Жыпар Исабаева

Страна : Кыргызстан

Я, Жыпаркүл Исабаева, работаю журналистом. Помимо этого меня знают как писателя , поэта, драматурга, лауреата премии республиканского уровня имени А. Осмонова и как члена союза писателей КР.
Творчеством увлекаюсь с детства. Мои первые стихи, рассказы, которые были напечатаны в газете “Кыргызстан пионери” я написала в 9-10 лет. Творчество – моя жизнь, любовь и счастье.
Автор 15 книг, более трёхсот песен, множества стихов, двух фильмов, одного киносериала и одного радиосериала. В театре были сыграны две моих драм.
Безусловно, женщинам сложно в нашей сфере. Семья, дети, работа, достаток, недостаток и множество разных сложностей… А так же, как писатель и поет я считаю своим долгом внести вклад в литературу. И я думаю, что этот долг перед литературой родился вместе со мной.


Country : Kyrgyzstan

I work as a journalist. In addition, they know me as a writer, poet, playwright, laureate of the republican-level prize named after A. Osmonov and as a member of the Writers’ Union of the Kyrgyz Republic.
Fond of creativity since childhood. My first poems, stories that were published in the newspaper “Kyrgyzstan Pioneer” I wrote in 9-10 years.
Creativity is my life, love and happiness. Author of 15 books, more than three hundred songs, a variety of poems, two films, one movie series and one radio series. Two of my dramas were played in the theater. Of course, it is difficult for women in the field of culture growth while Family, children, work, wealth, lack of time and many different complexities …
And just as a writer and sings, I consider it is my duty to contribute to literature. And I think that this duty to literature was born with me.


Отрывок из повести “Күнкесел “

Акжолтой адатынча түнү бою шаар ичинде желип-жортуп жүрдү да, таң сүрүлө баштаганда эски журтун карай бет алды.

Кожоюну өлүп, кожойкеси кызы менен башка калаага көчүп кеткени, ал үйдө азыр башка адамдар жашайт. Алардын Акжолтойдон алда канча чоң, килейген ити бар. Антсе да, бул ит ошол үйдү ар күн сайын айланчыктап келип, кожоюндарын эстеп, короонун четинде бир топко чейин жатат да, келген жолуна түшөт… 

Эми да кызыл дарбазанын алдынан суурулуп чыгып, шаардын сыртындагы таштанды жайды карай бет алды. Анткени, мындай маалда бул жер ээн, өзүнө окшогон селсаяк ит-мышыктар азыраак. Алардан мурда барып, каалашынча жойлоп, тишке илинерлик бирдеме таап алса болот. 

Бирок  бүгүнкү күн таптакыр башкача башталды…

Таштанды жайга андан мурда адам, болгондо да селсаяктарга такыр окшобогон, кийген кийими да, келбети да кудум өзүнүн кожойкесиндей бир сымбаттуу аял келип алыптыр! 

Ит жакындап келди. 

Ары жакты беттенип, кудум бала эмизип, “алдей” айтып жаткандай  кыңылдап, ыргалып отурган аял шыбырттан “селт” этип, артына бурулуп карады да, жакын эле жерде өзүн тиктеп, шоңшоюп отурган итти көрүп, нес боло түштү.

Аялдын коркуп кеткенин билген ит аны жооткоткондой кыңшылап,  ошо токтогон жерине боортоктоп жата кетти. 

Ошондо гана аял эсине келе түшкөндөй, бооруна баскан “түйүнчөгүн” акырын жерге койду да, отурган калыбында, арылап  жыла баштады. Коркконунан көздөрү алайып, эриндерин саал титирек баскан аял, жада калса, баланын оозунан күч менен тартып алгандыктан, көйнөгүнүн сыртында жүргөн кош мамагынан тыпылдап  агып жаткан сүттү да байкаган жок…

Энесинин жылуу кучагынан бошоп, курсагы чала тоют болуп  калганы үчүн го, бала баркырап ыйлай баштаганда, аял ого бетер шашкалактап калды. Ит азыр эки аттап жетип келип, экөөнү бирдей баса калып, үзүп-жулкуп жеп жиберчүдөй элестеп, ордунан тура калып, чалынып-жыгылып качып жөнөдү! 

Ит ордунан туруп кетип, баладан ары, обочороок барып жатты. Ушинтсе аял кайра кайрылып, баласын кошо ала чуркайт деп ойлоду. 

Бирок аял антмек турсун, карааны улам кичирейип, үрүл-бүрүл караңгыга сиңип,  жок болуп баратты. Бала да ошону сезгендей, энесин артынан чакыргандай Кудайга үнү жетип, алы келбей калгычакты баркырап ыйлай берди, ыйлай берди…

Акжолтой аялдын келбей турганына көзү жеткенде гана балага жакындап келди. Жанына бир тирүү жан келгенин туйган окшоп, кудум айлана-тегерекке кулак түргөндөй, табышты тыңшагандай тынчый түштү бала. 

Эски-уску чүпүрөккө оролуп, буттары бошоп, тарбаңдап сыртта жүргөн кызыл эт ымыркай жанындагы тирүү жандан сүттүн жытын сезгендей эмчек издеп, эки жагына кайсалай баштады. Аны карап турган иттин али сүтү тарай элек эмчектери диртилдеп, энелик сезими ойгонуп кетти. А бирок ал антип алапайын таппай турганда, алда кайдан шокшоңдоп, шашып келаткан караан көрүндү! 

Бирок, көзүнө адегенде аял кейиптенип көрүнгөн ошол караан улам берилеген сайын сөлтөңдөп итке окшошуп келатты… Ал жакындаган сайын, эмнегедир Акжолтойдун көк желкеси түктүйө баштады. Бир убакта ордунан ыргып тура калып, тумшугун бырыштырып, тиштерин көрсөтө ыркырады. Буга чейин башка иттерге  такыр окшобогон жоош-момун Акжолтойдон мындайды күтпөгөн берки ит сестене түштү! Акжолтой майлуу-сүттүү олжого өлөрчө тоюп алып, кардына батпай калганын кайтарып жаткандай болуп сезилди ага.

Ороо-чулгоонун ичиндеги ымыркай уктап кеткен окшоду… 

Эки ит да эки жерде бири-бирин аңдып, көз ирмебей көпкө жатышты.  “Балким, Акжолтой жоошуп, ныксырап уктап кетсе, чоочун ит анын олжосун “шып” эттире иле качуучудай комдонуп, улам тура калып, кайра жатып, ансайын шилекейи чубура кыңшылап, жаланып-жуктана калып жатты. Акжолтой да ошо сайын ордунан обдула түшүп, сес бере ырылдап  коёт…

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (43 оценок, среднее: 4,21 из 5)

Загрузка...