Махабат Алишова

Страна: Кыргызстан


Увлекаюсь чтением, слушаю музыку


Country: Kyrgyzstan

Reading books, listening to music


Отрывок из рассказа ” Асек “

Кыштын аппак карлуу күндөрүнүн кечинде Асектин сунушу менен экөө жолугушту.  Бак-дарактар мамык карга оронуп, кар бирин-сериндеп жаап  турган. Көчөдө турган фонардын жарыгынан кардын учкундары жылтылдап Нуризага өзгөчө көрүндү.  Айланага бир карап алган Нуриза жолдогу караанды издеди.  Асек аны болжошкондон мурдараак келип күтүп турган экен. Дароо тааныган жок. Баягы кара тору жигит бул жылдар аралыгында өзгөргөн эле.  Нуриза басып келип Асекке үнсүз колун сунду.  Нуризанын колун баягы биринчи таанышкандагыдай кыса кармабады. Аяр эле колун берип, майда калтырак баскан колдоруна ээ боло албай, жакын жерде турган отургучка олтуралы деген сунушун киргизди. Нуриза Асектен айырмаланып жай жүрдү. Күнөөсү бар адамдай Асек шыпылдап, колуна кармап келген гезитти отургучтун карын тазалап, жаздап калды. Нуриза коомайланып отургучтун четине отурду. Экөө тең баштарын жерге салышты. Мурунку бала кыял экөөсү ал жерде жок эле. 

-Бир кезде сени бир көрүүгө зар болдум. Сенсиздик убакытты узартып, бул жашоо чеги жоктой сезилди. Таңдын атышы, күндүн батышы түндүктөн түштүккө жөө баргандай туюлчу. Өмүрүмдүн канча бөлүгү кунарсыз жүрөк толо сагыныч, сени менен коштошпой кеткен бушаймандык жанында калып, ар дайым бирге боло албаган эрксиздиктин өкүнүчү, батынып келип бакыттын кушун кондура албаган арман менен өткөрдүм. Буйруп койгон тагдырга шек келтирбейм. Сүйкүмдүү жарым, өмүрүмдүн маңызы болгон балдарым бар бактылуумун. Бирок сен менен бир бүтүн болгонубузда балким азыркы жашоонун даамы мындан да таттуу болмок беле, -эле деди Асек жымжырттыкты бузуп. 

 Сөзүн бир аз саамдан кийин улап:

-Мага деле оңой болду дейсиңби? Туш тарабым туңгуюк. Караңгы жолдо билиги жок чыракты көтөрүп жүргөндөй жарым жерден багытын таппай калган бирөө болдум. Ошондогу мени караган көз карашың күнү бїгїнкїдөй эсимде. Эмнеден жаздым. Сүйөм деп бир канатым кайрып алдым. Ал мени сүйөт, кайрылып келет дедим. Кусалык бул күтүүнүн сокур үмүтү экен. Күттүм келген жоксун, демек сүйбөптүр деген ой санаамды санга бөлдү деп,

Бактай куурап, жалбырактай кубулуп,

Бук жыгылып, тузум катып кыйналдым.

Сенден эмес, мен өзүмдөн түңүлүп,

Чачылдым да кайра бирден жыйналдым, – деген эски ыр жазылган сары кагазды Асектин колуна карматты. 

-Жашоо сен коюп кеткен чекиттен бүткөн жок. Мен да жан дүйнөмдүн сыныктарын жамап, башка бурулуштан бактымды таптым. Азыр жакшы жар, балдарыма сүйүктүү эне, бир үйдүн кутун сактаган кожейкемин. Эч жолукпай калгандан көрө кеч жолугуп канча жыл көөдөндү өйүгөн суроонун жообун билип, мойнумдан оор жүктү алып, жеңил дем алып калганым кичине болсо да менин утушум болду окшойт,-деди жооп кылып Нуриза. 

Асек башын жерге салып унчукпады. Ошентип экөөнүн өмүрүнүн дагы бир кышы келди. Нуриза эстүү жан эмеспи. Үйдө жубайларыбыз, балдарыбыз күтүп жатышат, баралы,- деди. Айткан сөз акыл болуп, уккан кулак макул болуп эки жолго түшүштү. Өкүнүчтү айтып бүткөнгө мүмкүн эмес эле. Себеби Нуризанын ансыз да жердиги башка жигитке турмушка чыгып,  башка жашоо шартта чоңоюп, такыр башка чөйрөдө жашап кетүүсүндө көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон эле.  Эми минтип тынч жашоосуна бүлүк түштү да калды. 

Экөөсү ошол күндөн өзгөрүштү. Ойунун баарын Асек ээлеп алды. Аны  менен сүйлөшүү чоң бакыт  болуп, анын дем берип шыктандыруусуна муктаж болуп калгансыды. Асектин да ой толгоосунун баары Нуриза. Аны менен сүйлөшпөй калса кабатырланып, маанайы чөгүп, санаасы санга бөлүнүп, өзүн коёрго жер таппай калат. Ватсаптан сүйлөшүп туруу деле  чоң күч кубат берчү жашоонун максатына айланды. Деген менен бул мамиле мындан ары да ушундай нукта уланганы туура эмес болчу. Нуриза бул туурасында көпкө ойлонуп жүрдү. Кызык, балалык сүйүү да ушунтип жүрөктө сакталып калабы? Башкалар мектептеги сүйүүсүн  эстеп да коюшпайт го. Биз неге унута албадык, бул сезим бизди неге коштоп алды,-деп Нуриза көп суроолорго жооп издеп таппады. 

 Адаттагыдай телефондогу сүйлөшүүнүн биринде: 

– Асек мындан ары сүйлөшпөй, байланышпай эле коёлу. Мындай мамилебиздин аягы муруңкудан да өкүнүчтүү болушу  мүмкүн, – деди чечкиндүү үн менен.

–  Нуриза, уксан мени. Ортодо көп жылыбызды жоготтук. Балким, азыр деле кеч эмес бир болууга. Убакыт берип ойлонуп көрбөйлүбү,-деп ушунча убакыттан бери биринчи жолу чечкиндүүлүк менен Нуризанын жашоосуна баш багып кирүүнү сурады. 

– Жок, Асек биз сезимдерибизге алдырып жибергендей отуз эки жыл мурунку окуучу бала, кыз эмеспиз. 

– Анда жашабай эле коёлу,- деген Асектин жообу Нуризан нес кылып ансайын туңгуюкка такады. 

– Ушул кантип болсун. Кайрадан жолубузду бир кылууга мүмкүн эместигин экөөбүз тең жакшы билебиз. Бири бирибизге болгон сезимдерибизди биринчиге койгонубуз өзүмчүлдүк болор. Азыр биз жүрөк менен эмес, акыл менен ойлонуп чечим чыгара турган учурубуз. Анткени, баарынан жогору турган бул жашоонун маңызы болгон үй-бүлөбүз бар. Жараткан алдында ант берип баш кошкон ак никелүү жубайларыбызга кыянаттык кылган болбойбузбу. Баары башкача болушун мен да каалар элем бирок, буйрук маңдайга жазылган тагдыр ушул экенине ынанганыбыз туурадыр. Балким, экөөбүздүн бир бүтүнгө айланып, өмүрлүк жар болбой калганыбыздын да жөнү бардыр. Бир  даанышмандын чыныгы сүйүшкөн адамдардын аруу тунук сезимдери түбөлүк сакталып калыш үчүн бир болбогону жакшыдыр. Турмуш-тиричиликке алаксып, жашоонун өйдө-төмөн кырдаалында ал сезимдердин ордун башка нерсе ээлеп калаары толук мүмкүн деп айтканын угуп калганым бар. “Эгер”  деген сөздү айткандын өзүндө чекилик бар. Ошентсе да тагдырдын бизге берген эң чоң белеги бир топ жылдан кийин экөөбүздү жолуктуруп, бала кездеги сүйүүбүздүн күчтүүлүгүн,  бири бирибизге канчалык деңгээлде кымбат адамдар экенибизди сездиргенидир.  Мен “жигит” деген түшүнүктү сен аркылуу тааныдым. Унутулгус жакшы сезимдер менен жашап өтөөрүбүзгө сүйүнөлү. Сен да менин бул оюма кошуларсың. Мамилебиз жакын санаалаш достордой улансын. Өз жашообузда бактылуу өмүр кечирели. Сен мен билген бакыттын бирисиң, -деди Нуриза көзүнө жаш ала,  көөдөнү толо куса, көкүрөк толо өкүнүч менен сөзүн жыйынтыктады.

  Асек акыры кыялбай жатып Нуризанын чечимине макул болгонсуду. Бирок, бир кездерде мындан ары да байланышып турабыз деген Асектин сөзүнө Нуриза ишенгендей,  “Мамилебиз достордой улансын”,-деген Нуризанын сөзүнө Асек да ишенгиси келди. Нуриза эч качан унутпа. Мен сени көп жыл мурун кандай жакшы көрсөм азыр да ошондой. Мени күнөөлөбө, күнөө махабатта, сени көргөндөн баштап түн уйкумдан качып, азап чектим. Сүйүү деген ушундай болот тура. Сени көрбөй калсам дүйнө караңгы. Жүрөгүндөн мага деген бармактай орун берсең, кана. Сени кайра сүйүп, акылымдан адаша жаздап жүрөм. Кудайдан жашырбаган нерсени сенден кантип жашырам. Менин эрким болгондо башкача болмок, кантейин жанында жаркылдап жүрө албагандан кийин, ушунусуна да  шүгүрчүлүк кылуу менен асылым сенин чыгарган чечимиңди колдобогонго аргам кайсы. Кош бол, аруу махабатым… деп улутунду. Ошол учурда телефондон ду-уд деген үн угулуп, байланыш үзүлдү. 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (6 оценок, среднее: 4,67 из 5)

Загрузка...