Страна : Кыргызстан
Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельнось с сфере торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета и продолжала работу в качестве директора магазина. Сама она с детства увлекалась литературой, была редактором школьной стенгазаты и будучи ученицей печаталась в газетах “Кыргызстан” и “Пионер”. Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (Чувства пред которыми я преклоняюсь) – 2004 г.; “Ай тамга”, “Гульчинар” – 2015; 3) “Уядан учкандар” (Вылетившие из гнезда) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (Узоры кочевников) – 2016г.; 5) “Жанкарач бий доору” (Эпоха Жангарач бия) – 2018 “Гүлдастан”. “Улуу тоолор” (Сага о цветах, Великие горы) – 2018.
С 2012 года член Национального союза писателей КР. Также является заслуженным работником культуры Кыргызстана. Мать двух дочерей и бабушка трех внуков.
Country : Kyrgyzstan
Из сборника стихов «Гүл дастан»
Көр тирилик
Көр тирилик колду байлап улам анан,
Ырларыма убакыт жок кандай жаман.
Жумуш бүтүп кагаз карап отурганда,
Жайдары жаным жыргап тынчып калам.
Ойлорум кең талаада учкан кезде,
Океан, деңиз билбей сызган кезде.
Жан дүйнөмө аалам деле батып кетет,
Рух сезимди ырларыма бурган кезде.
Көр тирилик убактым көп албасаңчы,
Ырыма кыянаттык кылбасаңчы.
Ансыз деле сени менен өмүр өттү,
Туткундабай менден оолак жашасаңчы.
Тоо дайрасы
Аккан дайра шарпын кара,
Түмөн жоокер шашкандай.
Бет келгенин белден чалып,
Буйдам бербей агызды ай.
Тоо-дайранын шаңын тыңша,
Добушундай шумкардын.
А тазалык таңдайында,
Мөлтүрүндөй булактын.
Ак шурусу көз тайгылтып,
Берметиндей жакуттун.
Күпүлдөгөн агымында
Арыстандай айбаттуу
Өзүн өзү кайра кайрап,
Алды жака умтулат
Алга ыкчам кадам таштап,
Азоо аттай жулкунат.
Кабак-каштын ортосунда,
Тайбастыгы таанылат.
Бет келгенин баарын алып,
Тынымы жок шашылат.
Толкуп ташып, дабан ашып,
Тоо төшүнөн агат шар.
Тоо дайранын,
Тоо төрөгөн шаңы бар
Теминиши жоо жаракчан,
Түмөн жоокер залпындай.
Кудум эле кыргыздардын,
Жаралгандай жаалынан.
Айылга баралычы
Көптөн бери көңүл эргип толбоду,
Эңсеп жүрөк айылымды койбоду.
Сагынуудан саал капа боломун,
Камдан эми саат, күн жетти болжолу.
Оо, бир тууган айылга барып келели,
Айлым деген сагынычты жеңели.
Туугандарга тезинен бол, кабар бер,
Эртең эрте шыдыр жөнөп кетели.
Эжелерим, ары-бери жыйналтып,
Сиңдим келди жанга кубат байлатып.
Темир тулпар ээ-жаа бербей жөнөдү,
Аргымактар, экєє бирдей жандашып.
Анда ата-энеме куран окуп конолу,
Айыл-апанын жайын сурап бу жолу.
Ата-энемдин көзүн көргөн көп эле,
Аңгеме айтып капаларын жоёлу.
Балалыктын баалуу кезин эстейли,
Бажырашып, баарлашып көйгөйдү.
Аралыгын шаар менен айылдын,
Байланышкан алтын жибин үзбөйлү.
Ал анткени аалам сени кайталап,
Айкөл адам айлым сенден жаралат.
Аалам жердин түркүгү деп айылымды айт,
Айлым сенден “Улуу” жолдор башталат.
Коюн-колтук алышкандай сен менен,
Өткөн баба, келээр урпак жердеген.
Баарың мага бир боорумдай сезилет,
Бир гана сен ата-энемдей “кел” деген.
Азия ааламы!
Жер шарына керемет нур сырларбыз,
Айтылган да айтылбаган ырларбыз.
Кум ташы да каухар, алмаз тоолордун,
Жешилбеген жети катмар кырларбыз.
Отко, сууга чыйрак бышкан элденбиз,
Азиянын туусу туусун тутуп келбенбиз.
Ар улуту, өз өлкөсүн ыйыктап,
Алтын түркүк, асабалуу жергебиз.
Көрөңгөлүү, кереметтүү элденбиз,
Улуу тоо-таш, хан ордодон келгенбиз.
Ат жалында казан асып, эр өскөн,
Ай төгүлгөн, ак нур сепкеп белденбиз.
От жүрөгүн окторулат оо, Азия!
Тентек журөк шоктоносуң, Азия!
Добулбасың тыңшап турат дүйнө эли,
Сырдуу жана сырттан жүрөк оо, Азия!
Коомуз доошу
Комуз шаңшыйт, делебени азгырып,
Добушуңдан сыйкыр күүлөр агылып.
Кыргызмын деп төшүн каккан пенденин,
Ар жүрөктөө комуз турат жаңырып.
Сүйүү төгөт, комуз кылы шаңкылдап,
Асман, деңиз, булут бийлейт жалтылдап.
Булут миңген кыз жигиттин жан дүйнө,
Булт ээрип,
Буркан шаркан жамгыр төгөт шатырап.
Комуз кылы чагылгандай чартылдап,
Жоокер келет, колдо желек калкылдап.
Душмандарын жеңип, экчеп келишти,
Ооздук чайнап, желдей учат аргымак.
Бүгүн:
Комуз доошу Евро, Азия аралап,
Муштумдай эт, чын жүрөктөн жаралат.
Ааламдарга кыргыз күүсү жаңырып,
Түбөлүккө өлбөй-өчпөй жар салат.