Темирбек Джолдобаев

Страна: Кыргызстан

Писатель, автор нескольких поэтических и прозаических произведений, член Евразийской творческой гильдии, а также Союза писателей Кыргызской Республики

Country: Kyrgyzstan

The writer, the author of several poetic and prose works, a member of the Eurasian Creative Guild and the Writers’ Union of the Kyrgyz Republic

 

 

 

 

 


Повесть “Кут-Ай”

Кең Таластын Кара-Буура дарыясынын жээгинде  жумурткадай болуп катар тигилген ак өргөөлөр көздүн жоосун алат. Бирок, сырттан караган кишиге мындай көрүнгөн менен  эч кандай той  же, башка бир азем- салтанатты, шаан-шөкөттү байкоого болбойт. Ар бир өргөөнүн алдындагы мамыда байланган, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайылдары бекем тартылган, алангир  жаа, сыр жебелери саадакта, болоттон куюлуп жасалган учтары жалтыраган каскак*  найзалар там бузар ээрлеринин кашында кыстарыла сороёт. Ээр токум көмөлдүрүк-куюшканы аттын өзү менен кошо туулгандай өңдөнүп атайын суутулган аргымактар, мамыларда байлануу. Булар кыргыздын жалаң жоого аттануучу кытай уруусу деп аталуучу жигиттери менен алардын тандалма аргымактары. Өздөрү болсо өргөөнүн ичинде айланта кыркалай тизиле төрдөн баштап ирегеге чейин уй мүйүзү сымал ийри тартып, жаштарына карай улам улуусу төр тарта, салттуу  олтурушат. Эң төрүндө башында төбөсү бийик ачакей ак калпак, сайма түшүрүлгөн кең багелек кербек*  шым кийген, баш кийимине жарашкан боз чепкенин желбегей жамынып, карыса да баскан турганы тың, кытай уруусунун аксакалы Илимдар олтурат. Ал кытай уруусунун аксакалдары,  жакшылары менен кошо атка минээр эл билги жигиттеринин баарын  өзүнүн өргөөсүнө чогулткан  болчу.

«Ушул калмактардыкы өттү» – дешип, күлдүгүн*  кыргыздардын кекенип турган учуру. Бул күндөрү Талас жергесинде ар бир уруу ушундай жыйын өткөрүп жатышты.

Андан-мындан калмактардын жин тийгендей кутурган жигиттери жайыттагы жылкыларга тийип, анысы аз келгенсип, четтеги айылдарды кызыл уук*  кылып чабышып, кыргыздарды аябай  жүдөтүп турган убак.

Кыргыздардын ар биринин өңүндө ойрот-калмактардын  басынтканына карата буулугуу менен кекенүү биротоло күчала* сыяктуу күч алып, чегине жеткен эле…

Максаттары  – Ата-Журтту, кылымдап мекендеп келген  ыйык жерди тарттырып  жибербей  сактап калуу, анан дагы аны керттирип, алдырып салбай урпактарынан урпактарына бүтүн бойдон өткөрүп берүү. Ошол ыйык жери үчүн курман болуп кеткен баатырларынын кечпес кунун алуу, кегин кайтаруу.

“Калмактардын көчүгү бошоп, тээ илгеркидей күчү жок, ишенээр баатыры жок, акыл айтаар аксакалы жок, күчтөн тайып бара жаткан өңдүү», – дешип, аксакалдар ушул  күндөрү кеп кылып жүрүштү. Ошентсе да, ойрот-калмактар көнгөн адаттарына сала, будуң-чаң салып, жылкы тийип, адыраңдагандарын калтыра элек… Кыргыздардын атадан балага ооп айтып келе жаткан сырларын да ишке ашыра турган маалы келген өңдүү. Ушул ишти бир жаңсыл кылуу иретинде, ар кайсы уруулар өздөрүнчө кеңешип, жыйындарды өткөрүп жаткан мезгил.       

Калмактар менен катуу чабышуу боло тургандай… Бул, кыргыздардын арбир түтүнүнө маалим. Жыйында: ким кол баштайт, ким кайсыл жерде буктурмада жатат, эрөөл болуп калса, кимиси жекеге чыгып сайышат, жалпы чабуулду кайсыл  жерден баштап ат коюшат, кимдин атынан ураан чакырышат, айтор, жортуул замандагы согуш ыкмаларынын баарын колдонушуп, ар бири тапшырма, буйрук алышып жигиттердин баарысы калмактарга каршы жортуулга, чабуулга даяр. Жайчылар койдун карынынан табылган таштарды чогултуп, кырк чыбык кыйып келип сууга салып дубалап, кайсыл учурда калмактарга жаан жаадырып, бороон-чапкын жасаарынан бери даярдык көрүп, буркан-шаркан түшө дубаларын улам жаңыртып олтурушат. “Кулаалы албаса да коркутат”, “Жаштын кайраты болсо, карынын айбаты бар” дешип, курагы өйдө карыялар да катардан калбай  салгылашуу учурунда кол санын көбөйтүп, “Өлбөй турган бир шайтан”,  “Өлсөк үйдө өлбөй жоодон жан берели, жем талашып үйдөн өлбөй,  эл талашып октон өлөлү”, – дешип, алар да катарда.

Кара-Буура суусунун куймасын көздөй кеткен жесекчилер жетиден-ондон бир болушуп калмактардан кабар алышууда.  Андан бери катар-катар тизилген кайгоолчулар* алангир жаа сыр жебеси, найзаларын соройтуп, кылычтары күнгө чагылышып, жебе өтпөс торгой көз зоот жоо кийим кийинишип, көздөрү тунара закымдаган  талааны теше тиктешип, кыбыраган жандыктан бери көз алдыларында. Жесекчи* менен кайгоолчулардын негизги аткарган тапшырмасы ошол. Уруксатсыз алардан бери чымын да өтпөшү керек. Кудайы жок, көккө сыйынган калмактар да жөн жата койбос. Алар да эчактан бери сак-сак болушуп, андан мындан чаң ызгытып чаап келишип кайра тартышат.

Атадан калган салт боюнча, өткөн баатырларга арнап семиз бээлер, семиз койлор союлган.  Эми  узун кепке кирише, Илимдар аксакалдын санжырасын угушууда…

Илимдар жашы жетимиштен өтүп   калган, сөзгө чечен, балбандыгы да бар, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аты угулган баатыр. “Манастап” ураан чакырып, ажалга, өлүмгө тике карап, калмактарга карай нечен найза сунуп, өмүрүнүн көбү жортуул менен өттү.  Өргөөнүн ичиндеги уй мүйүз тартып олтургандардын арасында өзүнүн да балдары бар. Алар эчак балалуу болушуп, өздөрү жүз башы, миң башылык мансап-мартабасына арзышкан.

Илимдар аксакалдын оң капталында курагы тогуз жашка барып калган, өзүнүн эң кичүү баласы Ырысбай атасынын тизесин кучактай чыканактап олтурду. Ал баласын Илимдар  сөз уксун, кепке аралашсын деп атайын жанына алып алган. “Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат” дегендей, баласы башынан тың.  Негизи эле бул баласын жанынан чыгарбайт. Кайсыл жакта жүрсө да дайыма жанында. Былтыр кыпчактын талаасынан калмактардын жылкыларын тийип келгенде да кошо ала барган. Өзүнө атайын чактап жасалган жоо кийимин кийип, чакан кылычы кыны менен белинде, жаасы, саадагы  канжыгада. Баласы  төрөлгөдө  өзү азан чакырып, ырыстуу болсун деп Ырысбай атаган. Беш жашынан баштап кылыч чаап, жаа тартканга, ал эле эмес, бүбү-бакшылардан дуба, табыпчы-тамырчылардан чөптүн дарылыгын, аны кантип колдонуу керек экенинен бери үйрөтүп жүргөн. Манастын чоросу Алмамбет алты жашында жайчылыкты үйрөнгөнүнөн сөз козгоп,  дагы нечен мисалдарды келтирип,  “Жер ырыстын киндиги болсо, илим ырыстын тизгини болот”,  деп, уулунун делебесин козгоп өнөр үйрөнүүгө шыгын ойготуп, окууга мажбурлап койгон. Дээринде бар Ырысбай камчы салдырбай үйрөнүп, көңүлүнө түйүп, кайсыл өнөрүн кандай убакта колдоноорунан бери билип алган.

Жанатан бери биринин сөзүн бири угуп, эртеңки ишти бышырышкан соң, эми ата-бабанын, баатырлардын эрдигин даңазалоочу  аксакалдардын кеби, акылман сөзү башталды. “Бөрү – койго тойбойт, көңүл – ойго тойбойт, көз – көргөнгө тойбойт, жер – жутканга тойбойт, куш – учканга тойбойт, кулак – сөзгө тойбойт” дегендей, кулактары санжыра – кепте.  Илимдар аксакалдын кеби − кубасы Долон бий жөнүндө:

― Долон  менен Муратай экөө кан достордон, – деп сакалын сылай, жаштар билсин, эл билсин дегендей сөзүн салмактуу, шашпай баштады. ―  Экөөнүн тең болуп-толуп, урушаарга жоо таппай, урунаарга тоо таппай турган эр жеткен  убагы. Хандын камчысын чабышат.  Анда, Чыңгыз хандын урпактары калың элди камырдай жууруп, теридей ийлеп, түрк элин, бизди кыңк дедирбей  бийлеп турган убагы.

Хандын ишеничтүү жигиттери болгон соң, экөө ээрчише хан сарайга, хандын алдына кирип барышты. Башынан таанымал болуп калган эки эрди жасоолдор, жашыруун белгилерин тастыктап, эч тоскоолсуз босогодон өткөрүп жиберишти. Хан ордосу эбегейсиз чоң, түндүгүндөгү тогуз куйруктуу аппак түстүү байрак* алда кайдан көрүнүп, чатыры суу өтпөс төө кийиз менен жабылган.  Төрүндө хан тактысы. Найза кармаган эңгезердей эки монгол жасоол алтын тактынын эки жагында хандан көздөрүн албай, ар нерсеге даяр.

 

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (12 оценок, среднее: 4,00 из 5)

Загрузка...