Кайырбубу Чолпонкулова

Страна : Кыргызстан

Чолпонкулова Кайырбүбү Керимбаевна родилась в селе Чолпонбай Таласской области. Тяготы сельской жизни в многодетной семье не помешали ей выступать на концертах, писать стихи, и в то же время быть лидером во всем. Раннее замужество и жизнь в большой семье отодвинули реализацию талантов на задний план. В возрасте 35 лет оставшись вдовой в тяжелое переходное время развала Союза подняла на ноги и дала образование троим детям. Через 10 лет окончила экономический факультет КТУ, в возрасте 60 лет окончила Национальную Консерваторию. В этом же возрасте вышли в свет два сборника стихов. В Кайырбүбү удивительным образом сочетаются лидерские, ораторские, предпринимательские качества с огромным трудолюбием и умением чувствовать людей и сострадать

 

Country Kyrgyzstan


 

Ата –Энем ырысым

Ата-Энеме сүйүүм артып келемин,

Өзүңөргө тийсе деймин керегим.

Узартуунун жолу болсо өмүрдү,

Силерсиңер ойлонбостон берерим.

Ата энем бар дайым жарык турмушум,

Ата-Энем алтын казык жылдызым.

Көзү барда баркын билип сыйлайлы,

Ата- Энем кемибеген ырысым.

Өзүңөрдөн өсүп өнүп уланам,

Ата-Энем узак жаша суранам.

Ыраазымын барыңарга багыма,

Көк тиреген бийиктеги мунарам.

Үмүтүмө үмүт кошуп турарым,

Маңдайымда аман болгун ылайым.

Опол тоодой эмгегиңе зор таазим,

Колдоп турсун өзүңөрдү кудайым.

Болсом

Мээрим чачкан өмүргө күнүң болсом,

Жашыл талаа жайнаган гүлүң болсом.

Чаңкаганда суусунуң кандырганга,

Шыңгыр аккан булактай, үнүң болсом.

Кол жетпеген бийикте айың болсом,

Аптабына кактаган жайың болсом.

Айдың көлдө сен сүйгөн ак кууң болуп,

Айлуу түндө ыргалган кайың болсом.

Шоокумданып агарган таңың  болсом,

Ажырагыс бир бүтүн жаның болсом.

Жарык маанай кыйышпас түбөлүккө,

Жан дүйнөңдү гүлдөткөн жарың болсом.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (211 оценок, среднее: 4,30 из 5)

Загрузка...