздар ай» и многих др. Окончила Кооперативный техникум (1977) и экономический факультет Кыргызского национального университета (1985), работала в сфере торговли и директором магазина.
Автор книг: «Мен сыйынган сезимдер» (2004), «Ай тамга» (2015), «Уядан учкандар» (2015), «Көчмөндөр изи» (2016), «Жанкарач бий доору» (2018), «Гүлдастан» (2018), «Байтик Баатыр» (2019), «Элчинин кылычы» (2025)
С 2012 года – члени. Национального союза писателей КР, Евразийской Творческой Гильдии (Лондон) и Союза писателей Северной Америки. Лауреат международных литературных конкурсов, участница фестивалей «Открытая Евразия» (Брюссель, Мельбурн) и Евразийской Недели Культуры (Бургас, Ташкент-Хива) и других международных фестивалей.
Награждена званием Отличник культуры Кыргызстана, почётными грамотами и медалями государства и общественных организаций, а также почётной грамотой Президента КР за творческие заслуги.
About the author:
Bubuyra Biyalievna Bektenova – historical novelist and poet, born on December 17, 1956, in Kum-Aryk, Jayyl District. From childhood, she was passionate about literature, publishing in newspapers and almanacs. She graduated from the Cooperative College (1977) and the Faculty of Economics at Kyrgyz National University (1985) and worked in trade, including as a store director.
Her books include: Men Syyngan Sezimder (2004), Ay Tamga (2015), Uyadan Uchkandar (2015), KöchmönDör Izi (2016), Zhankarach Biy Dooru (2018), Guldastan (2018), Baytik Baatyr (2019), and Elchinin Kilychy (2025).
Since 2012, she has been a member of the National Union of Writers of Kyrgyzstan, the Eurasian Creative Guild (London), and the North American Writers’ Union. She is an award-winning author and participant in international festivals, including Open Eurasia (Brussels, Melbourne) and Eurasian Culture Week (Burgas, Tashkent-Khiva).
Bektenova has received the title “Excellence in Culture of Kyrgyzstan,” state and organizational medals, honorary certificates, and the President’s Certificate of Recognition for her contributions to literature.
Отрывок из романа “Меч Посла ”
(отрывок из романа “Меч Посла”)
ТҮЛӨБЕРДИНИН ҮЧҮНЧҮ ЭЛЧИЛИГИ
Элчиликке баруу үчүн Көлдөн бугу Бирназар бий, Эсенгул өзү, саяктын бийи Качыке, саруудан Түлөбердинин кайын атасы Туума бий, кушчулардан Бүргө баатырдын атасы Итим бий болуп отуруп элчилердин саны отуз тогузга жетип, кыркынчысы Түлөберди өзү болду.
Аблайга ар тараптан кыргыздардан чогултуп эки жүз жылкыны бегликке айдап топурап жөнөп беришти. Жылкычыларды алдыга беш-алты жылкычы жигиттер айдап жөнөп, артында кырк элчи шайбарлата бастырып жөнөдү.
Түйүшкөндө отурган Аблайга жетүү үчүн үч эт бышым убакыт кетээр. Аны баары билишет. Элчилер күнү бою тынбай жүрүп отурушуп Түйүшкөнгө кеч бешим ченде жетишти.
Ак желек көтөргөн элчилерди Жоогач уулу коштогон жасоолдору менен тосуп алды. Жоогач кыргыздардан элчи келерин Аблайга эскертип айткандыктан, ал алдын ала биле турган.
Уулу менен тосо чыккан Жоогач:
– Ассалом алейкум кыргыз туушкандар, кандайсыңар? Чарчабай келдиңерби? Келиңиздер, келиңиздер. Мурдагыдай эле кермелердин жанынан элчилердин аттары алынды да өздөрүн Жоогач өзү баштап барып, мейман үйгө киргизди. Күн бешимден ооп калгандыктан Жоогач элчилерди мейман үйгө киргизип:
«Эми туугандар, бүгүн эс алыңыздар. Жол азабы, көр азабы. Эртең эрте кан Аблай силерди кабыл алат» – деп конок каадасын жасаганга өттү. Кымыз сунулуп, табак-табак эт тартылып, элчилер эс алып, бул күнү мейманда болушту.
Эртеси таң эрте элчилерди ээрчитип, Жоогач ордого келди.
Алгач Жоогач өзү кирип кетип кайра эле адаттагыдай бат чыкты да эшикти ачып: «Кириңиздер» – деди. Кырк элчи улуулата кирип Аблай кан менен учурашып тегиз отура баштады, адатынча эң арты жаш жигит Түлөберди баш бакты.
– Ассалом алейкум, таксыр! Түлөберди оң колун бооруна алып саал башын ийип салам айтты.
– Алейкум салам! Кел жаш элчим, кел, мындай отур!» – деп Аблай адатынча Кара Канайын ары жылдырды эле, дагы Түлөберди кандын оң тарабына келип отуруп калды. Бир аз аралыкка тынчтык өкүм сүрүп, кайра эле Аблайдын үнү ордо ичинде шаңдуу чыкты.
– Куш келипсиздер, кыргыз туушкандар. Кандай мал-жаныңар аман-эсенби? Чарчабай келдиңерби? ϴзүңүздөр тынчсыңарбы? Айлыңар аманчылыктабы?
– Кыргыз-казакка тынчтыкты орнотуучу өзүңүз го, таксыр! – Кебек бий үнүн көтөрүңкү чыгара жооп кайтарды.
– Андай болсо да аманчылык сураш менин мойнумда, туушкандар.
Кайрадан саамга тынчтык орноду. Аблай обдула берип сөз башталып калды:
– Кыргыз-казактын ортосунда эмнелер болуп жатканын баарыңар билесиңер. Көп жылдап бейпил турмушта боло албадык. Мына жеңиш меники болуп турат, ошондуктан менин айтканыма көнөсүздөр. Чек ара маселесин мен гана чечемин, ошону тыңдап коюңуздар, кыргыз туушкандар.
Аблай Каранын Канайына карап:
– Эми сен сүйлө, – деди.
Каранын Канайы: «Туушкандар, жер чеги Таластын суусун кечип, Күйүктүн бели чек болсун, Кичи-Буурул, Чоң-Буу- рул тоосу чек болуп аяк чени Түймөнкенттен, Таластын суусун кечип Абылкайырды аралап, Корготуну жээктеп мына бу турган Түйүшкөнгө келип, Уландын учугун басып, Тескейге түшүп Ыргайтыга чейинки жер чектери мына бизге карасын.
Кыргыз тарап: «Мындай болбойт, ансыз да казак жер- лери кең жайык, уч-кыйыры жок талаалар созулуп жатпайбы» – дешип бири-бирин карап ордо ичи түйшөлө түшүп, айтыш-тартыш күчөдү.
«Менин сөзүм сөз, кебим кеп болот, кыргыз туушкандар», – Аблай тегерете карап обдулуп койду.
– Таксыр, сиздин кебиңиз кеп, бирок калыстыгы жок кандыктын түбү чирик болот дечү эле, акыйкаттык кылыңыз, – Эсенгул сөз агытты.
– Акыйкаттык кылыңыз таксыр! – Кебек да үн салды.
– Эми силер акыйкат деп эмнени айткыңар келет? Акыйкат үчүн силерди кабыл алып отурмун да. Болбосо кабыл албасам да менин ишим го. Мынабу Түлөберди балаңар менин көңүлүмө жаккан сөздөрдү айтты, ошондуктан макул деп баарыңарды кабыл алып отурамын.
– Биз бийлер болгонубуз менен чындыгында элчилик- тин башчысы Түлөберди балабыз, ошо сүйлөсүнчү, биз тынч отуралы деген бугунун бийи Бирназар да четте калбай сөзгө аралашты.
– Калыс болуңуз, хан Аблай!
Айтылбаган сөз калган жок окшойт. Кыргыз бийлери, казак султандары сөз талашып отуруп бир тыянакка келе алышпады, айтышып тартышуу эки чай кайнам убакытка созулуп, сөздүн аягы токтободу.
– Сен эмне сүйлөбөйсүң, элчи жигит? – Аблай суроо салды.
Баары дуулдап, Түлөбердини сүйлөсүн! – дешти.
– Таксыр, мен хан сүйлө дегенде сүйлөймүн! Кыргыз-казак дөөлөтүнөн да акыйкаттыкты туу туткандар эмеспи. Казак-кыргызда «баш кесмек бар, тил кесмек жок» дешет. «Сунулган башты суурулган кылыч кеспейт» деген да накыл сөзүбүздү эстен чыгарбайлы. Согуш деген согуш да, бул ырайымсыз уруштардын кесепетинен канчалаган сиз тараптан, биз тараптан эч күнөөсүз эр азаматтар шейит кетишти.
Биз мындай апааттуу согушу жок эле сүйлөшүүлөр жолу менен ар кандай оор маселелерди чечип алсак болот. Таксыр, алдыңызга элчиликке келип турганыбызда ушунча аксакал-көксакалдарыбыздын көңүлдөрүн кайтарганыңыз болбос!
Аблай султандарын зекип:
– Эми бакылдабагыла, Түлөберди сүйлөсүн, – деди.
Аблайдын сөзүнөн кийин баары тынчып отуруп калышты.
Эки эл ортосуна кан Аблайга сөз нурун сээп, ынтымакка келтирүү жакшы сөз, таап айтылган сөз болорун Түлөберди билет. Аблай канды убадага келтирсе, өз элине кызматы табылгыс болорун да дилинен таанып турат.
Түлөберди туурунан обдулган жаш бүркүтчө эки далысын күйшөй бере көсөмдүк, чечендик сөзүн оозунан кумдай куюлта чуурута баштады.
– Азрети кан! Кандуу кармашта кандуу чопкут кийсек да, эзелтен эгиз эл болуп кыйышпай келгенбиз, эми мындан ары жарабыз айыксын, сыныгыбыз бүтсүн десек ынтымакка келгенибиз туура болор!
Ажал деген кумурсканын арышынан кыска экен да. Мерген ажалы тоодон, суучулдун ажалы суудан, кандын ажалы тең туугандан дешкен эзелки карыялар.
Тууган деген төл сөз, ошо байыркы ата-бабаларыбыздын доорунан бери тынымсыз согуштардын айынан туу кандагандыктан, кан биргебиз дегендиктен ушу улуу сөздү тууган деп айтышкан да.
Аралжыга келе турган арыбыз барынан Ала-Тоодой намысыбыздын тагынан аксакал бийлерибиз менен азирети кан алдыңызда турабыз.
«Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген бабалар сөзү бар. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген акылман элбиз. Ошо туугандыкты эске алып кекти, кейишти унутуп, ынтымак өрүшүн өркүндөтөлү, ынтымакты өргө чыгарып эзелки бабаларыбыздай эгиз эл болуп, журт атанып, кекти сууга агызалы.
Согуштун кереги жок. Тынымы жок уруштардын кесепетинен кыргыз-казактын тукуму курут болуп кетпейт деп ким кепил бере алат? Ошондуктан хан, бардык көйгөй маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечсек жакшы болор.
«Казактын каны төгүлсө, кыргыздын кабыргасы сыздайт» деген эки бир тууган элге эмне жетпейт? Тынч гана жашоо жетпей жатат. Бизге алдыда бейпил жашообуз үчүн сөзсүз чек ара маселелерин кечиктирбей чечип алуубуз баарыдан мурда болушу оң болуп турат.
– Эми биз айттык го чек аранын маселесин. Каранын Канайы үн катты.
– Канай ава, сиздин айтканыңыз боюнча кыргыздын жайлап жүргөн бүтүндөй эле жерлерине ээлик кылганы турасыздар да.
– Жеңиш биздики, бийлик биздики бүтүмүбүз ушул. Канай мурутун чыйрата элди тегерете тиктеп мелтейди.
– Сиздер антпеңиздер, Канай султан! Күн кандай жер бе тине тегиз тийсе Алла Таалам да пенделерине бирдей жылуулук берет, тиги жеңдибул жеңилди деп пенделерин бирин өйдө, бирин төмөн карабайт. Аблай хан да улуу падыша болгондуктан жердеги пенделерине калыс карап, тегиз айкөлдүгүн көрсөткөнү анын эл алдында хандык парызы болот. Хандын калыс сөзү, Кудайдын сөзүнө тете, – деп аалымдар айтышат.
Аблай хан элчинин сөзүнө кадимкидей бети тамылжып, көкүрөгүн чоё өзүнүн айкөлдүгүн билизгиси келгендей копшолуп койду. ϴзү хан болсо да Кудайдын пендеси эмеспи. Тил касиетинин күчү тоону томкоруп, ойду омкоргонго тең болору бу жараткандын пенделерине белгилүү. Тилдин салмагы балдан таттуу, кээде уудан ачуу болот.
Канга сугарылган Аблай кылычынан тайсалдабай сүйлөп жаткан Түлөберди коңур үнү жай аккан дайрадай шоокумдуу болуп, хан Аблай жана анын султандарын, кыргыз бийлерин жоошутуп, зың эткен чымын үнү угулбай Түлөбердинин сөзү болоттон курч, таштан катуу чыгып ордо ичиндеги сөзгө муютуп элди тушап, мемиретип Түлөберди жаштын сөзүн бөлбөй мелтейишти.
– Казрети хан, кыргызда солтодон башка да көп уруулар бар, эгер сиз өчүгө турган болсоңуз, акыйкат кылбасаңыз бүткүл кырк уруу кыргыз эл көтөрүлүп чыгат. Ошондо эки эгиз бир туугандардын табаары эмне? Кырылышып жатып эмне таптык? Кан төгүү, жокчулук, жетим-жесир көбөйүп эл ичи кайгымуң баскандан бөлөк эч нерсе таппадык. Ошондо казак-кыргыздын чабышы бүтөбү? Чабышып жатып чарчадык да, каршылашып жатып туңгуюкка камалдык го ошондо эмне тыянак таптык? Мына солтодон кырк үйлүү эл калдык. Сиз тараптан да элиңиз азайгандан башка көбөйгөн жок. Эми сиз бүт кыргызды кыра албайсыз да, эл деген эл да, таксыр. Эл ичи тынчыбаса өчүккөндөн өчүрөт, акыйкат менен калыс- тык издейт, акыры табат. Эл деген көздөгөнгө жетпей койбойт. ϴзүңүз билесиз, мынабу Олуя-Атада, Түркстанда мен деген кыргыз баатырларынын сөөктөрү жатат. Меркеде Жайыл баатырдын сөөгү, эки уулу Үсөн, Теке менен жатат. Бердике баатыр уулу Жаныбектин сөөгү, Темирдин Черикчисинин сөөгү, Карачаар Мусаке баатырдын сөөктөрү Олуя-Атада жатпайбы. Далай кыргыз жоокерлеринин кабырлары Олуя-Атада жатат. Ошол баатырлардын сөөгүн кантип аттап өтөсүз? Сөөк аттаган кыргыз-казактын эзелтен салтында жок. Салт сыйлабаган хандын кулдан айырмасы жок экенин сиз жакшы билесиз. Кыргыз-казактын тарыхы ата-бабаларыбыздын арыштаган аргымак сай күлүктөрүнүн туяктарында ар кырда төгүлгөн каны калбадыбы, бир туугандай бирикпесек душмандар ит тыткандай тытып кетерине шек жок. Ошол үчүн таксыр, кыргыз-казакка орток болуңуз, Эшим хандай калыс болуңуз көйгөйлөрүбүздү калыс чечип алалы! Ошого өзүңүз демөөрчү болуңуз!
Мына сөздүн куну, сөздүн тузу, өмүрүндө биринчи жолу Аблай жаш жигиттен каяша жеди, биринчи жолу ал бул тайманбас жаш элчинин өмүрүн аяды. Ал Түлөбердинин сөзүнө ык берип турган кези эле.
Түлөбердинин азыркы вазыйпасы кылыч менен кыйратуу эмес сөздүн жобосу, салты менен калыс ойду туу тутуп чебер, жылуу сөз менен элдик салттын негизинде, шарыят жолдорун колдонуп колдон-буттан алып тушап жыгуу милдети турат. Түлөберди сүйлөгөндө казак султандары Аблай баш болуп кыргыз элчиликке келгендери төш болуп, ичтеринен дымып кунт коюп сөзгө тушалып терең аккан дарыядай мелмилдеп угушту.
Ушуларды ойлогон Түлөберди кайрадан:
– «ϴлөөр жакындарыбыз өлдү, хан. Сиз жана биз мындан ары тирүүлөрүбүздүн күнү кандай болот, ошону ойлонсок кантет? Ушуну ойлонуу сиздей жаангер ханга лаазым. Элдин келечегин ойлойлу. Бүлүндүрүү жана талкалоо оңой, бирок бириктирүү, ынтымакка келтирүү, тынчтык жолу менен жашоого эки элди көндүрүү, азыркы күндө оңой эмес. Анткени эки жоокер эл казак-кыргыз алмустактан бери найзанын учу кылычтын мизи менен гана намыс талашып, чындыгын коргоп да, далилдеп да келишпедиби мындан ары бир баш кесилбей, бир тамчы кан чыгарбай кыргыз-казакты элдештирүү эки элдин, сиз менен биздин милдетибиз азирети хан. Элчинин тилин бычак кеспес, сунулган башка суурулган кылыч тийбес, азыр сиз аска-зоо болуп турасыз, акылга көнүп, адилет болуңуз хан. Калыстыгы жок хандыктын түбү акыры кор болорун алмустактан бери заардуу замандар көр- сөтүп келатпайбы. Ынтымактын ыдырашынан топо топу- рагыбыз тоз болуп айлабызды таппай, конуштарыбыз аска тоо-токой болду ошондой болсо кыргыз-казактын оңолушу кыйын болор хан, мындай болор болсо аргымактан жал, азаматтарыбыздан арнамыс кетээр, ырыскы эл-жерибизден безээр, ошондо сиз менен биздин элибиз тозсо биздин алтын башыбыздан бак таяр. «Көпкөн хандарга көр бар» деген хан, ошентип элден бөлүнөт, өйдөсүнгөнгө өр бар деген, өбөктөйт да жүгүнөт, хан. Муну байыртан тарыхыбыз далилдеп келе жатканын жакшы билесиз.
Аблай жаш жигитке тигиле карап ичинен ойлонду: «Жаш жигиттин акылында кеп да жок. Мунун артында сурап алар эли бар. Мен бул кеменгер жашты Көкчө-Тоого алып кетишим керек. Ушундай кыйын кырдаалдарда мунун жардамы мага көп тиер», – деп бекинди кан.
Түлөберди сөз улап:
– Хан тарых алдына, артта калаар урпактар алдында сиз-
ди акылман чечимге келээр деп ойлоймун.
Эмесе, чек ара маселеси мындай болсо туура, таксыр! Кыргыз жеринде, кыргыздын каны көп төгүлгөн, ошондуктан мурда айтканымдай эле Чокмордун белинен тартып Илеге чейин барып, Сары-Токумдан токтосун. Ушул туура болот, чек арабыз бир түз сызык боюнча келип, эки элге чек арабызды таанууга, аны бузбай кармоого толук мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Ары кирип кеткен, бери чыгып кеткен чатышкан ой-кырларыбыз болбой бир түз сызыкта жер чектери бекитилсе калыс, акыйкат болуп кыргыз-казак чек арасы бузулгус делип эки элге оңой таанылат.
– Ой, жаш бала! Бизге эмне жер калабы? Биз кайда барабыз? Бүткүл эле жерди аламын деп жатырсың го, – Кудайменде көзүн алайта Түлөбердиге кыйкырык салды.
– Султан ава, сиздердин жерлерди айтып берейинби? Иленин нар жагы батыш тараптагы оруска чектеш Каспийден баштап Кытайга жери созулган, уч-кыйырына жетпеген, күлүктүн буту тийбеген кең талаалар, тоолор, түздөр сиздерге азбы? Сиздердин жердей Айга, Күнгө дейре созулган жер бизде кыргызда аз болду, кыргыздарда бийик тоолор. Алла Таала буйруган, кан менен терибизден корголгон жерибизге көз артпаңыз. Биздин малдарыбызга да жайыттар керек, дан эккенге кара топурак, кең жайыктар керек, биздин жерлерибиздин дээрлик көбүн асман тиреген аска-тоолор түзүп жатпайбы, туугандар, азрети хан!
– Кандай болсо да биздин сөзүбүздү таштабагыла! – Абылпейиз сөз узатып калды.
Түлөберди Аблай канга карап:
– Таксыр, ар бир кандын келиши да болот, кетиши да болот. Түбөлүктүү эч нерсе жок. Ушул жерде отургандардын баары бу дүйнөгө бир келген конокпуз.
Кыштын же жаздын келишин эч ким токтото албаган сыяк, хан, сиз да Кудайдын бир күнү кандыгыңызды токтотор кез келет.
Ушул сиздин хандык кылган убагыңызда кайрымдуу болуп, бооруңуз элге жумшак келип, калайык журт сизди эстеп, эңсеп жүргүдөй бир чоң иштерди жасасаңыз, дагы да сиздин алдыңызда улуу, улуу эрдиктер жана даңазалуу келечек күтүп жаткандыгын билсеңиз деймин. Менин көзүмдө сөөлүм, тилимде мөөрүм бар, сизге айтып коёюн, сиздин алдыңызда келечек сөзсүз мен айткандай болот. Менин чоң атам Чаанын да көзүндө сөөлү, тилинде мөөрү болуптур. Чаа бабам бийлик кылып турган убакта кыргыз-казак май чайнап, элге береке кут конуп, сан кыргыз атка конгон эл болуптурбуз да хан! Менин айтканымды бейчеки кетирбеңиз!
Түлөбердинин сөзүнө казак султандар да, кыргыз элчилери да тосулган суудай, жайбаракат көлдөй мелтирешип тынчып калышты. Түлөберди эки жактын тең өктөөсүн эске алып акыл күчүнүн баарын бүгүнкү жеңиш үчүн жан үрөп, бирок салмактуу сүйлөп жатты.
«Айта турганым кыргыз жерлерине кирген, кыргыз каны төгүлгөн жерлерде биздин ата-бабаларыбыздын сөөктөрү жатат. Айтылуу Каркырада Көкөтөй атабыздын ашы өткөн жер, Манас атабыз ошондо кырданып кыргызды кырам деген калмак-манжуларды кууп чыгарган жерибиз.
Сарбагыш атанын жерлерин айтайын, Балкаш жактагы Кара-Ой, Отар, Кордай, Узун-Агач өрөөнү, Үч Алма-Ата, Коңур жайлоосу, Ак-Түздүн үстү, Иле суусу, Капчыгай үстү, Таргай, Нарынкол, Каркыра сарбагыштын жерлерине кирет.
Солто атанын жерлери: Мынабу Олуя-Ата, Чимкент, Шаур, биягы Боом капчыгайы, чыгыш жагы Шамал үйрүп турган Боомдун чыга бериши, Эки-Кемин, Көк-Ойрок, Кызыл-Жар, Көк-Жар, Кара-Коңуз чокусуна жери ушул жерлерге Кыдыр ата отурган, орногон ай-тамгалуу солтонун менчик жерлери, ай сыяктуу көрүнүп турган жерлерибиз. Кыдыр ата колдогон жерибиздин аймактары ушулар. Чыгыш тарапта Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа жерлери басыз менен чериктердин ээлигине кирет.
Ал эми түштүк тарабында Алай, Чаткал өрөөндөрү Ади- гине ата жери. Талас өрөөнү кушчу, саруу, багыш, жетиген, кытай урууларына таандык.
Майлуу-Сай жери кооз жедигерлерге карайт.
Анжыян, Паргана тараптагы жерлер кыргыздын ичкилик урууларына таандык. Ушуга ылайык Чыгыш Түркстан бүтүндөй кыргыз жерлери экендиги ырас.
Кыргыз жерлери мынабу беш салааны карасаңыздар, Түлөберди беш салаасын ачып ордодо отургандарга суна көрсөттү. Дал ушундай беш салаа жерлер кыргыздыкы. Кыскасын айтайын, туугандар. Көк-Ойрок, Эки-Кемин, Таластагы Көк-Сайдан баштап ϴтмөккө жери, Ангрен, Жалал-Абад, Наманган, ϴзгөн, Кара-Кужур, анын оң жагы Алай, Ноокат, Баткен, андан Самаркан, Ташкендин үстү Манкент тоолору, Чаткал кыргыздардыкы. Экинчи жак чыгыш Түркстандын Урумчу, Кашкар да кыргыз жерлерине кирээрин билесиздер деймин. Кошумча айтарым, менин чоң атам оң канат менен сол канаттын баш бийи Кошойдун керээзи боюнча, ал каза болгондо анын жүрөгү Ак-Суунун үстүндөгү Мураке суусунун күн батыш жагына Кошой чоң атамдын жүрөгү коюлган. Көсөм, акыл көрөгөч чоң атам атайы ырымдап, урпактарым Чүйдөн ообосун деп, керээз калтырган. Таксыр, Түлөберди Абылайга тике карап сөзүн улады.




(3 оценок, среднее: 4,67 из 5)
Загрузка…

