Бердибек Джумабаев

Страна : Кыргызстан

Я сам физик, исследователь-голографист, после развала СССР наука не стала финансироваться. Многих интеллигентов занимали мысли, какие национальные ценности кыргызам позволили пройти через тысячалетия, которые могли бы помочь и впредь? В томчисле и я стал изучать историю, философию, науку, культуру, веру в целом мировоззрению кыргызов, которые позволили бы характеризовать кыргызов как одного из древнейщих наций. Если кратко, то любовь кыргызстанцам сосвоим окружающим миром мне позволили написать “Кыргызоведение” , которую можноотнести и к литературной, и к научной деятельности, поскольку труд написан с цивилизационно- философской позиции.


Country : Kyrgyzstan

I’m physical-holography, after the collapse of the USSR science was not found. Many intellectuals wondered what national values allowed The Kyrgyz to pass through the 1000 years, which could help in the future. In particular, I began to study history, philosophy, science, culture, faith in the whole worldview of the Kyrgyz which would allow characterize the Kyrgyz of the first ancient Nations.
In short, the love to my Kyrgyzstan with its surrounding. World, I was allowed to write “Kyrgyz studies”, which can be attributed to library and scientific activities, as the work is written from a civilized and philosophical position.


Отрывок из прозы “Кыргыз таануу”

I  Бап.  Жаратмандык  маданияты

§ 3.1.1    Чыгармачылык

Музыкалык  чыгармачылык

Кыргыз  музыкасынын диатондук музыкага кирээри да, кыргыздардын жеткилеӊдик таанымынын элдин өзүнүн табиятына ылайык аӊдалган таанымы экендигин билгизет. Арийне, кыргыз элинин табияты курчап турган чөйрөнүн табияты менен ырааттуу өнүгүп келгендиги белгилүү. Жогоруда айтылгандай, жеткилеӊдик таанымы система жаралышынын ченеми (критерийи) экендиги жана анын маалыматтар теориясынын принциптерине ылайык келип чыгаары, жаратылыштагы өз ара бүтүндүктү чагылдырат б.а.  жеткилеӊдик таанымы табияттын мыйзамдарына ылайык аӊдалган тааным. Диатондук музыкалуу элдерде адамзаттын өзүнүн технократтык өнүгүү фазасына жете электеги, элдин табият менен шайкеш жашоосунун “мөөрү” сакталып калган. Анткени табияттагы ак нур өзүнүн негизги жети түзүүчүсүн жоготпой сактап келе жаткан сыяктуу эӊ байыркы элдер да өздөрүнүн үнгө байланышкан жан дүйнөсүнүн негизги жети түзүүчүсүн сактап келишкен. Байыртан бери кыргыз диатондук музыкасынын катуу өзгөрүүгө учурабай сакталып келиши, улуттун наркына байланыштуу, бабалардын наркында инсандын токол аялдарына караганда байбиче аялдарына берилген артыкчылыгына негизделген. Байбиче аялдары көбүнчө өз улутунан, ал эми токол аялдарынын көпчүлүгү башка улуттан же башка өлкөдөн алынган. Ушул себептен башкаруу маселесине байбиче аялдары мыйзамдуу түрдө кийлигишкендиктен, улуттун музыкасы да мурастуулукка байланыштуу байыртан бери өзгөрбөй сакталып калган, ал эми токол аялдарынан төрөлгөн балдары кандын жаӊыланышына байланыштуу кыргыз диатондук музыкасынын өзгөрүшүнө алып келген. 

Ошентип, бабалардын токол аялдарынан төрөлгөн балдарынан келип чыккан түрк уруулары өздөрүнүн музыкасы менен айырмаланып турушат.   Мындан диатондук музыкалуу элдер, теги алыс элдер менен аргындашуусу дээрлик аз шартта өнүгүп келишкен деген корутундуга келүүгө болот. Анткени, түрк элдери менен Европа элдеринин аргындашуусунан жаралган калктын музыкасы диатондук касиетинен оолактай баштаганы жалпыга маалым. Арийне, диатондук касиеттен оолактоо организмдин жан дүйнөсүнүн зыяндуу касиетке өтүүсү дегендикке жатпайт. Болгону организмдеги заттарды сиӊиртчү, адамдын психологиялык абалына көп кырдуу таасир этүүчү   толкундардын башка системасы тандалып алынды дегендикти гана билгизет.

Улуттар бир-биринен  мүнөздөрү, жүрүм-туруму менен эле айырмаланбастан, организмдерине өтө керек музыкалык толкундардын системасы менен да айырмаланышат. Арийне, ал толкундардын арасында алардын улуттук сезимин козгоочу, аӊдоочулук касиетин жандантуучу, организмдин зат түрүндөгү түзүүчүсүнө керек майда термелүүлөрдү калыптандырып туруучу бөлүгүнүн мааниси зор. Ал майда термелүүлөр клеткалардагы заттардын алмашуусуна жана иштелип бүткөн заттардын кычкылданып, организмден чыгып кетүүсүнө шарт түзөт. Тарыхтын өтө узак мөөнөтүндө  табият менен шайкеш жашап келген көчмөндөр табияттын токойлуу, тоолуу, чөлдүү аймактарында сансыз жана ажайып үндүк толкундар менен чексиз сугарылып отуруп, организмдерин өнүктүргүч жана ар тараптуу аракеттерге ийкемдүү кылып алышкан. Ушунун өзү эле табиятка ылайык жашоо дегенди билгизет. Демек, ар бир улутка, өздөрүнө өтө ылайык үн толкундарын жаратып туруучу аспаптарды жасоо муктаждыгы жаралат. Кыргыздардын музыкага болгон муктаждыгы, музыканын кенен интервалына жана жаратылыштын өзүнүн үн тандап алуучулугуна ылайык  диатондук түрдөгү музыкага туура келген. Диатондук түрдөгү музыкада үндөрдүн кенен интервалында түркүндүгү жана уккулуктуулугу кайталангыс жагымдуу музыкаларды түзгөн, үндүк катардын негизги тепкичтеринин ортосун толуктап турган жети кош интервал бар. Мына ушул жети кош интервал кыргыз музыкасынын “атому” сыяктуу кыргыз музыкалык аспаптарынан чыккан миӊдеген күүлөр жана ырлардын түбүндө жатат. 

Бабалардын комузу, кыл кыягы, чоору, сыбызгысы, ооз комузу, добулбасы, сурнайы, дүӊгүрү, атайын шарттарды же чектөөлөрдү талап кылбайт жана бир-бирин толуктап отуруп, кыргыз музыкасынын кереметин жаратат. Диатондук музыка каалаган фортепьяно, орган, гитара, скрипка, комуз, ооз комуз сыяктуу классикалык музыкалык инструменттердин гаммасындагы табигый толук үндөн жаралат. 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (9 оценок, среднее: 4,22 из 5)

Загрузка...