Жыпар Исабаева

Страна : Кыргызстан

Я, Жыпаркүл Исабаева, работаю журналистом. Помимо этого меня знают как писателя , поэта, драматурга, лауреата премии республиканского уровня имени А. Осмонова и как члена союза писателей КР.
Творчеством увлекаюсь с детства. Мои первые стихи, рассказы, которые были напечатаны в газете “Кыргызстан пионери” я написала в 9-10 лет. Творчество – моя жизнь, любовь и счастье. 
Автор 15 книг, более трёхсот песен, множества стихов, двух фильмов, одного киносериала и одного радиосериала. В театре были сыграны две моих драм. 
Безусловно, женщинам сложно в нашей сфере. Семья, дети, работа, достаток, недостаток и множество разных сложностей… А так же, как писатель и поет я считаю своим долгом внести вклад в литературу. И я думаю, что этот долг перед литературой родился вместе со мной.


Country : Kyrgyzstan

I work as a journalist. In addition, they know me as a writer, poet, playwright, laureate of the republican-level prize named after A. Osmonov and as a member of the Writers’ Union of the Kyrgyz Republic. 
Fond of creativity since childhood. My first poems, stories that were published in the newspaper “Kyrgyzstan Pioneer” I wrote in 9-10 years. 
Creativity is my life, love and happiness. Author of 15 books, more than three hundred songs, a variety of poems, two films, one movie series and one radio series. Two of my dramas were played in the theater. Of course, it is difficult for women in the field of culture growth while Family, children, work, wealth, lack of time and many different complexities … 
And just as a writer and sings, I consider it is my duty to contribute to literature. And I think that this duty to literature was born with me.


Поэзия “Аял (Женщина) “

Ким айтат, 

аялдарды – алсыз деп?

Аял – жеңил, 

акылы аз, арсыз деп?

Аял – шайтан, 

аял деген – азгырык,

Бузуку иштер 

болбойт болчу  ансыз деп?!.

“Алтын баштуу аялдардан –

Бака баштуу 

эркектерди  артык…” – деп…

Ооба, айтышат…

Жатат мында  улуу ой,

Четке кагуу 

мүмкүн эмес – калпыс деп!

Анткени  ушул 

Макалды да чыгарган – 

Аял го деп  

болжойм да айтам – алкыш кеп! 

Кезде  анткени –  

эл башына иш түшкөн,

Эмес эрлер –

бүжүрөйүп, бүктүшкөн!

Аял дайым: 

“Баатырым!” – деп дем берип,

Турганы үчүн

сакасы айкүр, чик түшкөн!

Менчи? Ушундай 

аял боло алдымбы?

Абай салып

карайм артым, алдымды.

Шерим, сени – 

“Баатыр” кылуу ойдо эле,

Сезе алдыңбы, 

сен да менин баркымды?

Жубай болдум,

уулуна анан атанын…

Жондо – бала,

жолдо – эрчиди азабым.

Жолдош болду –

көртүйшүгүм, а бирок

Көөнөргөн жок

көкүрөктө  казалым!..

Башыңа иш

түшкөн кезде мүңкүрөп,

Алтын таажы 

келди сага жасагым!..

Баар таптымбы,

барк таптымбы ушундан?

“Канат болсом…” – 

дедим сени учурган!

Кербезденбей,

кетмен, күрөк колго алып,

Оңдойм  дедим,

ой-чуңкурду бузулган…

Улутунуп

Унчукпайсың… Турмуштан

утулдумбу,

балким жокмун утулган!

Алдастадым,

алыс-алыс талпындым,

Мойнума анан 

чаар баштыкты артындым!

Орусия, Европа, Корея,

чет жерлерде

Канча өмүрүм калтырдым!

Ден соолугум,

жаштыгымды, назымды,

Садага чаап

капчыгы  үчүн калкымдын.

Канча эне

калды бала “өңөрбөй”, 

Канча бешик 

турат бөбөк  бөлөнбөй?!

Кайран кыздар

азып-тозуп  жүргөндө,

Манастай уул,

калды бекен төрөлбөй?!

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (9 оценок, среднее: 3,78 из 5)

Загрузка...